Жумагулов сыйлыктарды татыктууларга берем деди

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов маданият тармагындагы мамлекеттик сыйлыктарды тапшырууга жаңыча көз караш керек деген пикирин айтты. Ал бул туурасында сыйлык маселесине байланышкан жыйында: “Мамлекеттик сыйлыктарды аткаруучулардан мурда, жаратуучуларга ыйгаруу зарыл. Жер-жерлердеги китепкана, му­зей, музыкалык окуу жайлардын кызматкерлери, ошондой эле кол өнөрчүлөр, комуз чапкан усталар, зергерлер унутта калып жатат”,- деп билдирди. Ырасында, министрдин бул айткандарында данек бар. Анткени акыркы убактарда коомчулук мамлекеттик сыйлыктар көп санда жана татыктуу эмес адамдарга берилип жатканын сындап келет. Белгилей кетсек, Курманбек Бакиевдин убагында (2005-2010) 3453, Алмазбек Атамбаев башкарган жылдары (2012-2017) 1307 мамлекеттик сыйлык берилген.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *