Жогорку Кеңештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков баштаган депутаттар Өкмөт башчысы Темир Сариев менен чек ара маселесин талкуулашты

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Асылбек Жээнбеков бүгүн, 23-мартта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, кыргыз-өзбек чек арасында түзүлгөн кырдаал боюнча пикир алышты.

Жолугушууга “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев, “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев, “Бир бол” фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын лидеринин орун басары Төрөбай Зулпукаров, Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Алмазбек Баатырбеков, Жогорку Кеңештин Аппарат жетекчиси Радбек Ешмамбетов, КР Ички иштер министри Мелис Турганбаев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Раимберди Дүйшөнбиев жана Өкмөттүн чек араларды делимитациялоо маселеси боюнча атайын өкүлү Курбанбай Искандаров катышты.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев баштаган Өкмөт мүчөлөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча Өкмөт тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кенен маалымат беришти. Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаалды жайгаруу, андан чыгуунун жолдоруна байланышкан суроолорду узатышты. Ошондой эле жалпы коомчулукка кыргыз-өзбек чек арасындагы абал боюнча өз убагында маалымат берип туруу, чек араны коргоодо баардык мүмкүнчүлүктөрдү пайдалануу жаатында сунуштарды берип, КР Президентинин жана Өкмөттүн мамлекеттик чек араны кайтаруу жана чек ара коопсуздугун камсыз кылуу багытында саясатын ар тараптан колдоого алууга даяр экендигин билдиришти.

Жогорку Кеӊештин Төрагасы Асылбек Жээнбеков Кыргызстандын жалпы айымдарын 8-март – аялдардын эл аралык күнү менен куттуктады

Урматтуу асылзат айымдар!

Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин атынан 8-март – аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайм.

Миңдеген жылдарды карыткан элибиз эзелтен аялзатына өзгөчө сый мамиле жасап келген. Аялзат – улут уңгусун сактаган мээримдүү эне, жароокер жар жана камкор эже-карындаш. Аялдар – ар бир үйдүн куту, өмүр булагы, жашоо чырагы. Сиздер менен бул дүйнө көрктүү.

Кыргызстандын жаркын келечегин түптөө, элдин бакубат жашоосун камсыздоого багытталган зор милдеттерди жүзөгө ашырууда айымдардын орду жогору. Жаратмандыгыңарга, иштермандыгыңарга, ар тараптуу колдооңорго таянып, биргеликте максатыбызга жетебиз.

Ишенимдүү тирегибиз болгон кымбаттуу апалар, эже-карындаштарыбыз бар коломтобуздун оту өчпөйт. Ар дайым адам баласына өмүр тартуулай бериңиздер, баарыңыздарга  чың денсоолук, узун өмүр, аялдык бакыт каалайм.

Майрамыңыздар менен!

Асылбек Жээнбеков, 

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кеӊешинин Төрагасы 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *