Журтчулукка аттын кашкасындай таанымал – Аскарлар

Акаевдин тунгуч президент болуп калганына мурдагы дөө-шаалардын бири-бирине жасаган кыянатчылыгы түздөн-түз себепкер болуп берди. Ошентип ойдо жок жерден академик журтту башкарууга киришти. Башында жөнөкөйлүгү, элпектиги, ийкемдүүлүгү, маданияттуулугу аркылуу карапайым элдин көңүлүнө жакты. А бирок, жыл өткөн сайын мурдагы кыял, жоругу улам кертилип отуруп, үй-бүлөөлүк башкарууну түптөй баштаганы көпчүлүктүн көкөйүнө тийди. Он беш жыл мамлекетти башкарганына карабай ала шалбыртта өлкөдөн кууп чыгышты. Анын Москвадан калканч тапканына он үч жылдын жүзү болду. Окумуштуулугунун арты менен азыр студенттерге дарс окуп, кээде кыргызстандыктарга жалындуу саламын билдирип калат. Анын кайра Ала-Тоого келиши азырынча белгисиз.

Какеевдин ак үйгө байырлап калышына анын ажолук тактыда отурган адашы шарт түзүп бергенин дале унута элекпиз. Көкүрөгүн илимге толтурган бул киши ал тургай президенттик аппараттын жетекчилигине чейин канат сермеген. Үлкөн бийликтин бутагында кайкаласа деле анын жупуну мамилеси, адамкерчилик жакшы сапаттары алака түзгөндөрдүн эсинде калды. Кийин кызматтан буту тайыганда да баштапкы кесибине кайрылып окуу жайлардын астанасын аттап, жаштарды билимге сугарууга бел байлады. Анын мектебинен ондогон илимпоздор өсүп чыгышып, учурда айрымдары өзү менен кошо эмгектенип жүрөт. Көкүрөк кагып мактанбаган, кызмат үчүн кошомат кылбаган кишинин арабасы бүгүнкү күндө да кылдырап жүрүп келатканы кимди болсо да кайдыгер калтырбайт.

Салымбековдун дүбүртү катуу чыкканына кыйла жыл болуп калды. Губернатор, Бишкектин шаар башчысы, депутат болгон кишинин ар нерсеге көзү каныкты, биротоло такшалды. Акырында бизнес менен алышып, анын көркүн ачууга кеткен өмүрү учурда өзүнүн жемишин сампарлап төгүп жатат. Ири базарларды, маданий тармактарды, стадиондорду салып байлыгын арттырган олигархтын азуусу ай чапчыды десек деле ашыкча болбойт. Эсеп-чотту катыра жасап, баардык ишти пландап кыймылга келтиргендиги үчүн ийгилиги өрдү карай багыт алды. Алтымыштын кырынан эбак ашкан кишинин басканы жеңил, татканы чүйгүн, тапканы мол, көздөгөнү зор болуп турган чагы. Эмнеси болсо да телегейи тегиз, кармаганы сегиз болууда.

Булак: “Ачык сөз”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *