Жумгалда жүргөн сел 53 гектар эгинди, көпүрөлөрдү, жолдорду талкалады

Акыркы 3-4 төрт күндүн ичинде өлкөнүн айрым аймактарында жаан жаап, сел каптап жатат. Андай сел борбор шаардан алыс жайгашкан Нарын облусунун Куйручук айылын да каптады. Бул айылдын 53 гектар жерин, көпүрөлөрүн, арыктарын, жолдорун талкалап кеткен. Ошондой эле чабандар, эл Соң-Көлгө бара турчу Шилбили деген жолду толугу менен талкалап, арык кылып салган. Шилбилинин жолу менен машина чыкчу, бирок бийик, татаал болчу. Азыр ал жолду сел арык кылып салгандыгы айтылууда. Зыяндын көлөмү азырынча такталууда. Шилбилинин жолун өкмөт калыбына келтирип бербесе, Соң-Көлдөгү ондогон чабандар айылга түшө албай калат, эл да ал жакка бара албай, байланыш үзүлөт. Андыктан бул маселе боюнча тиешелүү тарап ыкчам чара көрүлүшү зарыл.

Булак: “Багыт”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *