Жеңесин зордуктоого аракет кылган кайнисин сот 3 жылга шарттуу түрдө кести

Баткен облусунун Кадамжай районунун соту 4-январь күнү Бектур М. аттуу 24 жаштагы жаранды жеңесин муунтуп, зордуктоого аракет кылгандыгы үчүн 3 жылга шарттуу түрдө абакка кести жана жеңесине 70 миң сом моралдык чыгым үчүн айыппул төлөөгө милдеттендирди. Бул тууралу Сводка сайты жазып чыкты.

Бектур М. 2017-жылдын 16-сентябрында түнкү саат 04.00. чамасында досунун үйлөнүү үлпөтүнөн кайтып келатып, агасынын үйдө жок экенин билип, балдары менен жалгыз жаткан Махабат аттуу жеңесинин үстүнө кирип, бир колуу менен жеңесин муунтуп, экинчи колу менен аны зордуктоого аракет кылган. Жеңеси каршылык көрсөтүп, кыйкырып жардам сурап, балдары ойгонуп сыртка качып чыгып, ызы-чуу чыкканда Бектур М. тура калып качып кеткен. Бирок жеңеси анын мойнунан түшүп калган күмүш чынжырчасы аркылуу таанып калып, сотко берген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *