ЖКда имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен курууга багытталган мыйзам долбоору 2-окууда каралды

Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “КР айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамга, Кылмыш-жаза кодексине, Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске) 2-окууда каралды. Бул туурасында Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирет.

2-окуудагы мыйзам долбоору боюнча Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Махабат Мавлянова баяндама жасады.

Мыйзам долбоору шаар куруу  жана курулуштардын аткарылышына жоопкерчиликти көтөрүү чөйрөсүндөгү ченемдик-укуктук базаны тартипке салууга багытталган. Долбоор аркылуу имараттар менен курулмаларды этап-этабы менен долбоорлоону жана курууну ишке киргизүү каралган.

Талкууда имаратты долбоорлогон жактардын жоопкерчилиги каралгандыгы айтылып, мыйзам долбоорунун кабыл алынышы менен курулуш тармагындагы ишкерликтин өнүгүшүнө импульс болору белгиленди.

Мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *