ЖК депутаты Тазабек Икрамов: “Кыргыз кыздарын алган чет элдиктер Кыргызстанга инвестиция жасашы керек”

Бүгүн, 6-декабрда Жогорку Кеңештин кезектеги отурумунда депутат Тазабек Икрамов Кыргызстанда иштеп жаткан чет элдик жарандардын кыргыз кыздарга үйлөнүп, жарандык алып жаткандыгы коркунуч туудурарын айтты.

“Кыргызстанда иштеген чет элдик жарандардын кыргыз кыздарына үйлөнүп, жарандык алып жаткандыгына азыр көңүл бурбасак, 20 жылдан кийин коркунучтуу абалга кептелебиз”, – деди депутат.

Анын айтымында, миграция кызматы кыргыз жарандыгын берүү тартибин кайрадан карап чыгышы керек.

Мындан тышкары, ал чет элдик жарандар кыргыз жарандыгын алгандан мурда, мамлекетке пошлина төлөшү керектигин, андан сырткары, 3 миллионго (депутат бул сумма сом боюнча, же доллар менен экендигин так айткан жок.-“КТ”) жакын акча инвестиция кылышы зарылдыгын айтты.

“Карап көрсөңүздөр, башка мамлекеттер, анын ичинде Англия менен Түркия ушундай саясат жүргүзөт. Кыргызстандын жарандыгын алгандар өлкөгө пайда алып келбесе, кайра чыгарып салуу керек. Мага бул боюнча тактап берүүңүздөрдү талап кылам”, – деп, өкмөт өкүлдөрүнө кайрылды Т.Икрамов.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *