Жолдордун сапаты көчмө лабороториянын жардамы менен текшерилет

15-майдан тарта атайын көчмө лабораториянын жардамы менен жолдордун сапаты текшериле оаштайт. Бултууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Инновациялык өндүрүш борборунун аткаруучу директору Эмил Таштаналиев билдирди. Анын айтымында, биринчи текшерүү Аламедин-Красная речка жолунан башталат. Маалымат боюнча, көчмө лаборатория 250 миң долларга жол жасап жаткан компаниялар тарабынан алынган. Лаборатория жүрүп баратып, жолдун сапатын текшерип, кайсы жерин оңдош керек экенин аныктайт, андан соң  паспорт жасалат.

Адистердин айтымында, мындайда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбейт. Жолдун сапатын көчмө лаборатория менен текшерүү ыкмасы Кыргызстанда биринчи жолу кирип жатат. Маалыматка ылайык, жолдорду паспорттоштуруу биринчи кезекте өлкөнүн түндүк аймагындагы жол

дорго жасалат.

Булак: Мантыш

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *