Жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиев: “Таланттуулар күйүп жашап, өрттөнүп өлүп кетишкен”

 Жазуучу жана адабиятчы Самсак Станалиев кыргыз интеллигенциясынын улут сыймыгына айланган личносттору жөнүндө көптөгөн адабий макалалардын, тарыхый-биографиялык романдардын автору. Ошондой эле ал жазма адабиятыбыздын жаралыш мезгилиндеги, өсүп-өнүгүш жолундагы жазуучуларыбыздын   карама-каршылыктуу татаал тарыхын изилдеп жүргөн калемгер катары да белгилүү. Ушундан улам биз аны Кыргызстан жазуучулар союзунун кандай шарттарда, эмне үчүн жана кандайча уюштурулганы, кылыч мизинде турган ал мезгилдин чыгармачыл адамдардын тагдырына тийгизген таасири жөнүндө аңгеме куруп берүүгө сөзгө тарттык.

– Сиз Кыргызстан жазуучулар союзунун тарыхын, анын негизделиш кезиндеги саясий-адабий кырдаал жөнүндө жакшы билесиз. Ушундан улам сизге бир суроо, 1934-жылга чейин, Жазуучулар союзу уюшулганга дейре, кыргыз калемгерлеринин башын бириктирген кандайдыр бир уюм, бирикме болгонбу? Айтылып жүргөн “Кызыл учкун” адабий ийримин же КырААПты Жазуучулар союзунун уюшулушуна негиз болгон десек туура болобу?

– Тарыхый-адабий маалыматтык жактан алганда ошондой десек болот. А бирок муну юридикалык жактан алганда туура эмес болуп калат. Анткени “Кызыл учкун” ийриминин жаралышы жөнүндө негизинен эки маалымат айтылып, жазылып жүрөт. “Кызыл учкун” Кыргыз педагогикалык техникумунда уюштурулган деген бир маалымат бар. Экинчиси, “Кызыл учкун” “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында негизделген деп айтылат.

– Бир эле “Кызыл учкун”

– Ооба, бир эле “Кызыл учкун”. Бирок бул маалымат улуттук адабиятыбыз менен маданиятыбыздын тарыхы үчүн өтө маанилүү болсо да ушул күнгө чейин такталбай, кайсынысы кайсыл “Кызыл учкун” экени аныкталбай келет. Мүмкүн болушунча бул маалыматтарды тактоого аракет жасап көрөлү.

Эскерме жана жазма маалыматтарга караганда “Кызыл учкун” кружок деген аныктама менен Кыргыз педтехникумунун окутуучулары менен окуучуларынын өз алдынча демилгелери боюнча 1927-жылы уюштурулган. Бардыгыбыз дал ушул маалыматты дал ушинтип жазып жүрөбүз. Мунун тарых үчүн тактап коё турган бир чындыгы бар. 1927-жылы Кыргыз педтехникуму, ошол кездеги так аталышы менен айтканда, Кыргыз борбордук педагогикалык техникуму жок болчу. Бул окуу жайы 1938-жылы түзүлгөн. Түзүлгөн дегенибиздин себеби бар. Анткени 1925-жылы октябрдын жыйырма бешинде, Пишпекте, азыркы Эркиндик бульвары менен андагы Демьян Бедный (бул көпчүлүгүбүз көгүчкөн кайкыш менен  жазып жүргөн айтылуу акын Демьян Бедный эмес, чакан пиво заводунун кожоюну, ал кездеги кыргыздар аны пивочу Бедиш дешкен), кийинки Токтогул көчөсүнүн кесилишкен жеринде, Демьян Бедныйдын 82-үйүндө Кыргыз агартуу институту ачылган. Бул окуу жайы кадимки Константин Кузьмич Юдахиндин бир тууган агасы Петр Кузьмич Юдахиндин талабы менен ачылган. Институттун имараты Чыр деген соодагер дунгандын сегиз бөлмөдөн турган, жалаң бышкан кыштан салынган эки кабат үйү болгон. Аталган институт 1928-жылы Кыргыз борбордук педтехникумуна айландырылган. Ушундан улам институттун аты аталбай калган да, Кыргыз педтехникуму деп айтылып, элге сиңип кеткен.

Ал эми “Кызыл учкун” “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында 1927-жылы уюшулган деген маалымат, кесе атйканда, карандай калп. Кимдир бирөөлөрдүн өзүн өзү чыгармачыл уюмдун аталыгы, биринчи болуунун, тарыхта калуунун Кудайдын өзү да айыктыра алгыс Тазбаймат эстүү оорусу.

– Муну тарыхый маалыматтар менен далилдеп айта аласызбы?

– Айтып көрөйүн. “Кызыл Кыргызстандагы” “Кызыл учкунду” тарыхтан издегенде кызык, ошол эле учурда кайгылуу, көңүл сындырар факты-маалыматтарга кез келебиз. Көздөрүнөн муң агып турган тарыхый чындыктын тагдырын жазма булактардын негизинде гана коргой алабыз. 1927-жылдын тегерегиндеги адабий турмушка, педтехникумда окуган замандаштарын эскерген жана түздөн түз “Кызыл учкун” жөнүндө жазган Аалы Токомбаев, Молдогазы Токобаев, Касымалы Жантөшев, Мамасалы Абдукаримов, Кубанычбек Маликов, Саткын Сасыкбаев, Зияш Бектенов, Мукамбет Дөгдүров ж.б. макалаларында негизинен бир гана чындык айтылат. “Кызыл учкун” Кыргыз педтехникумунда уюшулгандыгын жазышат. Мен бул жерге Аалы Токомбаевди атайын бул топко кошуп, кошкондо да тарыхый тизменин башына жазып жатамын. Анткени бир эле шаарда эки “Кызыл учкундун” жаралып калышына, жалаң “актардан” түзүлгөн жалган “Кызыл учкундун” кыргыз тарыхына кырмызы кызыл сыя менен жазылып калышына дал ошол Токомбаев себепкер болгон, себепкер эле эмес, каратып туруп кыргыздын кара чечекей тарыхынын бурмаланышына шарт түзгөн, чындыктын чырагына суу куюп, тарыхты өз кызыкчылыгына карата оюндагыдай жасоого аракет кылган. Бул аракетти ал ошол кездеги бийлик жетекчилеринин буйрукчул саясатынын айтканын аткаруучу катары жүргүзгөн. А бирок анын акыркы кадамы, 1981-жылдагы бул маселе боюнча тарых чындыгынын дал өзүн айткан карыялык даанышмандыгынан улам жогорудагы топко кошуп жатабыз. Болбосо “Кызыл учкун” “Кызыл Кыргызстан” гезитинин редакциясында уюшулган деген маалымат ырасимий, илимий эмгектерге, ал тургай энциклопедияларга чейин орун алганын эч ким тана албайт. Ошондуктан эң оболу “Кызыл Кыргызстандагы” “Кызыл учкунду” тактап алалы.

“Эркин Тоо” 1927-жылдын 16-ноябрынан баштап “Кызыл Кыргызстан” деген аталыш менен чыга баштаган да, 1956-жылдын 2-февралындагы саны “Советтик Кыргызстан” аталышта жарык көргөн. Биз муну А.Токомбаевдин “тарыхына” карата атайын айтып жатабыз. Анткени Токомбаев “Кызыл учкунга” байланыштуу, “Кызыл учкундун” “Кызыл Кыргызстанда” уюшулганына түздөн түз тиешелүү эки макала жазган. Биринчиси, “Кызыл учкундун” төрөлүшү, “Ленинчил жашка” 1957-жылы, 17-октябрда, “Кыргызстан маданиятына” 1967-жылдын 22-сентябрында кайрадан жарык көргөн. Экинчиси, “Ала-Тоонун” 1967-жылдагы он биринчи санына “Революциядан төрөлгөн адабият” деп аталат. Бул макалаларда эки дата айтылат. Анын биринде “Кызыл учкун” 1927-жылдын январь айында, Лениндин дүйнөдөн өткөнүнө үч жыл толгонуна байланыштуу педтехникумда биринчи адабий ийримди уюштуруп, аны “Кызыл учкун” аташканын жазат. Экинчи макалада “Кызыл учкун” 1927-жылы 5-ноябрда дагы эле педтехникумдун имаратында уюшулганын баса белгилейт да, “бул жыйналышта “Кызыл учкундун” жетекчилиги менин үлүшүмө тийди”, – деп жазат. Айтор, эки макаласында тең А.Токомбаевге жетекчилик үлүшү тиет. Анын себебин “Ленин тууралуу” жыйнагынын автору болуп калгандыгы жана да “Эркин Тоого” редактор экендиги түрткү болгондугу менен түз түшүндүрөт.

– Ушул маалыматтар туурабы? А.Токомбаев “Кызыл учкунду” уюштурган, анын жетекчиси болгон деп эле жазылып жүрбөйбү?

– “Кызыл учкун” 1927-жылы педтехникумда уюшулган деген маалымат гана туура. Анын Лениндин дүйнөдөн кайткандыгынын үч жылдыгына, Октябрь революциясынын он жылдыгына деген саясий негиздемелер жерде түгүл, асманда жок “чындыктар”. А.Токомбаевдин ийримге жетекчи болгону да жаны жок жалган.

– Эмне үчүн? “Кызыл учкунду” жетектөө менин үлүшүмө тийди деп жазып жатпайбы?

– Ооба, жазып жатат. Токомбаев САКУну аяктаган. Бул өзү жазган маалымат. Анан кайдан январь айында жетектеп калат? Экинчи далил – негизин алгачкы жыйнагынын жарык көрүп калганы менен байланыштырат. А.Токомбаевдин өзүнүн “Ленин тууралуу” жыйнагынын качан жарык көргөнү жөнүндө 1937-жылдын 2-февралында ВКП(б) Кыргыз обкомунун бюросуна жазган катында “1927-жылдын башында” жарык көргөнүн белгилейт. Жылдын башында болсо, анда январда жарык көрүп калганбы деген бир ишендирип, бир ишендирбес ой жаралат. “Эркин Тоого” редактор элем дегени да чындыкка жакындабайт. Ошондой эле “Кызыл учкундун” мүчөлөрүн айтып келип, алардын тизмесин айкөлдүк менен келтирип, анан: “… А мугалим жана маданий кызматкерлерден Карачев Сыдык, Тыныстанов Касым, Тойчинов Ыбрай, Кененсарин Бөрүбай, Курманов Султан, Шабданов Абаскан жана башкалар өздөрүн бирикменин кыйыр мүчөлөрү эсептешчү”, – дегени да саясат. Алар өздөрүн ийримдин кыйыр мүчөлөрү санашпай эле толук мүчөлөрү болушкан. А.Токомбаевдин кыйыр мүчөлөрү санашчу дегенинин себеби, алар кийин репрессияга дуушар болгондордон эле.

Дагы бир маалыматка токтоло кетели. 1928-жылдын 26-мартындагы “Кызыл Кыргызстан” гезитине “Кызыл учкунга” байланыштуу жарыя басылган. Анда 29-мартта кыргыз акын-жазуучуларынын ийриминин уюмдаштыруу жыйналышы болору айтылган. Токомбаев жазып жаткан “кыйыр мүчөлөр” анык мүчөлөр катары эле чакырылган, тизме Касым Тыныстанов менен башталган. М.Дөгдүров, М.Токобаев ж.б. ийрим жазга жуук уюшулганын белгилешет да, жетекчилигине А.Токомбаев шайланды дешпейт. Ал эми М.Абдукаримов “Октябрь таңы” аттуу документалдуу повестинде ошол мезгилди эскерип келип, “Кызыл учкундун” уюшулушуна мындайча токтолот: “…Өзүбүзгө абдан тааныш жана эң жакын кеңешчи болуп калган Сыдык Карачев инпроско келип, адабият уюму ачылды. Бул сунушту өтө кубанычтуулук менен кабыл алып, ошол эле күнү Мукай Элебаевдин башчылыгы астында биринчи адабий ийримди уюштурдук”. “Кызыл учкунга” А.Токомбаев эмес, М.Элебаев жетекчи болгону, “өздөрүн бирикменин кыйыр мүчөлөрү эсептегендердин” бири С.Карачев инпроско кийинки (педтехникум) атайын келгени, сунушту ошол киргизгени айтылып жатат. Ал эми А.Токомбаевдин аты аталбайт. Ийримди уюштуруу ишине, анын жетекчилигине А.Токомбаевдин кандайдыр бир тиешеси болсо, анда М.Абдукаримов сөз жок ага басым коймок түгүл ага өзгөчө сыймык менен атайын токтолмок.

Ушундан улам А.Токомбаевдин макалаларындагы “Кызыл учкундун” уюштурулушу, жетекчиси жөнүндөгү маалыматтардын себебин башка жактан издөө керек. А бирок арадан туптуура 54 жыл өткөн соң, 1981-жылы Аалы Токомбаевдин өзү “Булбулдардын алтын уясы же дарыя башаттан башталат” деген макаласы “Ала-Тоо” журналынын 11-санына жарыялоо менен чыныгы тарых чындыгын айтты. Бул залкар акыныбыздын залкарлыгы гана эмес, даанышмандыгы эле. Акыры күттүрүп жүрүп айтылган ак сөздү окуп көрөлү: “Биз советтик кыргыз адабиятынын жаралыш, өсүш мезгилдерине келгенде Кыргызстанда биринчи жаралган адабий ийрим “Кызыл учкунду” эскербей кете албайбыз. Ал 1927-жылы Кыргыз педтехникумунун алдында уюштурулган. Ал ийрим 1931-жылга чейин пролетариаттык кыргыз жазуучуларынын ассоциациясынын (КырАППтын)уюткусу болуп, өзүнүн тарыхый милдетин аткарды”. Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштурулушуна негиз болгон “Кызыл учкун” жөнүндөгү чындык сөз. Бул А.Токомбаевдин да тарыхый милдети, тарыхый чындыгы эле.

– Эмне үчүн А.Токомбаев “Кызыл учкун” жөнүндө ар кандай маалыматтарды жаза берген?

– Анын себебин ошол мезгилдин бийлик саясатынан, бийлик саясатын жасагандардан сураш керек эле, а бирок алар азыр жок. 20-30-жылдардагы кыргыз интеллигенциясынын тарыхы да, тагдыры да татаал болгон. Айрыкча чыгармачыл интеллигенция менен мамлекеттик ишмерлердин өмүр-турмушу кылыч мизинде турган. Анткени ал мезгилде бийлик өкүмүн да, тарыхты да жасагандар чыккан. Ушундай кыяматтай кырдаалдан улам, бул дүйнөнүн кызыгы түгөнгөндөй сезилген мезгилде кыргыз интеллигенциясынын биримдиги бузулган, бири-бирине болгон ишеними жоголгон. Бул абал акыры кыргыз интеллигенциясынын кырылышына алып келген. Аалы Токомбаев да дал ошондой тагдырга, бийлик саясатын жасагандардын тили менен сүйлөгөнгө дуушар болуп, трагедиядагы трагедияга кез келген. Буга анын кызмат абалы да, совет бийлигине берилгендиги да алып келген.

– “Кызыл учкун” 1927-жылы уюшулган дедик. Ушул эле жылы Кыргыз АССРинин Борбордук Аткаруу Комитетинин КырАППты түзүү жөнүндө чечим кабыл алат экен. КырАПП менен “Кызыл учкун” бир мезгилде уюшулганбы? Эгер андай болсо, анда эмне үчүн 30-жылдарга чейин КырАППтын дайын-дареги билинбей келген? Жашыруун иштегенби?

– Жок, КырАПП ачык эле иштеген. Бирок ошол Борбордук Аткаруу Комитетинин чечими менин оюмча 1927-жылдын октябрь айында чыкпаса керек. Чыкса да ал жылы КырАПП түзүлгөн эмес, түзүлсө да ал кыргыз жазуучуларынын уюму болгон эмес. Ооба, ошондой чечимдин чыккандыгы жөнүндө айтылып, жазылып жүрөт, “Кыргыз совет энциклопедиясына” да ошондой маалымат берилип келет. А бирок КырАППтын өзү саясий, коомдук, чыгармачылык жана түздөн түз бийликтин кол алдындагы, совет идеологиясын жүргүзүүчү уюм катары түзүлгөн. Анын тамыры 20-жылдардан башталат. Пролетардык адабият менен маданиятты көзөмөлдөп туруу үчүн Пролеткульт – пролетардык маданий-агартуу уюму түзүлгөн. Аны кадимки А.В.Луначарский жетектеген. 1918-жылы биринчи конференциясы, 1920-жылдын октябрь айында алгачкы съезди өткөн. Пролеткульттун негизги милдети жаңы маданиятты, жаңы адабиятты, жаңы билим берүүнү жаратуу жана чыгармачылыктын бардык тармагын бир уюмга бириктирүү болгон. 20-жылдардагы чыгармачыл чөйрөдөгү карама-каршылыктуу абалдан улам Пролеткульт тарайт да, 1925-жылы советтик акын-жазуучулардын бирикмеси түзүлөт. Алардын негизги уюткусу катары Россия пролетар жазуучуларынын ассоциациясы (РАПП) уюштурулат. Бөлүнүп-жаруучулук душман жана душман эмес жазуучу деген деңгээлге чейин жеткен кезде, ВКП(б)БК 1932-жылдын 23-апрелинде “Көркөм адабий уюмдарды кайра куруу жөнүндө” деген кадимки тарыхый токтомун чыгарат. Ушундан улам РАПП да, КОАПП да жана башка адабий бирикмелер жоюлат.

Бизде да адабияттан, чыгармачыл чөйрөдөн “душман” издөө, “душман” табуу иши күч алган. 1932-жылдын 4-мартында ВКП(б) Кыргыз областтык комитети “Кыргыз адабияты жөнүндө” деген токтомду кабыл алат. Бул токтомдун резолюциясы Сталиндин “Пролетарская правда” журналынын редакциясына атайы жазган катынын саясий концепциясын камтыган. Ушундан улам кыргыз адабиятындагы саясий-идеологиялык каталарды издөө тапшырмасы ого бетер күчөп кеткен.

Кыргыздар үчүн КырАППтын анча белгисиз болуп калышынын бир себеби бар. Анткени ага негизинен орус улутундагы жана орус тилинде жазган татар, украин,  дунган, өзбек жазуучулары кирген. Б.а. Россияны туурашкан. Ошондон улам 30-жылдын башына чейин КырАПП кыргыздардын көңүлүн бурган эмес.

– Кыргыз акын-жазуучуларынын уюму болгон эмеспи?

-Андай милдетти “Кызыл учкун” ийрими аткарган. Бийликтегилер аны КырАПП катары түшүнүшкөн. Ушундан улам КырАППтын жооптуу секретары Ыбрай Тойчунов болгон. 1932-жылы РАПП жоюлгандан кийин Кыргызстандын партиялык уюму да КырАППты жоюп, анын негизинде Кыргызстан кеңеш жазуучулар союзун кайрадан уюштуруу жөнүндө чечим чыгарган. Ушундан улам “кеңеш жазуучулары”, “кеңеш жазуучулар союзу” деген сөз айтыла баштаган да, Союздун негизи катары кабыл алынган.

Ушул жерде тарыхый жактан алганда өтө маанилүү. Кыргызстан жазуучулар союзунун түзүлүшүнө түздөн түз жол ачкан жана чыгармачыл уюмдун уюшулушуна негиз болгон, өкмөт менен партиянын чечимдеринин кабыл алынышына бирден бир өбөлгө түзгөн, а бирок анча айтылбай жүргөн бир иш чара бар. Бул 1932-жылы өткөрүлгөн кыргыз совет жазуучуларынын биринчи конференциясы. Анткени Кыргыз кеңеш жазуучулар союзун түзүү боюнча кагазга жазылган чечим дал ушул конференцияда кабыл алынган жана ал жалпы жазуучулардын макулдашылган ой-пикири катары өкмөткө сунушталган. Ушундан улам Кыргызстан жазуучулар союзун түзүү боюнча уюштуруу комитети түзүлгөн да, анын төрагалыгына Аалы Токомбаев шайланат. Буга чейин ал КырАППты да жетектеп келген.

– Аалы Токомбаевдин Жазуучулар союзуна жетекчилиги ушул мезгилден башталат турбайбы.

– Ошондой десе болот. Анан 1933-жылдын 29-июль күнү Кыргызстан жазуучулары менен адабият окурмандарынын атайын чакырылган чогулушу болот. Токомбаев “Адабият жат идеядан тазалансын!” аталыштагы доклад жасайт. Мурдагы, 1932-жылдагы КырАППтын конференциясындагы доклады “Көркөм адабиятты большевиктештиребиз” деп аталган болчу. Бул докладында РАППтын иши сындалып, кыргыз жазуучуларынын арасындагы бай-манап адабиятын эңсегендерге сес көрсөтүлүп, анан мындай маалымат айтылат: “Ушул жылдын сентябрь айында жалпы союздук кеңеш жазуучуларынын 1-съезди болот. Биздин Кыргызстандын кеңеш жазуучуларынын 1-съезди 25-августта өтүшү керек. Эмесе, 25-августтагы боло турган съездге дейре төмөнкү даярдыктарды көрүүбүз зарыл”,  – деп туруп, “сын маселесин көрсөтүп, съездге дейре бир катар: Элебай уулу, Токобай уулу акындарыбыздын бетин ачып, чыгармалары жөнүндө баяндамалар болуу керек”, – деген. Анан алдыдагы милдеттерге токтолот да, А.Токомбаев өзүнүн докладын мындай буйрук-ураан менен аяктайт: “Кыскасы биз съездге негиздүү жеңиштер менен барууга тийишпиз. Революцияга каршы улутчул-байчыл, Алаш Орточул тамырын адабияттан соолтууга тийишпиз. Ага биз, адабиятчылардын күчү жетерине мен эч кандай шек кылбаймын. Биз аны иштөөгө милдеттүүбүз”. Бул ошол мезгилдин өктөм жана буйрукчул үнү. Бул А.Токомбаевдин өзүн да, кызмат абалынын да, милдетинин да чечкиндүү үнү.

– Сөзүңүзгө аралжы, жазуучулардын биринчи съезди 1934-жылы эмес, 1933-жылдын 25-августунда өтөт деп жатабы?

– Ооба, 1933-жылы. Жалпы союздук, биздин түшүнүк боюнча СССР жазуучуларынын съезди сентябрь айында деп жатат. Демек, ушундай макулдашуулар болгон.

– Анан эмне үчүн съезд 1933-жылы болбой калган?

– Ал мезгилдин тили менен айтканда, съезд саясий-идеологиялык жана тап күрөшүнө байланыштуу кийинки жылга жылдырылган. РАППтын катарын тазалоо өтө татаалга турган. Экинчиден, Кавказ, Балтика аймактарында да жазуучулардын ар кандай топторунун бири-бири менен болгон күрөшү тынчыбай койгон. Үчүнчүдөн, Орто Азия аймагы боюнча Советтик жазуучулар союзунун Орто Азия бюросу деген иштеп турган. Анын жетекчилери Алексеев, Трегуб, Маджиди дегендер болгон. Бирок булардын иши ошо 30-жылдардын башында бир кыйла татаалдашып кеткен. Жазуучулардын катарын тазалоо иши айрым жерлерде мамлекеттик бийликтегилерди тергөөгө, суракка алууга чейин жеткен. Маселен, Өзбекстанда большевик жетекчилерин жок кылуу аркылуу бийликти алуу аракеттерин көргөндөрдүн өзүнчө чоң тобу аныкталган. Совет мезгилиндеги советтик мүнөздөгү маалыматтарга караганда бул топту Касымов деген жетектеген. Ал жаңы адабиятка тийип-качар тиешеси бар, а негизи өзбек элинин абалтан берки көркөм сөз өнөрүн туу туткан адам экен. Айтор, бул топто өзбек улутундагы акын-жазуучулар, маданият ишмерлери болгон. Алар түз эле Совет бийлигин алмаштыруу, жаңы бийликти орнотуу маселесин көтөрүшкөн дешет. Түркмөнстанда жаңы адабият элдик же эски адабиятка негизделген деген саясий айып тагылган. Кыргызстанда адабият душмандарын издөө менен күрөшүү ачык жүрүп турган. А.Токомбаевдин докладдарында, жазган макалаларында К.Тыныстанов, С.Карачев, Ш.Көкөнов, О.Лепесов, М.Токобаев, К.Баялиновдор эскини эңсегендер, бай-манапчыл адабиятты жактагандар катары сындалып турган. Оозеки адабиятыбыздын өкүлдөрүнүн чыгармаларына, ал тургай “Манас”, “Семетей”, “Курманбек” эпосторуна чейин курч сокку урулган. А.Токомбаевдин ошол “Адабият жат идеядан тазалансын!” деген докладынан окуп көрөлү: “…Касымдын китеби менен кошо “Семетей”, “Боогачынын сүйүүсү”, “Курманбек” сыяктуу китептер чыкты. Албетте, бул китептер да биздин китептер эмес. Боогачынын сүйүүсүндөй сүйүүнүн бизге кереги жок. Бизге жаңыча эмгекти, ишти, техниканы сүйгөн жаңыча сүйүүчүлүк керек. Бул китептерди чыгарууда Касым активдүү катышкан болчу.

Эми Касымдын кийинки жылдардагы ишине келелик. …Өткөн жылы эле “Академия кечесинин автору болуп алып, Манасты өз учурунда пролетариат театрынын сахнасына сүйрөп чыкты. Манасты өз учурунда аксакалдыкты токмок кылып алып, ошол кездеги кыргыз кедейлерине алым салып, ат кылып минип, оюна көнбөсө чаап алган акмакчылык кылыктарын көрсөтүүнү унутуп коюп, Манасты “Баатырым” деп мактап, жакшы, сүйкүмдүү кылып сахнага чыгарды”. Ушундай. Ал кездеги Аалыкебиздин макалаларын, докладдарын ушу азыр окусаң да ушу азыр жылан кармап алгандай болосуң. Душманыңа ыраа көрбөй турган өкүмдүк. Аалы Токомбаев табиятынан күлө караган бийликтин кылычын чапкан адамы да, адамы болуп туруп кылычы да болуп берген. Тагдыр деген ушундай, адамга оомат берип, кайра алып, сууга салып күйгүзгөн кези да болот. Чынында ошо 30-40-жылдары, балким андан кийин да бийлик искусствосунун тилин Токомбаевдей билген, бийлик карышкырлары менен саясат түлкүсүнүн түшүн өңүндө көргөн ишиндей жоруй алган кудурет колдогондой таасири бар касиет жандаган улуу актёр-жазуучуну кыргыз адабиятынын тарыхынан азыр дагы таба албайбыз.

– Дагы бир суроо. Аалы Токомбаевдин чыгармачылыгынын он жылдыгынын мамлекеттик деңгээлде чоң салтанат менен өтүшү ушундай иштерге байланыштуу болгон экен да?

– Ошондой десе да болот. Токомбаевдин чыгармачылыгынын он жылдык салтанаты 1934-жылы эмес, 1933-жылы өткөн. Көпчүлүгүбүз анын “Октябрдын келген кези” ырынын “Эркин Тоонун” биринчи санына жарыяланганына байланыштуу эле 1934-жылы Токомбаевдин чыгармачылыгынын он жылдыгы өткөн деп жазып жүрөбүз.

– А эмне үчүн 1933-жыл?

– Аалыкебиз Ташкендеги САКУда окуп жүргөндө “Тунгуч адым” деген колжазма журналына анын “Курманбек” эпосунун негизиндеги “Курманбек” аталыштагы чыгармасы жарык көргөн. Акындын чыгармачылыгынын башталышына ушул маалыматты негиз кылып алышкан. Мунун демилгечилеринин негизгиси Жоомарт Бөкөнбаев болгон. Анткени ал азыркы түшүнүк менен алганда Жазуучулар уюмунда Коммунисттик партия фракциясынын жетекчиси экен. Он жылдык салтанат өтө шаңдуу өткөн. “Кызыл Кыргызстан”, “Советская Киргизия” гезиттеринин 6-июндагы сандары ушул юбилейге арналган.

А бирок Токомбаев бийликти да сындаган. 1933-жылдын аркы-берки жагында а кишинин ооматы оттой жанып, кемелине келип, күнү-түн жылдызы күйүп турган. 1933-жылдын 24-декабрында “Кызыл Кыргызстанга” “Жаңы жолбашчылыкка жаңы темп” аталган макала жазат. Буга чейин ВКП(б) Кыргыз обкомунун биринчи секретары Владимир Осипович Шахрай деген болгон. 1933-жылы анын ордуна Владимир Петрович Шубриков келген. Ушундан улам “Жаңы жолбашчылыкка жаңы темп” деген тема коюп, теманын өзөгүнө ошол кездеги өчпөс өрт болуп күйүп турган идеологиянын кайнап турган канын кошуп жазып жатпайбы. Ал макала түз эле мындай сүйлөмдөр менен башталат: “Коммунисттик партия уюмунун абалы жайында эместиги адабият майданында да чоң таасир болгону шексиз. Ал абалдын таасири айрыкча тыныстановчулук менен күрөшүүдө ачык көрүндү. Буга “Манасты” макулдап, ОК секретариатынын чыгарган токтому анык далил”. “Манасты” дегени “Академия кечелерин” сахнага коюуга уруксат кылынгандыгын айтып жатат. Айтор, Кыргызстан жазуучулар союзунун уюшулушу менен, биринчи съезддин өтүшү менен, Союзга жетекчи болуп шайланышы аркылуу А.Токомбаевдин жазуучулар уюмундагы, калемгерлер арасындагы аталык кадыр-баркы ого бетер артып, мурдагыдан да болуп көрбөгөндөй күчөгөн. Ал мезгилдин күчү, ал мезгилдин тагдыр жаратар саясаты ошондой болгон.

– Кыргызстан жазуучуларынын биринчи съезди кандай кырдаалда өткөн? Бийликтин таасири болгонбу?

– Бийликтин таасири болгон, түздөн-түз басым жасаган, сес көрсөтө эскерткен учурлары жазма булактарда калган. Оозеки айтылгандарын да укканым бар. биринчи съезддин алдындагы абал чыныгы таланттууларды күйүп-күйүп жашатып, кийин алардын өрттөнүп өлүп кетишине себеп болгон. Бир эле мисал, 1933-жыл бою жалындап күйүп турган өрттүн күчүнөн улам 1934-жылдын 2-апрелинен 29-апрелине чейин “Кызыл Кыргызстан” гезитине съездге болгон даярдыктар туурасында ар кандай маалыматтар, билдирүүлөр, макалалар байма-бай берилген. Съезд 22-27-апрель күндөрү өткөн.

– Күн тартибинда кандай маселелер болгонун айта аласызбы?

– Айта алам. Алар мындай:

  1. Кеңеш жазуучуларынын Орто Азия бюросунун доклады. (Докладчы жол. Алексеев).
  2. Кыргызстан кеңеш жазуучуларынын уюштуруу комитетинин эсеп-кысабы. (Докладчы жол. Токомбай уулу).
  3. Кыргызстан кеңеш жазуучуларынын республикалык комитетин шайлоо.
  4. Кеңеш жазуучуларынын жалпы союздук съездине өкүлдөр шайлоо.

Съезддин иши ар күнү эртең мененки саат 10дон саат 3кө чейин жана саат 5тен 8ге чейин жүргөн. А.Токомбаевдин доклады жалпысынан он бөлүмдөн турат. Азыркыдай адабий жанрлар боюнча же тематикалык жактан эмес, ошол мезгилдин саясаты менен адабиятты айкалыштыра жасалган. Кыскасы, адабият деген мезгил саясаты, саясат деген азыркы адабияттагы күрөш экени айтылган. Анда жазма адабият эле эмес, оозеки адабият, анын бардык түрү, макал-ылакаптан эпоско чейин камтылган.

– Доклад боюнча сын айтылганбы?

– Жалпысынан докладга карата сын айтылган эмес. Анткени жетекчилик тарабынан сын болбосун деп эскертилген. Сын деңгээлиндеги сөз Мукай Элебаев тарабынан айтылган. Докладды эле эмес, Токомбаевдин өзүн да, чыгармачылыгын да, ага кошуп Ыбрай Тойчуновдун ал жөнүндө “Токомбаев жеке биз эмес, Орто Азияга маалым”, – деп жазганын да сындаган. Андан сырткары М.Дөгдүровдун, К.Маликовдун, Ж.Бөкөнбаевдин кемчиликтерин түз айткан. Анын мындай чечкиндүүлүккө барышына А.Токомбаевдин докладында М.Элебаевдин аты аталбай туруп сындалганы, экинчиден, ага сөз кеч берилгени себеп болсо керек. Ошо М.Элебаевдин бир сөзүн окуй кетели: “Кече Токомбаев тил тууралуу кеп уруп келет да, “ушунда бир жазуучу (ал мен) күркүрөгөн семиз жеп”, – дептир, ал дурус эмес, антип кыргыз турмак, түрк дагы айтпайт”, -деп өтүп кетти. Түрк айтар-айтпасында жумушум жок, бирок кыргыз айта берет”, –  деп каяша айткан. Ж.Турусбеков өзүн өзү сындоо менен бирге жазуучулар арасында, Союздун өзүндө “вождевизм” күчөп баратканына токтолгон.

– Токомбаевдин ишине, чыгармачылыгына сын айтылганбы?

– Айтылган. Бирок мунун бир кызык жагы бар. Аалы Токомбаев 1937-жылдын 16-октябрында кылмыштуу катары суракка камалган. Сот өкүмү чыккан эмес, кылмышкер катары камалган эмес, 1939-жылдын 1-июнунда сурактан бошотулган. Кыргыздар кыйын да, сынды, Токомбаевдин ишиндеги кемчиликтерди ошо Токомбаев камалгандан кийин башталган. 1937-жылдын 1-октябрь күнү жазуучулардын жалпы чогулушу болот да,  анан Кыргызстан жазуучулар союзунун уюштуруу бюросунун чечими менен Союздун башкармасынын төрагалык кызматынан улутчулдугу жана контрреволюциялык иштердин жүргүзгөндүгү үчүн алынган. Ушундан баштап А.Токомбаевдин иши жөнүндөгү сындаган макалалар, жогорку жактарга жазылган жамандаган каттар жазыла баштайт. Ж.Бөкөнбаевдин, Т.Үмөталиевдин, М.Элебаевдин ж.б. макалаларында Токомбаевдин кемчиликтери белгиленген. Токомбаевди “өзү хан, өзү бий” деген сыпаттоолор менен берилген. Ж.Бөкөнбаевдин 1937-жылдын 21-октябрында “Кызыл Кыргызстанга” жарык көргөн “Адабият менен искусстводогу зыяндуу иштер” деген макаласында А.Токомбаевди баш кылып, К.Тыныстанов, К.Маликов, Р.Шүкүрбеков, Т.Сыдыкбеков ж.б. төш кылып туруп сындаган. Бир мисал окуп көрөлү: “Жазуучулардын 1-съездинде “эл душманы” Ысакеев чыгып алып, “силер Токомбаевди сынайм деп ооз аччу болбогула, биз ага жол бербейбиз”, – дегени жалган беле?”, – деп жазган. Айтор, бийликтин кысымы Токомбаев аркылуу болуп келгенин белгилешкен. Ушундай абалда күйүп жүрүп чыгармаларын жазышкан акын-жазуучулар 1938-жылы атууга кетишкен. Ал мезгилдин сабагы ушундай болгон.

Жора Сулайманов

Булак: Ачык сөз

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *