Жолдубаева кытайлар менен кызматташабы?

Миңге жакын Кытай жаранына Кыргызстанда иштөөгө мыйзамсыз уруксат берилген. Ар бир уруксат кагазынын баасы 5 миң доллар турганы Жогорку Кеңештеги кор­рупция боюнча жыйында белгилүү болду. Анда депутат Кенжебек Бокоев: «2016-жылы кызматтык жасалмалуулук боюнча кылмыш иши козголду эле. Анда Кыргызстандагы 996 Кытай жаранына өлкөдө жүрүүгө уруксат берген мыйзамсыз документтер аныкталган. Ыкчам маалыматтар боюнча ар бир чет элдик жаран мына ошондой документ алуу үчүн 5 миң долларга чейин па­ра беришет экен. Ошондо бул Кы­тай жарандарынын иши боюнча эле 5 миллион долларга чукул коррупциялык акча айланганын байкоого болот. Бул кылмыш иши эки жылга чукулдап калса дагы бир жыйынтыгы чыкпай, тынчып эле кетти. Мына ошол иш эмне болгон?»- деген суроону Башкы прокуратуранын өкүлүнө узатты эле, ал убагында кылмыш иши козголгонун, кийин Башкы прокуратурадан тергөөнү алып койгондон кийин жыйынтыгы эмне болгондугун билбестигин айтып ийнин куушурду. Шылтоосу даяр. Тергөөнү башкага өткөрүп бергенден кийин, ал иш эмне болгонун сурап, тактап көзөмөл кылганга укугу бар да прокуратуранын, эмнеге оозуң кайсы десе мурдун көрсөтүшүп өлүмүш болушат? Башкы про­курор Индира Жолдубаева кытайлар менен кызматташкандан сообу?

Булак: Фабула

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *