Жээнбеков Осмоновду кызматтан албаса, коррупция менен күрөшүүдө жеңишке жетишпейт

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы жетекчиси Замирбек Осмонов бул кызматка келгени өзүн да, өзү жетектемиш болуп жаткан мекемени да жакшы жагынан көрсөтө алган жок. Тескерисинче, Осмонов коррупция менен күрөшмөк тургай, эмне иш кылып жатканы деле коомчулукка анчейин белгисиз болуп турат. Пре­зидент болсо, коррупцияны талкалайбыз деп катуу айтты. Осмонов ажонун айтканын уруп деле ойногон жок окшойт. Эт менен челдин ортосунда. Коррупциялык иштерди, схемаларды ачыктап, жеп-ичкендерди тузакка иле алган жок. Болбосо, Осмонов ооздуктап олтурган кызматтын күч-кудурети, мүмкүнчүлүктөрү чоң. Бирок мүмкүнчүлүктөр иш жүзүндө колдонулбай, быкшыгандан быкшып эле келатат. Замирбек мырзаны бул кызматка жердеш акеси, “крышасы” Аскарбек Шадиев кезегинде Атамбаевдин кулагын ушалап, койгон болчу. Жээнбеков Осмоновду кызматтан албаса, коррупция менен күрөшүүдө жеңишке жетишпейт.

Булак: Багыт 

2 comments

  • Туке says:

    Замир мырза крышовать кылган Ховолор (бензовоздор) Ош-Баткен-Исфана жолун талкалап бутту. Тажикистандын Лейлек району менен чектеш аймактарда Кулунду, Арка жерликтеринде Контрабанда гулдоп осту. Койду боруго кайтартып койгондой саясат журуп жатат Кыргызстанда, себеби Замир мырза контрабанда менен курошот имиш.

  • Тенизбай says:

    Осмонов шоопурдун адамы,Баткенчи аны Соке кетире албайт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *