Жумакадыр Акенеев, экономист: “Бирөөнүн колун карап олтура бербей, өзүн-өзү каржылоого өтүшүбүз керек”

— Жумакадыр мырза, Жогорку Кеңештеги саясий абал татаалдашып, Өкмөттүн туруктуулугуна доо кетирип жатат. Жыл айланбай Аткаруу бийлиги алмашууга аргасыз болууда. Тышкы карыз өсүп, экономикабыз эңшерилип турганда саясий оюндун кереги бар беле?

— Чындап айтканда 31-август күнү аянтта президент өзүнүн өнөктөштөрүнө катуу сын айтпадыбы. Ошондон бери Атамбаев менен Текебаевдин ортосунда ачык тирешүү пайда болду. Булардын мындай тирешүүсү экономикага да зыян алып келди. Анткени, Кыргызстанга келген инвесторлордун баары иштерин токтотуп койду. Алар референдум эмне менен бүтөт, саясый туруктуулук сакталабы, эл митингге чыгабы деп кооптонуп калганы ачык эле көрүнүп калды. Негизи Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилиш керек болчу. Бирок эмнегедир шашып коюшту. Менин оюмча мына азыркы Конституция менен беш жыл бою жашадык, дагы бир аз күтүп, толуктоолорду киргизип, анан референдум өткөрө берсе болмок. Өзүңүздөр билесиздер Убактылуу өкмөттөн кийин туруктуулук жок болуп, акыркы эки жылдыкта бир аз оңолуп калган эле. Анткени шайлоо системасына өзгөрүү кирип, биометрикалык паспорт менен шайлоо өткөзбөдүкпү. Мына ошондон кийин нааразылык билдирип чыккандардын саны азайган. Азыр абал кичине курчугансып турат. Бул тиреш мурдагы бийлик менен эмес, чогуу бийликке келип Убактылуу өкмөт болуп түзүлгөндөрдүн ортосунда өтүп жатканы элди кооптондуруп атат. Мына азыркы парламентке келген депутаттар ар кайсы министрликтерди талашып, ич ара келише албай жаткандары көрүнүп жатат. Ал эми элдин кызыкчылыгын, мамлекеттин өнүгүүсүн ойлогондор аз болууда. Парламенттик башкаруу болгондон кийин баарын ошолор көзөмөлгө алыш керек эле да. Бирок президент аны байкап калып, өкмөттүн, сот системасынын, парламенттин бир топ функцияларын өз колуна алып калган. Жыйынтыгында биз парламенттик өлкө болбой эле күчтүү президенттин башкаруусундагы өлкө болуп калгандайбыз. Атамбаев өзгөртүүлөрдү киргизсек жогорудагы айтылган маселелер чечилип, менден кийинки келген президенттин колуна бийликтин баары өтүп калчудай, ошон үчүн анын бийлигин азайтып, аларды аткаруу бийлигине берип күчтөндүрөлү, парламенттик башкарууну жолго салалы деп айтып жатпайбы. Бирок башка да ойлору бардыр. Негизи ошол референдумдун тегерегиндеги келишпестиктерден улам саясий туруктуулук болбой жатат.

— Негизи Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү колдойт белеңиз?

— Конституцияга түптөлгөн өзгөртүүлөрдү киргизсе болот эле. Мисалы, азыр парламенттик партия менен шайлангандардын 20–30 пайызы гана эл тарабынан шайланып жатышат. Себеби, депутаттарга, парламентке болгон элдин ишеничи акталбай, элдер шайлоого көп катышпай жатышат. Эми ар кандай акча төлөө жолдору менен дагы катыштырып, жалпысынан алтынчы чакырылыштын депутаттарын шайлоодо 54 пайыз эл катышты. Анын ичинен парламентке өткөн алты партия анын жарымын гана алышты. Калган шайлоочулар башка партияларга добуш берген эле. Ошентип элдин төрттөн бир пайызы эле катышып, 70 пайызы четте эле калышты. Биз ошон үчүн өзгөртүүлөр кирсе Орусиядай 50–50 пайыз болбосо да, 60–40 пайыз болуп бир мандаттууларга берсе, аларды эч ким алмаштыра алмак эмес. Кырсык же башка болуп кетсе анда экинчи орундагыларды БШК бекитип бермек. Ошондо элге белгилүү, коомдо орду бар инсандар шайланмак. Маселен окумуштуулар, юристтер депутаттыкка жок дегенде 30 пайызы шайланып калмак. Ал эми азыркы депутаттар шайланганда баягы эле көрүнүш болуп, аялдар дагы, жаштар дагы жок бир беттүү акчалары барлар келип ээлеп калып жатышат.

Сот системасында алты жыл бою эч кандай өзгөрүү, жылыштар болгон жок деп айтсак болот. Сотту атайын кеңеш тандап, экзаменден өткөзүп, тизмесин президентке алып барат экен да, ошол жерден жарлык чыгат. Бул соттор жыйынтыгында президентке баш ийип, ошолордун айтканы-дегени менен эле болуп, көз каранды болуп калат экен. Анан аларды пайдаланса болот да. Эгерде бир нерсе болсо сени соттон алабыз деп коркутушат. Ошон үчүн соттор шаардык, райондук, айылдык округдарга экзамен тапшырып жатышпайбы, аларды да БШК билимине жараша бөлүштүрүп койсун. Анан алар депутаттардай эле беш жыл иштешсин. Ошондо соттор көз карандысыз болмок. Аларды президент дагы, өкмөт дагы иштен ала алышмак эмес дагы көз каранды болбой, так иштеп өзгөртүүлөрдү киргизмек. Ар бир бийликтин бутагы өзүнүн милдетин аткарышы зарыл. Президент Жогорку Кеңештин, Өкмөттүн ишине кийлигишпей, өзүнүн ишин так аткарыш керек. Биз салыкты төлөп атабыз, алар ошонун эсебинен бюджеттен айлык алып атышат. Алар жумушка күндө келиш керек. Азыр болсо 120сы шайланып алышып, күнүнө 30дайы эле келет да бири-бирине ишеним кат берип коюшуп, добуш берерде ары-бери чуркап жүрүшөт. Депутаттар Жогорку Кеңешти мыйзам чыгаруучу эмес эле өз үйүндөй көрүп алышты. Ошон үчүн Жогорку Кеңешке ишенич жок.

 Бизде Жогорку Кеңештен сырткары ата-бабаларыбыз колдонуп келген Курултай деген институтубуз бар. Көп маселелер Курултай аркылуу чечилип келингенин билебиз. Азыр да элдик Курултайды чакырып, өз жолубузду тактап алганга мүмкүнчүлүк бар да. Сиз кандай дейсиз?

— Бүгүнкү саясий абал Кыргызстандын өз алдынча мамлекет болуп өсүп-өнүгүүсүнө бөгөт коюп жатат. Бири-бирине жакпай, ырк кетип турган парламентти айтпай эле коёюн, сөздү көбөйткөн мамлекеттик система тууралуу унчукпайын, бирок элдин көзүнө көрүнүп эле калган бийлик бутактары четте калып жатпайбы. Азыркы бийлик ага көп көңүл бурбай жатат. Бирок, элдик курултай, ар бир айылдын аксакалдар кеңеши деген бар. Бул дагы мамлекеттик кеңеш да. Ошолордун баарын пайдаланыш керек. Кыргыздарда байыртан эле курултай аркылуу баардык маселелерди чечишкен. Анан азыр биз уруу-уруу болуп бөлүнгөн учурларды көрүп жатабыз. Мунун бир жагынан пайдасы да бар экен. Анткени бири-бирине жардам берип, мектептерди салып, кедей-кембагалдарга жардам берип жатышат. Мына ушундай сапаттардын туура жактарын колдонуп өсүп келе жаткан жаштарга трайбализм же башка маселелерди жоюп, көп пайда көрсө болот. Бийликтегилер ушуга окшогон сапаттарды пайдалана албай жатышат. Мунун жыйынтыгы КМШ мамлекеттердин ичинен эң жакшы шартка карабай Өзбекстан, Тажикстандан артта калдык. Ал эми жанагы бизде болуп жаткан жылыштар жолдордун оңдолушу жана башкалар тышкы карыздын эсебинен болуп жатат. Кытайдан грант алып Бишкектин ичиндеги жолдорду оңдоп жатабыз. Биз бирөөнүн колун карап олтура бербей, өзүн-өзү каржылоого өтүшүбүз керек. Ошон үчүн азыр бизде саясый, экономикалык кырдаал укмуштай деп айтууга кыйын.

— Президент Алмазбек Атамбаев мураскерди даярдабайм деген эле. Сиз учурда мураскер катары кайсы фигураны байкап жатасыз?

— Ооба, президент мураскер дайындабайм деген болчу. Менин оюм боюнча ар бир президент кызматын өткөзүп кетип жатканда өзүнө жакын адам президент болуусун каалайт да. Эми ар түрлүү божомолдор айтылып жатат. Кубанычбек Кулматов, Сапар Исаков, кээ бирөөлөр Жээнбековдордун бирөө болушу мүмкүн деп айтышууда. Маселен, Сапар Исаков окууну бүткөндөн бери жанында жүрүп, тышкы саясат жагында аралашып калды. Эми ал бираз жаштык кылып атат. Ким билет мүмкүн аны да көргүсү келип жаткандыр. Мен президент баш болуп, СДПК партиясы жыйын өткөзүп, бир талапкерге токтойт да, анан ошону баардыгы чогуу колдошот деп ойлойм.

— Учурда көптөгөн соода-сатыктар доллар менен жүрүп жатат. Базарга барсаң деле өзүбүз өндүргөн картошка, сабиз саткандар доллар көтөрүлдү, баа өсүп жатат деп айтат. Долларды айтып жүрүп сомдун кунун түшүрүп алган жокпузбу?

— Кыргызстандын өзүнүн валютасы сом болгондон кийин сом менен жашашыбыз керек. Себеби биз учурдун талабына ылайык доллар менен иштеп жатабыз. Бул эми башка валюталарга доллар, юанга тыюу салуу эмес. Алар деле иштей берсин, бирок өткөзүлүп аткан соода-сатыктар сом аркылуу өтүш керек. Ошонун баардыгы өзүбүздүн валютага өткөндө, мамлекеттеги көмүскө экономика дагы ачыкка чыгат. Буга чейин 60 пайыз соода-сатыктардын баары башка валюталар менен өтчү. Өзгөчө баалуу төлөм болгон батирлер, машиналар, жер тилкелери доллар менен бааланчу. Мунун баары сом аркылуу өтсүн деп жатабыз. Маселен, бирөө үйүн сатса нотариустан сом менен гана банктан чек алып келдирип каттап бериш керек. Мына ошондо гана бюджет туура түзүлөт. Андай болбой ушул темп менен бара берсек биз валютабызды жоготуп коёбуз. А бирок бир топ операциялар доллар менен өтүп атат. Андан баш тартыш үчүн айыптарды көтөрүп жатат. Мен муну туура эле кабыл алыш керек деп ойлойм.

— Жылдан-жылга бизге экспорттолуп келген ундар боюнча ар кандай маселелер жаралууда. Учурда башка мамлекеттерден алынып келинген ундар өзүбүздүн ишкерлер өндүргөн ундан арзан туруп, алардын эмгеги акталбай калып жатат. Муну кантип чечсе болот?

— Биз азыр Евразиялык биримдикке кирдик. Биздин коңшу мамлекет Казакстан өзүнүн мүмкүнчүлүгү боюнча буудайды эң көп өндүргөн алты мамлекеттин ичине кирет. Алар эң кургакчыл болду деген жылы өзүнө үч эсе буудай өндүрөт. Быйыл болсо сегиз эсе көп өндүрүптүр. Булардын экспорттук мүмкүнчүлүгү укмуштай чоң. Анан Казакстандын буудайы биздин буудайларга караганда сапаты жогору. Алардын клейковинасы 20–30 пайызга чейин көтөрүлөт. Биздики болсо 19–23 пайыздын тегерегинде. Бизде көбүнчө сугат жерлерге эгилет. Анан биз аны уч-төрт жолу сугарабыз. Ошондуктан бизде буудайдын баасы эки-үч эсе кымбат түшөт. Биз Евразия биримдигине киргенде түштүк мамлекет болуп саналабыз. Ошон үчүн биз жашылча-жемиштерди өстүрсөк беш-он эсе көп пайда тапмакпыз. Орто эсеп менен бир гектар буудайдан 20 центнер алабыз. Ошол эле учурда бир гектардан 6–7 тонна төө буурчак алынат. Эми төө буурчактын баасы буудайдыкына караганда үч эсе кымбат турат. Ошол үчүн буудай эккен аянттарга төө буурчак эксин. Ал эми бизде түштүк шартында эки жолу түшүм алса болот. Маселен помидор, бадыраң сыяктууларды эгип. Буларды тапшырса буудайга караганда 7–8 эсе кымбат сатышат. Ал эми ун маселесин болсо Казакстан менен сүйлөшүп алып чыгарса болот. Аны монополияга каршы күрөшүү кызматы жакшы иштешсе болот. Ал эми чоң-чоң ишканалар унду өндүрүп Кыргызстанга эмес, башка мамлекеттерге сатса жакшы болмок. Тажикстанда бизге караганда ундун баасы 40% пайыз кымбат. Афганистанда, Пакистанда эки эсе. Бизде бир нан 20 сом болсо Афганистан, Пакистанда 60 сом турат. Ошон үчүн биз Кыргызстанда гана тегеренип калбай, башка жактарга да чыгыш керекпиз. Биз ошол буудай өндүрүүгө кеткен чыгымды башка тармактарга жумшашыбыз керек. Мисал үчүн эт-сүт азыктарын башка мамлекеттерге экспорттосок болот. Бизде 60 пайыз эл айылда жашап, өздөрүнө жетерлик эт-сүт азыктарын камдап, калганын шаардыктарга сатат. Мурун ойлогонбуз Казакстанга, Россияга алып барып сатса болот деп. Бирок алардын валютасы арзандап кетип алардын сүт-эти биздикинен да арзан болуп калды. Айыл чарбада мурунку Союздун мезгилинде өндүрүлгөн продукциянын 40 пайызын эле өндүрүп атабыз. Азыр эт-сүт багытында иштесек мүмкүнчүлүктөр абдан чоң. Биз туура саясат жасаганбыз, айылдагы дыйкандарды салыктан бошотуп, муну дагы 3–4 жыл кармасак жакшы эле болот.

— Бажы союзуна кирсек экономикабыз көтөрүлөт, айыл-чарбада өсүштөр болот дедик эле. Бир жыл өттү эмне өзгөрүүлөр болду?

— Биздин бажы союзуна киргенибиз эң туура болду. Биздин 800 миңден ашык мигранттарыбыз Орусияда жүрүшөт. Биз бажы союзуна киргенден баштап ошолордун тагдырын чечтик. Алардын 120 миңи кара тизмеде болчу. Алардын 70 пайызы чыгарылды. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстандын жарандары депортацияланып, өздөрүнүн мамлекетинде маселе жаратып атышат. Анан соода-сатыкта быйыл сатылбай калды деген маселе жок. Баардык өндүргөн продукцияларыбыз өтүп жатат. Былтыркы жылдарга салыштырмалуу быйыл үшүктөн жана башкалардан дыйкандар жабыр тарткан жок. Биз Орусиянын ири компаниялары менен сүйлөшкөнүбүздө, алар Кыргызстандан 70 пайыз продукцияларды алып атабыз дешти. Биздин ишкерлер, өзүбүздүн дыйкандар өндүргөн продукциядан сырткары коңшу өлкөлөрдөн да алып барып сатып жатышат. Негизи эле биздин бажы биримдигине киргенибиз жакшы болду. Ал эми биздин жарандар эч кандай тоскоолдуксуз иштеп жатышат. Мына биздин мигранттардын эсебинен экономикабыз алга жылууда. Болбосо өзүбүздүн тапкан акча эч нерсеге жетмек эмес.

Маектешкен Үсөн Абдирашит уулу

Булак: “Жаңы ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *