«Жер ээн болсо доңуз дөбөгө чыгат» же Балыкчыдагы былыктын бети качан ачылат?

Өлкөнүн өнүгүшүн камсыздай турган эң негизги фактордун бири сот адилеттиги экендиги талашсыз. Эгер соттор адилеттүү болбосо коррупция менен күрөшүү эч нерсеге арзыбай тургандыгы жалпыга маалым. Ошону жон териси менен сезген Президентибиз ишке киришкен күндөн тартып жемкорлукка аралашкан сотторго согуш жарыялап, коррупционерлерди актаган судьяларды кылтакка илүү, жазасын берүү жараянын баштаган эле. Бирок, соттордун тартип комиссиясы көнгөн адаты менен «Карга карганын көзүн чукубайт» принцибинде кадимки «алакан майлаган» ишин жүргүзүп, колу кирдеген «Гүлчөтайлардын» бетин ачпай жатат.

Окуянын чоо-жайын башынан баштасак, тээ бакиевдердин заманында кызарган жердин баарын кырып жеген «каракчылар» Балыкчы шаарындагы материалдык резервдер фондунда сакталган азык-түлүккө көзү түшүп, аны кымырыш үчүн 2009-жылы июнь айында «Элитные хлебопродукты» деген ОсОО түзүшөт да, Ташбаев Азимди башкы директор кылат. Элеватордун башына Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чарбак айылында туулган, 1965-жылкы А.С.Төрөкулов дегенди отургузат. Ошол күндөн тарта талап-тоноого «старт» берилип, элдин энчисинде турган азык-түлүк шашылыш түрдө сатыла баштаган. Мындай башаламандыкты өмүрүндө көрбөгөн абийири бар кызматкерлер арызын жазып, четтеп кетишкен

Барыбыз билгендей 2010-жылы 7-апрель окуясы болду, бийлик кулады. Жаңы бийлик баш-аягын жыйгандан кийин Балыкчыдагы материалдык резервдер фондундагы азык-түлүккө эсеп жүргүзүү максатында Р.Отунбаева 26-ноябрда №185-р буйругун чыгарып, ведомстволор аралык комиссия түзгөн. Ага Ысык-Көл областынын ФГМР жетекчиси А.К.Кожонов, Балыкчы шаарынын прокурору У.Дадыбаев, Балыкчы шаарынын УКМК өкүлү Б.Шыргельдиев, Балыкчы жана Тоң району боюнча ОГСФПнын өкүлү Т.Абдышүкүров, Балыкчы Шаардык кеңешинин депутаты Т.Давлетов, Ысык-Көл областындагы Соода-өндүрүш палатасынын жетекчиси Ч.Тагаева, Балыкчы ШИИБнин өкүлү, майор Н.Абдразаков, Балыкчы мэриясынын өкүлү А.Табылдиев, элеватор башчысы А.Тентимишев, элеватордун башбухгалтери Ж.Исаева, элеватор кызматкери М.Жунушалиева, элеватор кароолчусу У.Исмаилов, склад башчысы Т.Раимбеков, элеватор устасы Н.Кентибаев эсеп-кысап жүргүзгөн.

Кызыгы, мамлекет тарабынан түзүлгөн комиссияга жетекчи Төрөкулов эсеп-чотту бербестен качып, акыры инисинин катышуусу менен 4 айдын аралыгында араң өткөрүп алыптыр. Жыйынтыгында 7 миң тонна буудай жетпей калган. Тактап айтканда, 6 900813.72 тонна буудай жоголгон. Мунун көлөмү өтө чоң болот. Эгер 10 тонналык камаз менен ташыса, 700 камаз болот. Поездин 50 тонналык вагону менен тартса, 140 вагон болот. Ал эми акчага айландырганда миллиондогон каражат. Мисалы, 7 миң тонна буудайды ошол учурдун орто баасы менен жок эле дегенде 15 сомдон эсептесең, 105 миллион сом болот. Эмне деген каражат. Мына ошентип, элдин энчисинде турган 7 миң тонна буудай уурдалган, муну ведомстволор аралык комиссия аныктап чыккан.

Мамлекетке өтө оор зыян келтиргени далилденгенден кийин Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, фактыны иликтөө үчүн Финансы полициясына тергөө ишин жүктөгөн. Алар Балыкчыдагы матрезервдер фондунун жетекчиси, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун Чарбак айылында туулган А.С.Төрөкуловду бир нече ай издеп, акыры Россияда качып жүргөн жеринен кармап, экстрадиция кылып алып келип камаган. Анан кызыктын баары ушул жерден башталып отурат. Дегенибиз жанагынча азык-түлүктү ашаган, элдин энчисинде турган 7 миң тонна буудайды кымырган, мамлекетке өтө оор зыян алып келген адамды Балыкчы шаарынын судьясы Майрамкүл Дюшембиева сүттөн таза кылып актап, темир тор артынан чыгарып жиберип отурат.

Эми караңызчы, мындай ыплас, кир соттор турганда мамлекеттин өнүгүшү жөнүндө сөз кылууга болобу? Бул жерде жемкорлуктун белгиси ачык көрүнүп турбайбы? Эл ушундай адилетсиздикти көргөндө жаны чыдабай чыркырап, тоок урдагандар гана камалып, миллионду сугунгандар тайраңдап жүрөт деп күйгөндөн айтып жатпайбы. Эң эле өкүнүчтүүсү, соттордун тартип комиссиясы муну карабастан жаап-жашырып, отчет үчүн болбогон бир майда-чүйдө иштерди алып чыгышууда. Мисалы, Т.Ормуковдун ишин кечиктирди деген шылтоо менен Жогорку Соттун үч судьясына кылмыш ишин козготту. Жакында сотту сыйлабаганы үчүн 10 миң сом айып салды деп кылмышка чүргөп, Нарын шаардык сотунун судьясы Айнагүл Жоробекованы кызматынан алды. Мейли жазаласын, бирок булар мамлекетке зыян келтирген кылмышкерлерди актаган жок да. Эмне үчүн тартип комиссиясы 7 миң тонна буудайды жеген кишини актаган судья Дюшембиеванын ишин карап, кылмыш ишин козгоо үчүн Президенттин кароосуна жөнөтпөйт?

Бул иштин артында өтө чоң таасирдүү адамдар туруп, коррупция менен далай кызматкердин кекиртегинен илип алганы ачык байкалууда. Дегеним, райондук соттун чечими областтык сотко барганы менен бир жылдан бери каралбай, чаң басып жатат. Ар бир иштин мөөнөтү бар, мыйзам боюнча эки айдан ашпашы керек. Бул жерде областтык соттор алаканын майлатып алганбы? Экинчиден тергөөчү менен прокурор тымпыйган бойдон жатат. Биз Финполицияга кайрылдык, маалыматты бербестен бирине бири шылтап, жаа бою качып жүрөт. Демек, буудайдын миллиондогон акчасы капчыкты кампайткандан кийин, баарын дудукка айлантып койгонбу? Болбосо тергөө органы менен прокуратура бул иштин бети ачылышына кызыкдар болуп, маалыматты чуркап келип берип, мамлекеттин кызыкчылыгын коргошу керек эле да.

Биз бул ишти эч качан жабык бойдон калтырбайбыз. Анткени, 7 миң тонна буудай оюнчук эмес, акыр түбү бийликтин көңүлүн бурдуртабыз. Азыр президенттик администрацияга ишеним бар. Себеби, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынында президентибиз Сооронбай Жээнбеков Кыргызстанда оор кылмыш жасагандарды бошотуп жаткан сотторго карата мыйзам чегинде чара көрүлөрүн билдирип: «Соттордун ишине киришейин деген кымындай да оюм жок, бирок алар оор кылмыш жасагандарды бошотуп жатса, кылмыш кылып жатса, мен эмнеге карап турушум керек? Мени эл шайлагандан кийин мыйзам бузуу болгон бардык маселеге киришем. Мыйзам чегинде чара көрөбүз сотторго. Ар бир чечимди көзөмөлгө ала баштайбыз. Бул маселеге өзүм киришем» деген. Биз так ошондой судьянын дал өзүн таап чыгып, Президент айтып жаткан сотту эл алдына чыгарып бердик. Эми буга чара көрүлүшү зарыл.

Камчы Кадыров

Булак: “Де-Факто”

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *