Жоомарт Оторбаев, экс-премьер-министр: “Инвестиция келмейин – экономика өнүкпөйт”

– Жоомарт мырза, өкмөттөн кеткенден бери эмне менен алексиз?

– Чет өлкөлөргө тынымсыз көп чыгып жүрөм. Европадан тартып, Азия өлкөлөрүндөгү илимий конференцияларга катышам. Менин кесибим физик. Физика – бул кагаз-калем менен иштей албаган, эксперимент, каражат көп талап кылынчу тармак. А анча жетиштүү каражатты чет жакта иштеп гана табасың.

– Ошондо, чет өлкөлөргө барып, акча таап иштеп жатасызбы?

– Мени көп өлкөлөрдөн чакырышат. Бир апта болду, Астанага барып, «Астана клубу» деген чоң жыйындын алкагында 30га жакын мурунку өкмөт башчылары менен жолугушуп келдим. Ага казак президенти Назарбаев да катышты. Глобалдык маселелер талкууланды. Мындай масштабдуу жыйындар абдан пайдалуу, мен да алардын ойлорунан өзүмчө жыйынтык чыгарып, дагы көптү үйрөнүп жатам. Негизинен, мени чакырган конференция, жыйындарда дүйнөлүк экономика, дүйнөлүк процесстер, геосаясат, геоэкономика, Борбор Азиянын ролу, ЕврАзия экономикалык өнүгүү ж.б. багыттарында маселелер каралат.

– Жакында президент Жээнбеков экстерди чогултуп, жолугушуу өткөрдү. Ага катышкан адам катары жолугушуудан кандай таасир алдыңыз?

– Биринчиден, ал жолугушуу бизге да, президенттин өзүнө да абдан пайдалуу болду. Кыргыз тарыхында биринчи жолу мурдагы төрагалар, мурдагы өкмөт башчылары президент менен маңдай-тескей отуруп, өлкө келечегин талкуулашты. Мага сөз берилгенде да ушул ойду айттым. Бул жакшы факт. Отургандардын баары тең саясый элита. Көбү иштен начар иштегенден эмес, саясый себептерден улам кетишкен. Ар бирөөнүн көп жылдык тажрыйбасы, билими бар, патриот, Кыргызстанда жашап, келечек тууралуу ойлогондор. Андыктан, биз жакшылык каалап, өз ойлорубузду айттык.

– Негизги талкуу кайсы темада болду?

– Көпчүлүгү жалпы саясый маселелерди көтөрүштү. Азыркы Конституциянын кемчиликтери бар, ошону бир нерсе кылыш керек. Көп сын парламент жөнүндө болду. Шайлоо системасын өзгөртүү керектиги айтылды. Мурунку премьерлер экономикалык маселелерди көтөрүштү. Инвестициялык климат, экономиканын өсүшү жөнүндө, бизнес чөйрөсүндөгү окуяларды ортого салышты. Жалпысынан жыйын баарыбызга жакты. Президент да «мындай жолугушуу дагы болот» деди.

– Азыр «өлкөдө экономикалык абал кыйын абалга кептелди» дешүүдө. Сиздин баамыңыз кандай?

– Мен өкмөттөн кеткенден бери «саясатка аралашпайм» деген прициптемин. Азыркы жетекчилер иштешсин, экономиканы ошолор көтөрүшсүн. «Такыр иштебей жатат» деп айтпайм, аракеттери бар. Бирок, өкмөт ишиндеги мени ынандырбаган нерсе бар. Азыр үч жылдык бюджет кабыл алынганы жатат. «Орточо экономикалык өсүш 2,5 пайыз» деп киргизип жатышат. Бул туура эмес. Кыргызстандын калкынын саны жылына 3 пайызга жакын өсүп жатат. Ар бир адамдын жалпы мүмкүнчүлүгү, башкача айтканда, ИДП ар бир кишиге түшүп жатат. Бул прогресспи же регресспи? Азыр биз XXI кылымда жашап жатабыз. Элибиз билимдүү, тилдерди билет, эмгекчил, эмнеге биз 2,5 пайыз өсөбүз? Ошондуктан, өкмөткө жардам бериш керекпиз, 2,5 пайыз деген болбойт. Амбициялык программа түзүү керек. Аз дегенде 5-6 пайызга өссөк болот. Башка мамлекеттерге карасак, эмнеге башкаларда жакшы прогресс, а биз дайым эле кедей болуп кала беребиз?

– Сиздин оюңузча, канткенде экономиканы көтөрүүгө мүмкүн?

– Терминологияда «инвестициялык климат» деген бар. Дүйнөдө 200гө жакын мамлекет болсо, баары инвестиция тартууну талашышат. Биз да кошуналар менен талашышыбыз керек. Бул деген атаандаштык, мелдеш. Анүчүн өкмөт эл аралык деңгээлде процедураларды кабыл алуусу шарт. Инвестиция келсе каражат келет, экономика өсөт, эл турмушу жакшырат.

– Бийлик кызмат сунуштаса, келесизби?

– Жок. Силерге окшогон жаштар иштей турган учур азыр. Жаштарыбыз курч, идеяга бай, интеллекти жогору. А биз эми кеңеш берип, тажрыйбаларыбыздан бөлүшүп турганыбыз туура болот да. Жаңы муун иштеп, өлкөнү алдыга сүрөшсүн.

Маектешкен: Динар Турдугулова

Булак: «Азия ньюс»

1 ой-пикир

  • Эми Aтамбаев деле Карызды ала бериш керек деп журуп экономиканы бок кылды, аны уурдады. Биринчи озубуздун ички байлыктарды иштетишибиз керек.Маселен, Тажикстан Ронгун ГЭС ин курууда ички ресурсун пайдаланды. Эн Биринчи озубуздун Кадрларды, жумушчуларды пайдаланыш керек, завод фабрика куруу керек. Кен байлыктарды итбекерге Чет олколукторго берип койдук.Кыскасы, Экономика эмне экенин тушунбойбуз, чондор уурдаганды гана билет ,Экономика эмне экендиигин билбейт?!!!

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *