ЖККУнун башкы катчысынын кызматына алфавит боюнча Беларусиянын өкүлү дайындалат

Кечээ 8-ноябрда Казакстандын борбор калаасы Астанада Жамааттык коопсуздук жөнүндөгү келишим уюмунун сессиясында төрагалык Кыргызстанга өттү. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков төрагалык мезгилдеги Кыргызстандын приоритеттерин белгиледи.

Бирок сессияда уюмдун башкы катчысы дайындалган жок.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев ЖККУнун өлкөлөрүнүн башчылары бул кызматка Беларусиянын өкүлүн дайындоону чечишкенин билдирди. Анын айтымында, уюмдун башчысы алфавит боюнча дайындалат, ал эми анда Армениядан кийин Беларусия турат. Аны менен бирге Назарбаев бул маселе боюнча жыйынтыктоочу чечим 6-декабрда Санкт-Петерургда кабыл алынаарын белгилеген.

Эске салсак, 2-ноябрда ЖККУнун чечими менен Юрий Хачатуров уюмдун башкы катчысынын кызматынан бошотулган.  Аталган кызматка убактылуу милдетин аткаруучу болуп анын орун басары Валерий Семериков дайындалган.

Армениянын атайын тергөө кызматы ЖККУнун башкы катчысы, генерал-полковник Юрий Хачатуровго 2008-жылы конституциялык түзүлүштү бузган деген айып тагып, аны камакка алуу талабы менен сотко кайрылган. Ал эми өзү Хачатуров айыпты мойнуна алган эмес.

Булак:KyrgyzToday

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *