Жугуштуу оорулар күч алып барат

Өлкөдө акыркы мезгилде түрдүү жугуштуу оорулардын күч алып жатканынан жана ооруканаларда орундардын тартыштыгынан улам республикалык дермато-венерологиялык борборунда кошумча 35 орун түзүлдү. Кабыл алуу бөлүмүнө бейтаптар көп келгендиктен Кыргыз-Орус Славян университетинин жана Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жугуштуу оорулар кафедраларынан ассистенттер жана ординаторлор тартылууда. Мындан улам кабыл алуу бөлүмүндө иштеген дарыгерлердин саны көбөйтүлгөнүн саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Булак: «Азия ньюс»

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *