Жеңиш Байгуттиев, экс-экономика министри: Өлкөбүз дефолтко кептелүү босогосунда турат

-Жеңиш мырза, эски бийлик тарабынан көз боёмочулукка жол берилген бажы, ТЭЦ, Ысык-Көлдөгү ат майдандын курулушундагы коррупциялык иштер өлкөбүздүн инвестициялык климатына, арылатканда туристтик мезгилге карай терс таасирин тийгизбейби?

– Албетте, мындай кыңыр иштердин терс таасири болбой койбойт, сөзсүз болот. Бирок, жогорудагыдай сен атаган көрүнүштөрдүн залакасы туристтик тармакка, инвестициялык климатка гана эмес, ошондой эле өлкөбүздүн эл аралык аброюна эбегейсиз зор сокку урат. Ошондуктан, алардын баарын тыкыр иликтегенден кийин буга түздөн-түз тиешеси бар бийлик өкүлдөрүн сөзсүз жоопко тартуу зарыл.

– Сыртта күйүүчү май күн сайын кымбаттап жатат. Бюджетибиздин ички абалын го жакшы билесиз. Сырткы карызыбызга болсо сөз жок, күн сайын кокодон алып келатат. Экономикалык коопсуздугубуз барган сайын коркунучка кептелүүдө. Мындай кыйынчылык канча убакытка дейре созулат деп ойлойсуз?

– Эгемендүү өлкөнүн алдында эзелтен бери бакыйып турган эл чөнтөгүнө сезгиликтүү экономика жаатындагы маселелерди системалуу түрдө чечүү туура экенин эстен чыгарбашыбыз керек. Менимче, экономика багытындагы коопсуздук ошол эле өкмөт, президент, парламент тарабынан болобу, тийиштүү деңгээлде каралбай жатат. Буга жооптуу мекемелер болсо өз иштери менен гана алек. Инвестицияга сыйынымыш болуп баарына көз жумулуп жатат. Жыйырма сегиз жыл ичинде өзүбүз өнүктүрчү тармактарды пайда-зыянына карабай чет элдик ишкерлерге, айрым учурда аферисттерге ит-бекер салып бердик. Мунун баарын улуттук кызыкчылыкты эске алып иликтеш керек. Мисалы, коңшу Казакстанда ошол эле бензиндин баасы литрине 10 сомго арзан. Эмнеге ушундай? Биз бул тармакта монополияларга өзгөчө шарт түзүп бергенибиз туура эмес болуп калды. Алар болсо муну кыянаттык менен пайдаланышат. Мындай учурда монополисттерге өкмөт чара көрүп тизгиндеши зарыл. Керек болсо мамлекет тарабынан кубаттуулугу бүткүл өлкөгө жеткен бир НПЗ ачуу зарылчылыгы бышып жетти. Бюджет жөнүндө сөз кылсак, анын чыгаша бөлүмүн терең иликтөөгө мезгил жетти кошойт. Бул тарапта 20-30 пайыздан кем эмес резерв бар экенин адистердин баардыгы эле билет. Көйгөйлөрдүн баарын айта бербей, эң оболу кадр саясатын түздөсөк болмок. Азыркы деңгээл эч канааттандырарлык эмес. Андыктан, экономикалык коопсуздукту камсыздоого алы жетпеген мындай өкмөттү көрүп атабыз. Негизи бул көпчүлүккө көнүмүш кейиштүү абал баардык бийлик бутактарында элим-жерим деген патриот, өз ишин мыкты билген адистер келмейинче улана берет.

– Эски режимдин чиновниктери өлкөбүзгө келген ар кандай насыялардан миллиондорду уурдашып, экономикабызга чоң сокку урушканы маалым болду. Сырттагы кымбатчылык болсо баардык керектөөлөргө кулачын жайып баратат. Мунун айынан өлкөбүздү дефолт коркунучу каптаган жокпу?

– Азырынча кайран элибиздин ишмердигине гана байланыштуу биз дефолттон алыспыз. Учурда тышкы карызыбыз ЕАЭБдин билдирүүсү боюнча өлкөбүздүн ички дүң продукциянын 57,1 пайызын түзөт. Бирок, дефолт коркунучу, албетте, жок эмес. Өкмөттүн насыяларды чектебей алам деген умтулуусун эске алганда, биз дефолтко кептелүү босогосунда турабыз. Мамлекеттик карызды башкаруу олуттуу жана улуттук мааниге ээ.

– Бажы союзу элибиздин үмүтүн актадыбы? Дегеле, бул биримдик өлкөбүздүн экономикасы үчүн эмне берди?

– Бажы союзуна кирүү бул туура кадам деп ишенем. Анткени, биздин продукция учурда сапатына жараша биринчи ирет Бажы союзуна кирген өлкөлөр тарабынан керектелет. Алтыныбыздын экспортун эске албаганда, Бажы союзу Кыргызстан үчүн негизги рынок болуп эсептелет. Себеби, бул өлкөлөр менен соода-экономикалык байланыштар туруктуу жана бекем десек болот. Ошондой эле биз Россия менен Казакстанда иштеп жүргөн бир миллиондон ашык боордош мигранттарыбызды унутпашыбыз керек. Экономикабызды тийиштүү деңгээлде өнүктүргөн соң башка өлкөлөр менен да соода кызматташтыгыбыз күчөй баштайт. Албетте, буга эч аракетибизди аябай, умтулушубуз керек.

– Экс-премьер Сапар Исаковдун жалындуу программалары ишке ашпаса да бар болчу. Азыркы өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин экономикалык жааттагы программасы барбы? Болсо байкай алдыңызбы?

– Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун программасын жалындуу көз боёмочулук деп эсептейм. Ал жаш бала «коррупцияга башы менен малынды» деп эртең сот чечсе эч таңгалбайм. Тилекке каршы, Мухаммедкалый Абылгазиевдин премьер-министр катары жигердүү иштеп жатканын да азырынча байкай элекмин. Болгону анын көбүнчө күнүмдүк маселелерди чечүү менен алектиги көрүнүп турат. Жогорку Кеңеш өкмөттүн курамын бекиткенде да коштоп жүргөн программасы тизеде жазылгандай сезим калтырды. Эгерде июнь айында азыркы өкмөт башчы улут кызыкчылыгын пир туткан жана өндүрүшкө шарт түзгөн программаны жалпы элге тартуулабаса, анда күзүндө бул өкмөттүн тагдыры чоң күмөн жаратат.

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *