Жоодарбешим Ошко күйөө бала болду

Кыргыз шоу-бизнесинде үйлөнүү-үлпөт тойлордун парады дагы да болсо уланууда. Бул кубанаарлык албетте. 4-декабрда шоу-бизнестин да­гы бир өкүлү, ырчы Жоодарбешимдин үйлөнүү тою болуп өттү. Ырчы мырзанын жаш ырчы достору, жакындары эки жашка бакыт тилеп, салтанаттын көркүн ачышты. Жоодарбешим 5 жылдан бери кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүргөн Аксана аттуу кызга ушул жылдын күз айларында баш кошкон. Аксана жеңил атле­тика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпиону. «Келинчегим Аксана дизайнер, модель, спорт чебери, жеңил атлетика боюнча Кыргыз өлкөсүнүн бир нече жолку чемпио­ну. Чуркоо боюнча 8 жыл машыккан, 30га жакын медалы бар. Аксана мени боорукерлиги, жөнөкөйлүгү, жан дүйнөсүнүн тазалыгы менен тартып алды», – деген Жоодарбешимдин сөзүнөн кийин жубайы «комсомолка, спортсменка анан жөн эле красави­ца» экен десек жарашчудай.

Булак: “Де-Факто”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *