Жиззахтык кыргыздар

Совет дооруна чейин көчмөн турмушта күн кечирген кыргыздар дүйнөнүн чар тарабында жашашкан. Алар Саян, Алтайдан тартып азыркы Казакстандын, Өзбекстандын, Кытайдын жана Тажикстан менен Ооганстандын аймактарында отурукташканы белгилүү. Бүгүн Өзбекстан республикасында расмий маалыматтар боюнча 300 миңдей улутташтарыбыз бар. Бул жалпы өлкөнүн калкынын бир пайызга жакынын түзөт.

Кыргыздар бул кошуна дос мамлекеттин тоо этектеринде гана эмес кутман талаалуу жана чөлдүү аймактарында да ар кайсы улуттардын өкүлдөрү менен коюн колтук алышып, ынтымак-ырашкерликте турмуш дөңгөлөгүн тегеретип келишет. Мени Ташкенден эки жүз чакырымдай ыраакта жайгашкан Жиззахтык туугандардын тагдыры, бүгүнкү ал абалы кызыктырды. Буга чейин ал тараптагы элдин жашоо деңгээли туурасында белгилүү өзбек жазуучусу Назир Сафаровдун «Навруз» романынан окуганым бар. Таланттуу автор бул чөлкөмдөгү элдин Октябрь революциясына чейинки оор турмушун зор чеберчилик менен баяндаган эле. Ал эми жазуучу Тойчубай Субанбековдун тарыхый тымсалдарында Жиззах топоними Жолу узак деп чечмеленген. Чындыгында Ала-Тоодон караганда жолу узак чыгат. Илгери Союздун учурунда Пүлгөн автобазасында иштеген айдоочу тагам Досмат Ташматов Самарканды көздөй жүк тартып бара жатып бул чөлкөмдө машинасы бузулуп жапа чеккенде дал ушул жиззахтык туугандар жардам беришкенин эскерип калчу. Маркум, таланттуу публицист Шерназар Шүкүровдун макалаларында да бул тараптагы боордоштордун ал-абалы таасирдүү чагылдырылган.

Жиззах облусунун аянты биздин Чүй областына тең келип, калкынын саны 1,3 миллиондон ашты. Аянты айтылуу Фергана өрөөнүнө теңдеш же Өзбекстандагы Каракалпакстандан, Навои, Бухара, Кашка-Дарыя, Сурхан-Дарыя облустарынан кийинки алтынчы орунда турат. Бир квадрат километр жерге алтымышка жакын киши туура келет. Бүгүн биздин дасторконубуздан орун алган айтылуу апакай сүйрү, шилекейиңди агызган даамдуу коондор так ушул Жиззахтын Мирза чөлүндө өстүрүлөт. Орточо деңгээлдеги дубан. Интернетти чукулап отуруп өзбекче айтканда бул вилаетте негизинен пахта, буудай, коон, бахча, жашылча өстүрүлөрү, облусттун борборунда жаңы автомобил заводу менен текстиль комбинаты курулуп аяктап жатканын билдим. Бул аймактан Өзбекстанды көп жылдар бою башкарган Шараф Рашидов жана азыркы президенти, ишенимдүү досубуз Шавкат Мирзиёев чыгышкан. Бүгүн бир топ реформаларды ийгиликтүү жүзөгө ашырып жаткан президентти кыргыз аял тарбиялап өстүргөнүн жиззахтык боордоштор сыймыктануу менен баса белгилешти.

Бишкектин айланасында бул облустун Зарбдор районунун Мустакиллик букаралар жыйынына караштуу 12-совхоз кыштагынан келишип бир топ жылдардан бери устачылык кылышып, заңгыраган тамдарды салып жатышкан таланттуу усталар Алишер Топчибаевич Мамиров бир тууган акеси Алишер жана бөлөсү Ислам Мыктыбаевич Ораловдордон бир топ маалыматтарды алдым. Дээринен карапайым, бардык жумушту унчукпай бүтүрүшкөн усталар өздөрүндөгү жашоо-турмуш, каада-салттар тууралуу жакшы кеп салып беришти. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Дустлик районунда жаңыдан Манас айылында мектеп, балдар бакчасы, оорукана, мончо, соода түйүндөрүн куруп калайыктын алкышын алды. Элеттеги адамдардын куунак жашоосуна мында бардык шарттар түзүлгөн. Мындагы калктын дээрлик бардыгы кыргыздар. Ал эми менин маектештерим Мирзо Улукбек атындагы өзбек мектебин аякташкан экен. Ал мектепте кыргыз класстары ачылган. Кыргыз тилинде окуп билим алуу үчүн бардык ыңгайлуулуктар түзүлгөн. Маектеш инилерим Өзбекстанда эч кандай улуттар аралык кастыкка, араздашууларга жол берилбей, мыйзам, тартип катуу экенин канагаттануу менен белгилешти. Өлкөдөгү бардык элдердин гүлдөп өсүшү үчүн жетиштүү шарттар түзүлгөн. Бул замандаштарым менен ал жактагы кыргыздардын акыбалы тууралуу маектештим;

 Ислам, Аброр силер кыргыздын кайсы уруусунан болосуңар?

— Биздин кыштакта негизинен арык, кутукей, кутели жана башка уруунун өкүлдөрү бар.

— Жети атаңарды билесиңерби?

— Жок, тилекке каршы билбей калдык. Үч эле атабызды билебиз. Менин атам Топчибай, анын атасы Данияр, бабам Мамир, калганын билбей калдым — дейт Аброр.

 Чоң урууңар кайсы?

— Биз ичкилик кыргыздарынын тейит уруусуна барып кошулабыз.

— Силердеги каада-салттар Түштүк кыргыздарыныкына окшош болушу керек, туурабы?

— Окшоштуктар да, айырмачылыктар да бар. Бизде ысырапкерчиликке жол коюлбайт. Бардык нерсени сарамжал пайдаланууга аракет кылабыз. Мисалы жигиттер үйлөнгөндө кыргыз сомуна которгондо 15–20 миң сом калың төлөйбүз. Албетте, шаарларда бул сумма бир нече эсеге көп. Үйлөнүү үлпөтүнөн бир күн алдың кудайы аш деген элге берилет. Ага айылдагылар багымдат намазын окуган соң дароо чогуусу менен келишет. Адиялар той ээсине жардам болсун деп 5–10 миң сумдан кошумча кылышат. Бул сиздердин акчага алмаштырганда 50–100 сом дегенди билдирет. Бизде эркектер той-топодон пакетке түйүп үйүнө алып кетишпейт.

— Эртеси күнү кандай болот?

— Эртеси той башталып кошуналар менен туугандар, достор пейшин намазынан соң белгиленген убакта келишип шорпо ичишип, аш жеп жаштарга ак баталарын берип кетишет. Колунан келгендер шартына, той ээсине жакындыгына жараша пул кошуп же кой-эчки жетелеп келишет.

— Кыз тарап килем, көрпө-төшөктү көбөйтүп сеп беришеби?

— Жок, кыз тарапка жеңилирээк. Килем берилет. Көрпө-төшөктү күйөө бала тараптагылар өзүлөрү камдашат.

— Тойлордо кайсы элдин музыкасына бийлейсиңер?

— Албетте, биринчи кезекте эл аралык катары эсептелген өзбекче музыкага бийлейбиз. Кыргызчага бийлегендер да бар. Бийге ылайыктуу кыргыз музыкалары аз да.

— Киши ааламдан өткөндө кантип узатасыңар?

— Бизде буяктагыдай жылкы же ноопас союлуп казан-казан аш демделбейт. Болгону алыстан келишкен меймандар үчүн бир кой союлуп кошунаныкында чай берилет. Кыркына бөтөнчө маани берилерин кошумчалай кетебиз. Ашыкча чыгымдардын зарылдыгы жок деп эсептейбиз. Ошондой эле биздин чөлкөмдө мүрзөнүн үстүнө заңгырата орнотулган таш эстеликтерди, күмбөздөрдү таптакыр көрбөйсүз.

— Алдыдагы максатыңар кандай?

— Эми куда кааласа бул жерден бешене терибиз менен иштеп тапкан маянабызды чогултуп үйлөнсөк деген асыл ой-максаттарыбыз бар.

Албетте, жашоо-турмуштун көйгөйлөрүнүн айынан бул дубандагы боордошторубуз тарыхый ата мекени болгон Кыргызстанга келишип эмгек мигранттары катары иштешип, материалдык абалын оңдоп жатышканы жакшы көрүнүш. Биздин балдар Россияны карай кетишсе, алардын ордун Өзбекстандагы боордоштор басып отурушат. Деги эле туугандарыбыз дүйнөнүн кайсы тарабында жүрбөсүн аман болушсун. Планетабыздагы элдердин достугу чыңдала берсин! Буюрса шарт болуп убакыт сааты чыкканда Жиззахты көздөй сапар алып каларбыз.

Адылжан Жажанов, Кыргызстан журналисттер союзунун мүчөсү

Булак: “Ачык сөз”

 

 

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *