Жусуп Баласагындын доору боюнча Эл аралык конференция өтүп жатат

Улуттук илимдер академиясында  “Жусуп Баласагындын доору: тарыхы, материалдык маданияты, адабияты” Эл аралык конференциясы өтүүдө. Эки күнгө созулган (17-18-ноябрь, 2016-ж.) иш-чарага Борбор Азиянын, Кыргызстандын окумуштуулары катышып жатат.

Эл аралык конференцияны ачкан, УИАнын президенти, академик А.Эркебаев Ж. Баласагынга арналган иш-чаралардын эки жылдар бери өтүп келе жатканын, алыстан келген окумуштуулардын катышып жатканына ыраазычылыгын, кыргыздар менен тарыхый, географиялык, маданий, диний, тилдик байланышта экендигин айта кетти.

– Жусуп Баласагын жөнүндө айтсам, Советтер маалында анын чыгармачылыгы жөнүндө саналуу гана адамдар билишчү. Ал убакытта такыр бөлөк геосаясий кырдаал болгон. Бүгүнкү изилдөөдө биз аны бир улутка же бир элге менчиктебешибиз керек. Биз Ж.Баласагындын эмгегин терең изилдеп, дүйнөлүк маданияттын өкүлү катары кадырын көтөрүшүбүз керек – деди академик.

Борбордук Азиялык изилдөөлөр институтунун Генералдык директору  (МИЦАИ) Пильхо Парк Карахандар доору, Жусуп Баласагындын чыгармачылыгынын кыргыз маданиятына таасир кылгандыгын айтып келип төмөнкүлөргө токтолду.

  • Тарыхый жактан алганда Борбор Азия Батыш менен Чыгыштын маданий көпүрөсү болуп кызмат кылган. Борбор Азиянын эли бай көчмөн маданиятын түзгөн. Анын өзгөчөлүгү – талаа жана тоо табиятынын айкалышында жаралган маданият. Ошондуктан бул жерде отурукташкан элдердин маданий жана тарыхый мурасы кеңири. Ал эми бул иш-чаранын өтүп жатканы – Баласагындын мурасы бүгүнкү күнү да терең изилдөөгө муктаж экендигинен кабар берет.

 Душамбе шааарынан келген Тажик илимдер академиясынын окумуштуусу Саидмурод Бобомуллоев кыргыздар жөнүндөгү X-XI кылымдагы араб-перс булактары боюнча кызыктуу билдирүүсү менен келген.

– Кыргыздар жөнүндө маалыматтарды окумуштуулар мурда деле изилдеп келген дечи. Бирок, алар изилдеп жаткан учурдун саясатынан чыга алган эмес. Ылайыктуусун гана алып, калганы кала берген. А мен болсо бүгүнкү иш-чарага Карахан доорундагы кыргыздар жөнүндө маалыматтар менен бөлүшөм. Азыр мен 4 булакты пайдаландым. Эң байыркысы перс тилинде жазылган “Худул Олам”  (Дүйнөлөр чеги). Анда “Хырхыздар өлкөсү” деген бөлүм бар  – деди .

Эки күнгө созулган (17-18-ноябрь) бул иш-чарада бир нече илимий докладдар окулуп, КР УИАнын Кол жазмалар фондуна, Б.Н. Ельцина ат. КРСУнун археологиялык музейине,  Чүй өрөөнүндөгү орто кылымдардагы шаарлар – Бурана, Ак-Бешим, Красная Речкага экскурсиялар уюштурулат.

Өтүп жаткан эл аралык конференцияда Жусуп Баласагындын доорунун (X-XII к.) саясий, экономикалык жана этникалык тарыхы, маданияты; Жазма, көркөм өнөр жана археологиялык булактар боюнча Карахандар доорунун материалдык маданияты, архитектурасы жана шаар куруусу; Жусуп Баласагындын « Куттуу Билимдин» жана ошол доордун башка адабий мурастарынын философиялык, лингвисттик, адабий жана булак таануучулук өзгөчөлүктөрү, кыргыздар жөнүндөгү X-XI кылымдагы араб-перс булактары, Х кылымдагы маданият: кыргыз жазуусу, XI кылымдагы Чыгыш Карахандар тарыхындагы нумизматикалык маалыматтар, Карахандар каганатындагы калктын этникалык башаты. Карахандар каганатындагы ислам, Карахандар доорундагы шаар менен Европанын ошол мезгилиндеги шаарын салыштыруу, этникалык байланыштар каралат.

Жусуп Баласагындын «Куттуу Билим» поэмасынын жазылган тили, кыргыз ойчулдарынын калыптануусунда орду,  андагы чындык, өмүр жана өлүм маселеси, жаратылыштын көркөм сүрөттөлүшү, дастандагы араб тилинен өздөштүрүлгөн сөздөр, андагы мамлекеттик кызматкер жөнүндө ой толгоо жана башка кызыктуу докладдар окулат. Ошондой эле Кыргызстандагы, Борбор Азиядагы Карахандар доорундагы маданий эстеликтерди изилдөө маселелери талкууланат.

Эл аралык конференцияны Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын тарых жана маданий мурас институту, Тил жана адабият институту, Эл аралык Борбордук Азиялык изилдөөлөр институтунун (МИЦАИ / IICAS, Самаркан ш.) колдоосу жана катышуусу менен Кыргыз Республикасынын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы

Жусуп Баласагын атындагы улуттук университеттин тарых жана чөлкөм таануу факультети, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду уюштурууда.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *