Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун мүлкүн батири гана түзөт

Жогорку Кеңештин спикери Дастанбек Жумабеков 2017-жылы 769,7 миң сом киреше тапкан.

Мамлекеттик салык кызматы аткаминерлердин кирешеси, чыгашасы жана мүлкү жазылган Бирдиктүү салык  декларацияны жарыялоону баштады.

Аталган декларацияда Жогорку Кеңештин төрагасынын мүлкүн аянты 59,5 чаарчы метрди түзгөн батири бар экендиги жазылган. Анын унаасы, жери жана башка мүлкү жок.

Төраганын жакын туугандары дагы эч кандай киреше тапкан эмес. Дастанбек Жумабековдун үй бүлөсүнүн дагы чыгашалары белгисиз.

Булак:KyrgyzToday 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *