Жазуучу Самсак Стамалиев: Романда Айтматовдой улуу трагедия да, улуу махабат да бар…

– Самсак агай, сиз кыргыз интеллигенциясынын белгилүү личносттору жөнүндө көптөгөн  адабий макалаларды, тарыхый романдарды жазып келе жаткан калемгер катары белгилүүсүз. Ушундан улам бир суроо, эмне үчүн ушул темага, ушул жанрга кайрылып калдыңыз? Кандайдыр бир себептер барбы?

– Бар болсо керек. А бирок бул жанрга атайын, кандайдыр бир максаттарды алдыга коюп, кайрылган эмесмин. Адамдык мүнөзүм менен жазуучулук табиятым, анан көп жылдык даярдыгым ушул жолго алып келди окшойт. Экинчиден, мен бала чагымда эле тарыхый личностторго, алардын жашоо-турмушуна, тагдырына кызыкчумун. Алардын тагдырлары көбүнчө татаал болот. Анан ушундан уламбы, студент кезимде эски гезит-журналдарды көп окудум. Биз китеп издөө, китеп окуу кумары менен айыккыс болуп катуу оорудук. Эми ойлосом, биздин адабиятта үлгү болоорлук тарыхый-биографиялык чыгармалар жокко эсе экен. Жаңылбасам Каимовдун “Атай” анан Насирдин Байтемировдун “Тарых эстелиги” өңдөнгөн бирин-экин гана романдар бар окшойт. “Тарых эстелигинин”жөнү башка, ал эми биз тарапта Атай жөнүндө кызык сөздөр көп айтчу, аны көргөндөр да, көзмө-көз сүйлөшкөндөр да бар эле. Ошол үчүн мен “Атайды” эки-үч жолу окудум окшойт. Адабий түшүнүгүм арткандан соң билдим, бул чыгарма автордук чектелүүлөр менен, сактануу сезимин кармануу аркылуу жазылган экен. 60-жылдардын тегереги, мезгил талабы ошондой болчу, улуттук тарыхый личносттор жөнүндө эркин эргүү менен чындыкты толук жана көтөрүңкү пафосто жазуу мүмкүн эмес болчу. А орус адабиятындагы көрүнүш таптакыр башкача эле. Бул түшүнүктүү. Биз ошол классикалык чыгармалардын кыргыз тилине которулгандарын окуп жетилдик.

-Орусчасын окуган жоксуздарбы?

-Орусчасынбы?.. Окуй албадык.

– Эмне үчүн?

– Ал мезгил азыркыдай эмес эле. Айылда орус адамын көрбөсөк орусчаны кайдан билели. Орус тили, орус адабияты биздин айыл мектептерде кыргызча эле өтүлчү. Кедерди кескен кемчилик болсо да, ошондо биз мамлекеттик тил маселесин чечип койгон экенбиз. Анан Мухтар Ауэзовдун айтылуу “Адабий жолу” эпопеясына туш келдик. Мен бул романды, “Атайды” кийин адабий түшүнүгүм жакшы эле жетилип, көркөм чыгарманы баалоо, талдоо ишенимине ээ болуп калган кезде кантип жазьшганын, кандайча жаралганын атайын талдап окуп чык-тым. Мүмкүнчүлүк болсо, “Адабий жолун” кайрадан которсок жакшы болмок. Казакчасы поэтикалуу, жүрөгүмдү жарып жиберчүдөй керемет тексттер бар. Алексей Толстойдун “Петр биринчи” романы да сөздөрдү гана которуу деңгээлинде кыргызчалаган. Айтор тарыхый-биографиялык жанрга ушул жолдор менен келдим окшойт. А дегенде тарыхый личносттор жөнүндө адабий портреттик макалаларды жаздым. Анан “Касым Тыныстанов (Чагылгандын көз жашы)” романын жараттым го.

-Ага чейин проза жазчу бе-леңиз?

– Жок, “Касым Тыныстанов” романым проза жанрындагы алгачкы чыгармам. Менимче ал ички зарылдык менен өткөн ишке, 30-жылдардагы трагедияга болгон өкүнүү-өксүүмдөн, анан билим тажрыйбамдан улам жаралды окшойт.

-Тыныстанов жөнүндө роман жазышыңыз көпчүлүккө бир чети күтүүсүз, бир чети күтүлгөндөй иш болгон эле. Күтүүсүздүк жанрдын татаалдыгы, Тыныстанов жөнүндөгү маалыматтардын ал учурда жокко эселиги, архив түйшүгү. А бирок сизди ошондо чыгармачылык эрдик жасады деп жазышты. Анда трагедия, болгондо да адам тагдырынын трагедиясы менен тарыхтын трагедиясын айкалыштыра жаздыңыз. Ал эми Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” аталыштагы жаңы романыңызда трагедияга кандайча мамиле кылдыңыз? Айтайын дегеним Айтматовдун тагдыр-турмушунда, чыгармачылыгында андай көрүнүштөр татаал трагедияга айланган эмес да.

-Тыныстанов жөнүндө роман жазганыма эч өкүнбөймүн, ал мага жазуучулук сый-урмат алып келди. Кадимки Кеңешбек Асаналиев агай баш болгон ондон ашык белгилүү адабиятчылардын макалалары жарык көрдү. А бирок мен ал романымды окуй албаймын, Тыныста-овдун тагдырына чыдабай кетем, аны НКВД эмес, мен өзүм атып алгандай боло берем. Ооба, бийлик саясаты мезгилдин трагедиялуулугун, тарых менен адам трагедиясын зомбулук менен, адам дити чыдагыс мыкаачылык менен жасаган. Аны эч кандай бийлик, эч кандай мезгил актай албайт. Ошол үчүн ал романым “трагедиялуу” болуп калды, андан башка жол тарыхта да, менде дагы жок болчу. Ал эми Чыңгыз Айтматов жөнүндөгү “Акжарыктын айыкпаган сыныгы” романымда мурдагьадай эле трагедия менен махабат катарлаш берилет. Бул дүйнө менен бул жашоонун өзү ушул эки түшүнүктөн жаралып, ушул эки түшүнүк менен жашайт эмеспи. Мисалы, ошол эле Айтматовдун чыгармаларында трагедия жокпу? Айтматовдук трагедия адамдын адамдыгын, адамдан адамды издеп табуу үчүн оптимумду жаратат эмеспи. Адабиятчылардын сөзү менен айтканда оптимисттик трагедия. Айталы “Жамийла” “махабат жөнүндөгү дүйнөдөгү эң сонун баян” аталгань менен ошол эң сонун баяндын өзү трагедия болуп жатпайбы. Оптимисттик жана гуманисттик идеялардын подтексти аркылуу башка каармандардын жан дүйнөсүндө тымызын жымжырттык жана трагедиясы жаралган жокпу? Тымызын, жымжырттыктын жана жалгыздыктын трагедиясы чынын айтыш керек, ачык-айкын трагедиядан алда канча күчтүү да, алда канча коркунучтуу да болот. Ал үчүн повесттин аягын кайра бир кайталап окуш керек, Жамийла менен Даниярдын башкаларга да боор сезими менен ой жүгүртүп мамиле кылуу зарьш. Ошол эле учурда “Жамийладагы” трагедия ошол Жамийла тапкан сүйүүдөй, Жамийла тапкан бакыттай таза, ыйык жана теңдешсиз улуу экенин эстен чыгарбоо керек. “Саманчынын жолу?” Жер-Эне айтып жатпайбы, мен көтөрө алгыс кайгыны өзүң жалгыз көтөрдүң, адамдарга “Сен айткын, сен адамсың, сен баарыбыздан бийик, баарыбыздан улуу жаралган жансың, сен айткын, сен адамсың” – деп жатпайбы. Трагедия деген эмне экенин трагедияны көргөн, трагедияны жашоо бактысынын бир белгиси катары алып жүргөн адам гана жаза алат. Ал анткени трагедия аркылуу трагедиялуу адамдар башкалар жасай албаганды жасай алышат, башкалар жете албаганга жетишет, ошону менен бирге өзүн-өзү өлтүрүп, өзүн-өзү ошол чыгармасы менен кайра жаратып турбадыбы. Экинчиден, гениалдуу адамдар эч качан, эч убакта бактылуу болушкан эмес.

Демек, Айтматов жөнүндөгү романды Айтматовдой улуу трагедияда, Айтматовдой улуу махабат да бар. Ойлоно алган адам трагедияны да, көлүмдү да, сүйүүнү да, бакытты да билет. Менян романымда ошондой эпикалык, ошондой трагедиядан бакытда,өмүрда тапкан каарман. Ал улуу оптимизм менен эч жазганбай, теңтайлаша сүйлөшө алган айкөлдүктүн, даанышмандыктын трагедиясы, даанышмандыктын трагедиясы болгондо да сүйүү менен жакшылыктын, адам тагдырынын түбөлүктүүлүгүнөн жаралган улуулуктун өлбөс- өчпөс трагедиясы. Мен буларды Чыңгыз Айтматовдун өзүнүн тагдыр-турмушунан, омур-жашоосунан жараттым. Экинчиден, ал дүйнөлүк атак-даңкты көтөрүп жашады, ошол эле учурда ал ошол бүт дүйнөлүк атак-даңк бийлигинин жалгызчылыгына дуушар болду, анын азабын кайталангыс залкар талант катары тартты. Ошол үчүн Чыңгыз Айтматовдун өмүрү өзүнүн чыгармаларында жашап жатат. Анг-кени анын чыгармаларында Айтматовдун айкөл жүрөгү согуп турат.

– Чыңгыз Айтматов жөнүндө роман жазууга кандайча барып калдыңыз? Чыгармачылык тажрыйбаңызга , өзүңүздүн ички адабий тарыхый байлыгынызга ишеним баладыңызбы? Анткени сиз адабият тарыхын, жазуучулар таржымалын жакшы билет эмессизби?

-Жок, менде жаралгандан бүткөн, өзүм жок кыла албай жүргөн бир кемчилигим бар. Колумдан келээр иш болсо да өзүмө-өзүм ишеним байлап, оңой менен тобокелчиликке бара албайм. Эсептеп, төрт тарабынан тактай берем.

-Билип туруп деле ошенте бересизби? Эмне үчүн?

-Ооба. Мүмкүн табиятым тартынчаак, мүнөзүм жумшак болсо керек. Чынгыз Айтматов жөнүндө роман жазууга академик Абдылжан Акматалиев түздөн-түз себепкер болду. Кийинки мезгилде ал мени, тамаша менен айтканда, жаш баладай мактап, сөздүн жакшы маанисинде, ошол мактоо аркылуу алдап да кобуроок иштетчү болуп калды. Айтматовдун “Тоолор кулаганда (Кыз-кайып)” романын да ошол Акматалиев “алдап”, “Гүлсараттай” чыгарма деп которткон. Көрсө андан Чыңгыз Айтматовдун өзү мени которсо жакшы болот эле деп өтүнгөн экен. Ошондон улам ал кишинин өтүнүчүн ал кишинин батасындай кабыл алган элем. Анан Чыкемдин көзү өтүп кетти. Жыл айландыбы же жокпу, анан эле Абдылдажан Акматалиев Айтматов жөнүндө роман жазуу сунушун айтып, “тарыхый-биографиялык” жанрда тажрыйбаң бар, адабият тарыхын билесиң деп өтүндү. А дегенде мен макул болгонум жок. Анткени бул менин колумдан келбей турган иш эле.

-Анан бул ишке өз алдыңызча кириштиңизби?

-Жок, кайдан киришейин, мен учун Айтматов жөнүндө роман жазуудан көрө жерди которуп алып айылчылап барган жеңил го. Ошентип Абдылдажандан кутулганыма кубанып калгам. Анан 2012-жылдын августтун айынын аяк ченинде чакырып, откон ишти кайрадан тигинен койду. Эми Айтматовду колуна калем кармагандар жаза башташат. Мындай ишке катардагы жазуучулар эле эмес, ачып көздү жумганча китеп жазып жиберчу журналисттер да чабуулга отушот, бизнес жасашат. Айтматов “Манастай” ыйык тема, анын касиетин кетиришет дегендей сөзү менин көкүрөгүмдү куйкалап жиберди. “Манасты” кимдер гана жазган жок, “мен Манасты жазгам” деп көкүрөк кага сүйлөгөндөр канча. Ушундан кийин ойлоно баштадым, мени санаа басты.

Чынын айтканда өзүмдү-өзүм Чыңгыз Айтматов жөнүндө, анын чыгармалары тууралуу жакшы эле билгендердин катарында саначу элем, материалдар да бар болчу. “Кассандра эн тамгасы” романынан башкаларын кайра-кайра окуп, Чыкем каеринде, кайсы каарманынын тагдырында кандайча жүрөт болду экен деп издеп да калчумун. Жазуучулар жонундо менин ушундай бир озумчо эле Айтматовдун Абуталибинче материал жыйнай бермей өнөрүм бар. Ошол дүйнөмдү аңтара баштадым да, анан өзүмдү-өзүм буга чейин көрбөгөн, тирүү туруп жантаслим болоор алдындагы дил кыйноо азабына салдым.

(Уландысы кийинки санда)

Мирлан Алымбаев

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *