Жээнбеков кантип “коррупционер” менен куда болоор экен?..

Кандай кырдаал болбосун суудан кургак чыкканды мыкты өздөштүргөн Акылбек Жапаров деген бар. Учурда «Бир Бол» фракциясынын Жогорку Кеңештеги депутаты. Коррупция боюнча кылмыш иши козголгонуна карабай, бийик трибунадан элге акыл айтып отурат. Ошол эле коррупция боюнча кылмыш иши козголгон депутаттар ӨмүрбекТекебаев камалды. Алмамбет Шыкмаматов сотто сурак берип сүйрөлүп жүрөт. Жапаровдун кылы кыйшайган жок. Шайлоодо Сооронбай Жээнбековго буту күйгөн тооктой чуркап иштеди. Эми болсо президенттин иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асилбек Жээнбековдун кызын баласына алып берип куда болом деп, кайырмак ыргытып коюп отурат. Куулугу түлкүдөн өткөн эргул Жээнбековдорду куда кылып, кылмыш ишинен кутулуу планын эбак түзүп койгон окшойт. Сооронбай мырза кантип “коррупционер” менен куда болоор экен?..

Булак: “Фабула”

1 ой-пикир

  • Чаткалбек says:

    Бул дагы бир куу шумшук Академик Акматалиев деген бар экоо кудум донуздай алдын ала билип куйтундап турат. ушулар анан кантип мамлекетти жыргатат.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *