Жеңиштин иши “жең” ичиндеби?

Өкмөттө чегара маселеси боюнча алектенген вице-премьерлик кызмат бар, аны бир гана Токон Мамытов көркүнө чыгара башкарып, өлкөнүн кызыкчылыгын коргоо максатында чоң аракеттерди көрдү. Ошол маалда чегараны тактоо боюнча көптөгөн баалуу документтер Москва жана Санкт-Петербургдан алып келингени боюнча сөздөр тараган. Негизинен өлкөнүн кадырын көтөрүп, моюн толгогон кошуналарды чөгөлөткөнгө чейин барды. Азырчы? Жеңиш Разаков деген эргул эмне менен алек болгону белгисиз. ММКларга Тажикстандын «агенти» деген маалыматтар жарыяланып, ошол жактагы «мафиянын» колдоосу аркылуу бийликке жеткени жазылган. Бирок, бийликтегилер буга ак же көк дебестен төө кушчасынан башын кумга тыгышууда. Бир нерсе десе Баткенден чыккан жалгыз кадр деген шылтоого жамынып, бет тырмарлык кылганы неси? Өкмөт башчысы мындай немелерден тазаланбаса шайлоого кесепети тиет го?

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *