ЖККУнун башкы катчысы Юрий Хачатуров кызматынан кетти

ЖККУнун башкы катчысы Юрий Хачатуров  кызматынан Армениянын чечими менен кетти. Бул тууралуу Орусиялык РБК маалымат агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматына ылайык, Юрий Хачатуровду кызматтан алуу чечимин Армениянын жаңы бийлиги кабыл алган. Буга чейин алар Хачатуровду конституциялык түзүлуштү бузуу аракетине айыптап, тергөө жүргүзүшкөн.

Анын милдеттери убактылуу анын орун басарына – орусиялык Валерий Семериковго жүктөлдү.

“Армения тарабынан демилгеленген Жамааттык коопсуздук келишимдик уюмунун башкы катчысы Юрий Григорьевич Хачатуровду кызматтан алуу тууралуу чечим кабыл алынганына байланыштуу анын кызматтык мөөнөтү аяктады”, – деп жарыяланган ЖКККУнун расмий сайтында.

Белгилей кетсек, ЖККУнун курамына Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Кыргызчалаган:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *