ЖЭБ (ТЭЦ) Сапар Исаковду да жегени калды

Жакында камакка алынган “Электр станцияларынын” башчысы Узак Кадырбаев Сапар Исаковдун үстүнөн көрсөтмө берип атыптыр деген ишенимдүү булактардан маалымат тарады. Көрсө Исаков мурунтан эле Кадырбаев экөө Калиевден сырткары иш жүргүзүп келишиптир. ТВЕА фирмасы менен келишимге тиркемеде 25 наамдан турган жабдууларга 100 миллион долларды бөлүп жазып коюшуптур. Бул боюнча азыркы убакта Кытай жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, алардын кызматташуусу суралып атыптыр. Ушул жумада Цзи Циньпинь менен жолугушуусунда “баардыгы жакшы, артымдан душмандар түшүп атат, кытай фирмаларына жана өкмөтүнө эч кандай дооматыбыз жок” деп алдын ала жарыялаптыр. Бейжиндеги Албек Ибраимовдун бир тууган күйөө баласы элчи болуп турганда, Кытай бул суроо боюнча тергөө кызматташууга барган күндө дагы, маалымат Бишкекке жеткизилбей, элчи мырза жашырып турары анык.

Булак: “Жаңы ордо

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *