ЖККУнун жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо протоколуна түзөтүүлөр киргизилүүдө

Жогорку Кеӊештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун алкагында жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырды.

Мыйзам долбоору мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында даярдалган. Мыйзам долбоорун кабыл алуу Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен кошумча каржылык чыгым талап кылбайт. Ошондой эле, протокол КР Өкмөтүнүн жашыруун маалыматтын сакталуусун өз ара камсыздоо жөнүндөгү саясатына туура келет.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *