Жолборс Жоробеков: Атамбаевдин командасы Жээнбековдун катачылык кетиришин күтүүдө

-Жолборс Жоробекович, биздин гезиттин бир нече санына жарыяланган «Кыргызстандын саясый процессиндеги мамлекеттик бийлик жана коррупция» деп аталган макалаңыз окурмандар арасында зор кызыгууну жаратты. Өлкөдөгү саясый процесстер, анын ичинде президент Жээнбековдун коррупцияга каршы жүргүзүп жаткан иш-чаралары мындан ары кайсы өңүттө өнүгөт деп ойлойсуз?

– Мен жакында эле Көл жана Жалал-Абад тарапта дарыланып, эс алып келдим. Ошол жакта эл-журттун азыркы болуп жаткан процесстерге кызыгуусу, силердин гезиттин аброю чоң экенин байкадым. Бирок, «Акүй, Көкүйдөгү жетекчилер гезит деле окубайбы?» деп калдым. Себеби, алар тараптан бир да телефон чалуу, кызыгуу болгон жок. Алардын басма сөз кызматы кан-дай иштеп жатканына таңгалам. ЖМКлар аркылуу президенттин дарегине айтылган айрым сөздөргө да эч бир жооп айтышпайт. Эгер туура эмес маалымат берилип жаткан болсо, «жок, андай эмес, мындай» деп кандайдыр бир жооп бериш керек да. Бирок, мен андайды такыр көрө алган жокмун.

Окуя мындан ары кандай өнүгүшү мүмкүн? Азыр биз каалайбызбы-каалабайбызбы, элдин жаңы президентке болгон ишеними чоң. Анын алгачкы кадамдарына баам салып, чечкиндүү аракетгерди күтүп жатышат. Бирок, андай аракеттер негедир кечигүүдө. Мен макаламда жазгандай, мурдагы президенттер деле коррупцияга каршы күрөшүп эле келишкен. Бирок, балдары, туугандары аралашып кеткендигине байланыштуу ал күрөш натыйжа берген эмес. Ал эми Жээнбековдун колу таза болгондуктан, «бул жолку аракеттерден бирдеме чыгат го» деген үмүт абдан чоң. Ошон үчүн Жээнбеков азыр иштиктүү кадамдарга барып, элдин ишенимин акташы керек.

– С.Исаков, И.Илмиянов, А.Шадиевге карата кылмыш иштери ачылганына кандай карайсыз?

– Албетте, Исаков, Илмиянов, Шадиевдерге бул иштер ачылышы керек эле. Бирок, мында бир коркунучтуу нерсе бар. Илмиянов да, Исаков да каржылык документтерге, келишимдерге кол коюшкан эмес. Бирок, коррупцияны жасашкандар да, акчаны алгандар да ушулар экенин элдин баары айтышууда. Айылга барсаң «Илмиянов депутат кылам деп момундан 200 миң алган, сен губернатор болосуң деп тигинден 300 миң алган» деп сайрап отурушат. «Калк айтса калп айтпайт» дейт. Демек, туугандардын, достордун арасында сөз болгон. Жанагындай сөздөр ошон үчүн чыгып атат да. Менин таңгалганым, өкмөт башчы, Жогорку Кеңештин төрагасы отурган жерге Илмиянов барса экөө тең ордунан тура калчу. Ушундан эле билсе болот. Албетте, ал бул иштерди өзү жасаган эмес да. Президенттин унчукпаган макулдугу менен жасалган. ТЭЦтеги авария, самолеттун кулаганы – бул экөө тең кокустук. Ушул кокустуктан улам билинип калды да. Эми акырын-акырындан тарых музейиндеги, «Датка-Кемин» электр линиясындагы, түндүк-түштүк альтернативалык жолундагы, Чолпон-Ата ат майданындагы коррупциялык көрүнүштөр ачыкталып атат. Албетте, азыр камакта жаткандар «бизге жогору жактан ошондой буйрук болгон. Биз буйрукту гана аткарганбыз» деп айтышы мүмкүн. Бирок, алардын көрсөтмөсү тигилерди жоопко тартканга канчалык негиз болуп берет? Бул өтө кыйын маселе. Бирок, чечүү жагдайын табыш керек го?

Атамбаевдин мындан аркы кадамдары кандай болушу мүмкүн?

– Бул боюнча бир топ варианттарды айтса болот. Эң биринчи вариант (бул жакшы вариант эле) Атамбаев да Ельциндей болуп, «өзүң башкар, өзүң бил, мени калкаласаң эле болду» деши керек эле. Мына, азыркыга чейин Ельциндин кызы, күйөө баласы жөнүндө эч бир иш чыгарбай жатат. Болбосо Михалков жана башкалар анын иштерин бүгүнкү күнгө чейин чукуп атышпайбы. Бирок, президент аны ырбатпай, акырын жаап коюп атат. Атамбаевде да ушундай мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок, ал муну пайдалана албады. Эми бир гана жол калды: булар азыр биринчиден, Жээнбеков кандайдыр бир катачылык кетиришин күтүп жатышат. Экинчиси, алдыдагы шайлоого даярдык көрүшүүдө. Себеби, буларда акча көп, жалпыга маалымдоо каражаттары бар. Ошолорду пайдаланып, башка мамлекетгердегидей кайра бийликке келүүнү ойлошууда. Бирок, эл аларды колдойбу – бул башка маселе. Биз ага чейин бир канча мыйзамдарга өзгөртүү киргизишибиз керек. Улуттук кеңеш түзүп, бир жылбы, бир жарым жылбы, талкуулап, Конституцияны өзгөртүү зарыл. Биз азыр депутаттардын интеллектуалдык деңгээли төмөн деп айтып жүрбөйбүзбү. Бизде мамлекеттик кызматкерлерге, сотторго болгон абдан жакшы тесттер бар. Дагы бир топ суроолорду кошуп туруп, ошол эле тесттерди депутаттарга да колдонуу керек. Ошондо деңгээли төмөн талапкерлердин көбү тесттен өтө албай калышат эле деп ойлойм. Экинчиден, шайлоо системасын бир аз өзгөртүү зарыл.

– «Текебаевдин иши кайра каралышы керек» деген пикирге кошуласызбы?

– Бул маселени тезирээк караш керек. Себеби, бүгүн талкууланып жаткан ТЭЦ, тарых музейи сыяктуу ызы-чуулардан миллиондогон доллар акчалардын башы чыгып жатат. Ал эми Текебаевдин ишинде болсо мамлекетке эч кандай зыян келтирилген эмес. Одоно айтканда, россиялык бир жуликтен биздин кишилер акча алышыптыр. Бирок, аны да алган-албаганы далилденген жок. Анан ошон үчүн эле Кыргызстандын демократиялык процессинде өтө чоң роль ойногон, «Конституциянын атасы» деп аташкан жигитти түрмөгө камап койгон дүйнөлүк практикада жок. Ошон үчүн Ө.Текебаев, Д.Чотонов, Б.Асанов, Б.Талгарбеков, К.Исаевдин ишин жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра карап, бошотуу керек. Эгер булар бошосо, Атамбаевге урулган чоң сокку болот. Ошон үчүн алар өздөрүнө таандык ЖМКлар аркылуу жамандаганын токтото элек.

– Президентке кандай кеңеш айтаар элеңиз?

– Элге таянып, эл күтүп жаткан иштерди жасоо зарыл. Тезирээк өзүнүн жанына консультативдик кеңеш түзүп, акылкөй адамдарды топтошу керек. Мурдаты президенттердей «сен оппозиция, сен позиция» деп бөлбөй. Керек болсо А.Мадумаров. Ө.Бабанов, У.Кочкоров сыяктуу жигиттердин баарын чакырса туура болот. Президент алардан өзүнө идея алып турушу керек. Мисалы, Нураке казактын Тасмагамбетов, Тажин, Бурханов сыяктуу мыкты жигиттерин жазган макалаларынан, сүйлөгөн сөздөрүнөн улам эле өзүнө чакырып, «өлкөнүн арабасын чогуу тарталы» деп алардын идеясын колдонуп жатат.

Рамис Текиреңов

Булак: “Азия ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *