Жолдошбек Сыдыков, профессор: “Атамбаев президенттиктен кетээринде жөн кетпей элдин баарын бузуп, конфликтти көбөйтүп, түндүк-түштүктү бири-бирине карама-каршы коюп жатат”

“2016-жылдын 31-августунда, Эгемендик күнүндө Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүнө мен таң калдым да. Мындайча айтканда шокко түшүп калдым да. Ага чейин баарын жакшылыкка жоруп жүрчүмүн.  Ошол сөзүнөн кийин башка заман башталгандай сезилди”,  – деп билдирди Нарын университетинин профессору  Жолдошбек Сыдыков  Сөз эркиндиги комитетинин өткөн жумада Нарында өткөргөн жыйынында чыгып сүйлөп.

“Андан кийин бүгүнкү күнгө чейин ал эмне саясат экени белгилүү болуп калды. Мен таң калам. Атамбаев эмне үчүн, кандай максатта президенттикке келген дейм да? Ошол Кыргызстанды оңдоюн, элдин көйгөйүн чечейин деген ою бар беле? Бизде көптөгөн көйгөйлөр чечилбей турат. Коррупция, укук бузуулар, сот органдары, укук коргоо органдары эмне болуп жатат?  Баардык тармактарда, экономикада, билим берүүдө, саламаттыкты сактоодо, чек араларда  канчалаган көйгөйлөр турат. Бирок алардын баары эмнегедир чечилбей жатат да. Таптакыр, мындай алдыга жыла турган иштер болбой жатат да. Кайра тескерисинче Сөз эркиндигине кол сала баштады ачыктан-ачык. Эми интернеттеги “лайк” үчүн ГКНБга чакырып жатса биз каяктагы демократияны айтып жатабыз? Демократия деген ошол массалык маалымат каражаттары аркылуу тарайт да. Сөз эркиндиги бул эң негизги баалуулук да! Эгер биз 2010-жылы болгонду революция деп атасак азыр ачыктан-ачык контрреволюцияга өттү!  Өзүнүн саясый оппоненттерин эмне деп гана каралап жатат? Өзү адам катары кандай ойлонот бул киши?  31-августта өзү менен кошо революция жасагандардын баарын кылмышкер кылып койду. Ошолордун баары өзү менен кошо чоогу келген. Керек болсо Текебаев бир кезде “сен президент бол” деп ага орун бошотуп, өзүнүн талапкерлигин алып салган. Эми президент болуп, анан кетээринде жөн кетпей элдин баарын бузуп, конфликтти көбөйтүп, түндүк-түштүктү бири-бирине карама-каршы коюп, Азимжан Аскаровдун маселесин чайкоочулук кылып, бүт элдин баарына провокация кылып жатат.  Мен түшүнбөйм жана мындай саясатты колдой албайм. Мындай саясатка каршы чыгам. Эгер бул ушул саясатын уланта берсе президенттик мөөнөтү аяктаганча Кыргызстанды дагы бир чоң конфликтке алып келип такап коёт да.  Мына конфликт уже башталды, интернетте, гезиттерде, теледе эл саясый негизде конфликт болуп жатышат. Диний негизде конфликттер башталды. Улуттар арасында кайра конфликт жанданып келатат. Буга жапатырмак каршылык көрсөтпөсөк Кыргызстанда социалдык согуштарга айланып кетет”, – деди Нарын университетинин профессору  Жолдошбек Сыдыков.

Булак: Кyrgyztoday.org

2 comments

  • Бакыт says:

    Декабрь айына эл.энергия учун 3800сом толоп, Январь айына эл.энергияны уномдоп жаккандагы сумма 5364сом болду. Бирок бул эсеп кандай жол менен кобойду деген суроо??? пайда болду менде.

  • Адилет says:

    Жолдошбек Сыдыков эмне суйлоп жатканын озу тушунбойт. Ал университетте иштеген жылдары козго корунорлук эч жумуш жасаган эмес. Анан ушундай адам башканы сындаганы уят эле иш. “Ата Мекен” партиясын болсо 2010-жылы Текебаев, Мадылбеков, Тологонов эбак булгап коюшкан. Эми актанып туш келген жерде Атамбаев тууралуу ушак суйлошкондору, эн жаманы эл ичине жайылтышканы эркек кылар иш эмес. Олкодо онугуу, озгоруу жасайын деген президенттин максатына бардык уурулар каршы болуп жатышканы азыр корунуп эле калды. Ошондуктан ар нерсени суйлобой эле койсонор, суранам. Андан коро жакшы сунушунар болсо айткыла, айта албайсынарбы, анда шук отургула. Ал эми 31-августтагы соз абдан туура айтылган. Чогуу келишкен туура, бирок, 30-августта чыккынчылыка барышкан, Текебаев менен Отунбаева баш болуп убактылуулардын кобу. Алар конституциялык реформага каршы чыгышкан, президентти бийликти узурпациялады деп айыпташкан. Бул жалаа болгон, Эмоциялуу адам катары, эч кечиктирбей дароо эртеси жооп бергени абдан туура болгн. Созу кезеги келгенде айтпаса, соз атасы олот! Акырын былгытып коюп, анан катуу жооп алганына таарынган убактылуулар эртен камаларын билип конституциялык реформага каршы чыгышкан. Анткени ар биринин шкафында ач арбактар, скелеттер толтура.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *