Жээналиев Максат, ишкер: Өлкөбүздө өндүрүштү колдоо, коргоо жаатында саясат жок

2010 жылдан бери курамында алтыны жана башка баалуу металдары концентраттарды Кыргыз Республикасынын территориясынан алып чыгып башка чет мамлекеттерде иштетүүнү токтотуп, өз өлкөбүздө ушул концентраттарды иштетүүчү фабриканы куруу боюнча маселе Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде, Өкмөттө бир нече жолу каралып келди. 2016-2017-жылдары концентраттарды сыртка алып чыгууну токтотуп, чыгарууга 23% пошлина киргизүү Өкмөт тарабынан сунушталган. Ушул тармакта иштеген компаниялар үчүн бул «пошлина» абдан эле оор шарт болуп калды. Ошол себептен өндүрүлгөн продукцияны чет мамлекетке сатууга кайрадан уруксат берилди. Бирок андан бери концентратты иштетүүчү фабриканы куруу боюнча иштер чечилбей келе жатат. Биз бул маселелер эмнеге аткарылбай жатканы боюнча «Джи Эл Макмал Деволопинг» ЖЧКсынын кенешинин тең төрагасы, «Куранды Деволопинг» ЖЧКсынын башкы директору Жээналиев Максат Субанбекович менен баарлаштык.

– Максат Субанбекович, эмне үчүн азыркыга чейин концентратты иштетүүчү фабриканы куруу иштери аткарылбай жатат?

– Маселенин негизи – өлкөдөгү даярдалып, сыртка сатылып жаткан, курамында ар кандай баалуу металлдары бар концентраттарды бир эле технологиясы бар фабрикада дароо «доре» куймасы алынбагандыгында жана тоо кен жаатындагы өнүгүү концепциянын жоктугу себеп десек жарашат. Экинчиден, биздин өлкөдө маселени чечүүгө белсенип киришип, мамлекеттин жеңилин жерден, оорун колдон алайын деп аракет көргөн ишкерлерге болгон мамиле начар. Колдоо, коргоо жок. Тескерисинче бут тосуу күч. Мына биз концентратты иштетүүчү фабриканы куруп иштетүү мүмкүнчүлүгүн жаратууга аракет көрдүк. Тилекке каршы, куруп жаткан фабриканы чагымчылдар өрттөп жиберишти.

– Сиздерге кимдер тоскоолдук жаратып, чагымчылдыкка барышты?

– Концентратты иштетүүчү фабрика «Макмалалтын» филиалынын территориясында курула баштаган. Айрым бир коре албастыктын, чагымчылардын айынан 10-апрель 2018-жылы өрттөлүп кетти. Фабрика заманбап үлгүдөгү жаңы технология менен курулуп жаткан. Учурда Вьетнамда иштетип жаткан ушундай фабриканын автору инженер-технолог биз түзгөн «Джи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКда уюштуруучулардын бири. Бул технологиянын өзгөчөлүгү – «циян калийи» аттуу химиялык элементтин пайдаланылбагандыгында. Экологиялык жактан коркунучсуз жана ото эле таза, айлана-чөйрөгө зыяны жок (ноу-хау) технология болгондугунда. Төмөнкү ысыктыкта (200-400С) бай руданы, концентратты кычкылдандырып, тиомочевина, негизинен «Цизинсин» аттуу химреагент роль ойномок. Андан башка 15тей кадимки эле өндүрүштө колдонулган реагенттер проектиде көрсөтүлгөн тартипте киргизилген.

– Экологияга зыяны жок болсо, анда эмнеге каршылык чыкты?

– Кандай проект болбосун бийлик, өнөктөш тарабынан колдоо керек. Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун өкмөтүнүн, тийиштүү болумунун кайдигерлиги же «алардын алдынан» өтпөгөндүк, жергиликтүү жана жогорку деңгээлдеги адамдардын ичи тардыктары, ошондой эле концентрат чыгарган кээ бир фабрика ээлеринин каршылыгынан келип чыкты. Эгер фабрика курулуп калганда жумуш орундары түзүлмөк, өлкөгө финансылык жактан чоң жардам болмок. Президенти-биздин «Аймактарды өнүктүрүү» программасынын алкагында ири койгойлордун чечилишине шарт түзүлмөк. Ошондой эле ушул убакка чейин эсепке алынбаган баалуу металлдар да Улуттук банкка түшмөк. Баары көзөмөлдө турмак. Мына ушунун баарынан кол жуудук. Өз мекенибизге бир ууч «коррупционерлер» чыккынчылык кылышты!

– Азыркы учурда кандай пландар болууда?

– Айтуу кыйын. Азыркы кезде инвесторлор «коопсуздук» кепилдигин, кеткен чыгымды башка жол менен болсо да карап берүүнү чечсе деп турушат. Биринчи кезекте ушул маселелерди жөнгө салуу керек.

– Өкмөт эмне дейт?

– Ачык жана так жооп жок. Инвесторлор кутуп жатып «тажадык» дешип, өздөрүнүнүн элчиликтерине кайрылышууда. Инвесторлорго карата мындай кайдигер мамиле улана берсе, биздин өлкөгө эч бир инвестор келбей калат. Анткени мамлекет тарабынан кепилдик, коопсуздук камсыздалбагандан кийин, тобокелдикке барып акчаларын салгылары келбейт.

– Өрт койгон чагымчылдыкка баргандар эмне болушту?

– Укук коргоо органдары иш жүргүзүп жатышат. Бирок иш жайыраак болуп жатат. Жалпы чыгым эки миллион АКШ долларынын айланасын тузду. Таң калуу менен белгилей кете турган учур, жакында экономика министри Панкратов ушул сыяктуу фабриканы куруу маселесин которуп чыкты. Кызыгы, ал бул фабрика курулуп жатканда кайда журду? Курулуп бутуп калган фабрика орттонуп жатканда эмнеге четче карап отурду?! Ал курулуп жаткан фабриканы билген эмесго?! Бир гана тоо кен боюнча профилдик комитеттин жетекчиси Кожобек Рыспаев жана кээ бир депутаттар, тоо кен комитетинин орун басары А.Сапаралиев колдошту. Ал эми Экономика министрлиги кабагым-кашым деп койгон жок. Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги жардам кылуунун ордуна каршы иштеди. Ушундан улам чиновниктер менен аралашып журуп, мамлекетибизде кандай саясат жүрүп жатканын көрүп-билип, жашоодо экономика негизги орунда экенин, ага өтө пландуу иштерди жүргүзүү керек экенин «түшүнбөгөндөр» иштеп жатабы деген ойго келесиң. Кимиси болбосун, бюджетти толтурчу тармак өндүрүш экенин айтышат. Аны онуктуруу негизги маселе экенин белгилешет. Бирок иш жүзүндө өндүрүшкө болгон мамиле талапка ылайык келбейт. Мына жакында мурунку президент Алмазбек Атамбаев да алты жылда экономиканы, өндүрүштү которуу оор экенин белгилеп, экономиканы көтөрүү керектигин айтып чыкты. Эмнеге өндүрүштү дүркүрөтүп өстүргөн деңгээлге чыгара алган жок?.. Биз 30 жылга жакын убактан бери эле карызга алынып келинген насыя жана «гранттын» эсебинен бүткөн ишти бетке кармаганды өнөргө айланттык. Биз экономикага, өндүрүшкө азыркы заман талабына ылайык жаңыча көз караш менен мамиле кылып реформа жасабасак, өнүгүшүбүз кыйын.

– Инвестордун ролу бизде кандай? Аларга болгон мамиле, колдоо, талап барбы?

– Инвестиция өнүккөн өлкөгө да керек. Өнүккөн өлкөлөр муну жакшы түшүнүшөт. Бизге окшогон өнүгүүгө умтулган өлкөлөр үчүн инвестиция өтө орчундуу, зарыл нерсе. Бирок аларга койгон талап бизде иреттүү эмес. Мамлекеттин кызыкчылыгын көздөгөн бирдиктүү саясат, принцип жок, Ал эми аларды колдоо жокко эсе. Инвесторлорго жергиликтүү бийлик чочугандай карап, өздөрүнүн маселелерин талап кылышат. Губернатор, акимдер кайсы инстанция болсо да маселени чечип, принциптүү мамиле кылса аны өкмөт, министерстволор колдоп, мыйзамдуулугу боюнча кеңеш берип, бирдиктүү саясат кьшышса болот эле. Бул айтылган көйгөйлөр кашкайып эле көрүнүп турат. Көпчүлүк аким, губернаторлор убада берип коюп өйдө жакты карап отурушат. Алар экономика, өндүрүш, инвестиция маселелеринде кандай өз алдынча саясат алып барыш керек экенин билишпейт. Башкача айткан-да, бул жерде кадр маселесинин көйгөйлөрүнө дагы такалабыз! Президент жүргүзүп жаткан саясатты жергиликтүү маселелер менен айкалыштырып, чамынып иштеген патриот аткаминерлер бир-эки деп эле саналат!

– Өзүңүз жөнүндө токтоло кетсеңиз?

– Өндүрүштө «Макмал» комбинаты ишке киргенден бапггап ипггеп. «Кыргызалтын» ААКнын вице-президентине чейин иштедим. Ортодо акимдин милдетин аткардым, орун басары болдум. 2010-жылдан өзүм 2008-жылы уюштурган Too кен колледжин жетектеп, ушул багытга инвестиция тартуу аракетинде жүрүп, акыры Кыргызсганда алтын, күмүш ж.б. баалуу металлдарды иштетип, өлкөдө калтыруу проектисин ишке ашырдым. Бул иштерди «Кыргызалтында» жүргөндө эле баштаган элем. Учурда Солтон-Сары жайлоосунда эки алтын кенге геологиялык чалгындоо жүргүзүп жатабыз. Мыйзамдуу талап болбосо да, инвесторлордун түшүнүктүүлүгү менен Миң-Булак айылына үстү жабык спорт сарай, кичи футбол аянт, мечит куруп берүү менен ар кандай багытта эки млн. сомдон ашык жардам көрсөтгүк. Орловка шаарчасында баалуу металлдар рудаларын байытуучу чакан фабрика иштетемин. Инвесторум бай адам эмес. Бирок достору аркылуу инвестицияны чечип келүүдө. Чжуан X. сөз менен эмес, иш менен конкреттүү иш бүтүргөн адам!

– Акыркы суроом болсун, эмгегиңиз кимдир бирөө тарабынан бааландыбы?

-Жакында ЕАЭБнин (Евроазия экономикалык биримдигинин) орденине коомчулуктан көрсөтүлүптүрмүн. Инвесторлорум менен бирге кубанып калдык! Албетте, кеп сыйлыкта деле эмес. Негизгиси – Кыргызстандын бакубат өлкөгө айланышына салымымды кошуп, элимдин жашоо-турмушу жакшырышына пайдам тийсе деп кызмат кылып келе жатам…

Маектешкен Алмаз Темирбек уулу

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *