Жол кырсыгынан кийин ээнбаштык кылган жарандарга карата кылмыш иши козголду

2017-жылдын 6-декабрь күнү болжол менен саат бештер чамасында Шопоков көчөсүнүн кайрылышынан жол-транспорттук кырсык катталып, Чүй облусунун Сокулук районунун 1993-жылы туулган П.А. аттуу жашоочусуна таандык “Мазда-Атенза” үлгүсүндөгү автоунаа менен милициянын старшинасы А. Кубаталиевдин башкаруусундагы Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББнын күзөт бөлүмүнө таандык “Лада-Приора” үлгүсүндөгү кызматтык унаа сүзүшкөн. Окуя болгон жерге Бишкек шаарынын ЖКККБнын патрулдук милиция кызматкерлери келишип, жол кырсыгын катташкан. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Автоунааны айдоочулар мас абалында башкаргандыгын аныктоо максатында экспертизадан өткөрүшкөн. Жыйынтыгында “Мазда-Атенза” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу мас экендиги аныкталып, ал эми “Лада-Приора” үлгүсүндөгү кызматтык унааны башкарган милиция кызматкери соо болуп чыккан.

Териштирүү учурунда күзөт бөлүмүнүн кызматкерлери төмөнкүдөй түшүндүрмө беришкен:
Ушул күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин МАККББга Дордой базарынын аймагынан телефон чалуу түшкөн. Бирок, посттун дислокациясы жол кырсыгы катталган Шопоков көчөсүнүн жанында жайгашкандыктан, күзөт кызматынын кызматкерлери түстү маякчаларын жана катуу үн чыгаргычтарын күйгүзүп алышып чакырган жерге бара жаткан учурда “Мазда-Атенза” үлгүсүндөгү автоунаасы менен сүзүшкөн.

Андан сырткары, жол кырсыгы катталган жерди каттоо учурунда “Мазда-Атенза” үлгүсүндөгү автоунаанын жүргүнчүлөрү милиция кызматкерлеринин ишине тоскоолдук жаратканга аракет кылышкан. Маданиятсыз сөздөр менен сүйлөшүп, “Мазда-Атенза” үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусун чыгарып кетүүгө аракет жасашкан. Ошондой эле, “Лада-Приора” үлгүсүндөгү кызматтык унаага орнотулган видеорегистраторду талкалашып, флешкартасын уурдап кетишкен.

Коомдук тартипти бузган факты боюнча Свердлов РИИБнин тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (ээнбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Жогорудагы кылмыш ишине шектүү катары 1983-жылы туулган П.А. аттуу Сокулук районунун Новопавловка айылынын, 1982-жылы туулган Б.В. аттуу Токмок шаарынын, 1987-жылы туулган Л.Д. жана 1988-жылы туулган А.Э. аттуу борбор шаарыбыздын жашоочулары кармалган. Ар бир кармалган жарандар медициналык экспертизадан өткөндөн кийин, алар мас абалында экендиги аныкталган. Азыркы учурда жол кырсыгына учураган эки автоунаа атайын унаа токтоотуучу аянтчага жеткирилди. Бир нече экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *