Жылдыз Мусабекова, КСДПчы депутат: “Азыр мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшош, аларга туура кийингенди үйрөтүш керек, форма киргизилиши керек”

“Айылдагы мугалимдер саанчыларга жана чабандарга окшош”, – деди Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Мусабекова (КСДП) кечээ, 4-октябрда ЖКнын Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында.
Анын айтымында, өз алдынча даярдануу менен окушкан 10-11-класстын окуучулары мугалимдердин төмөн билим деңгээлине күлүшөт.
«Алар программада болгон нерсени гана билишет, темадан башка суроо берсең, эмне деп жооп беришти билбейт. Мага, айылдарда мугалимдер аттестация өтпөйт деп айтышты. Алар акча чогултуп, жылкы союшат, ушуну менен баары бүтөт. Билим берүүнүн реформасы мына ушундай! Мурда мугалимдер кандай эле? Азыр болсо мектепке барсаң, мугалимдер саанчылар менен чабандарга окшош. Аларга туура кийингенди үйрөтүү керек, форма киргизилиши керек. Мугалимдер  аларды окуучулар сыйлабай жатышканын айтып даттанышат, бул үчүн жок дегенде мугалимдер өзүнөн башташы керек да», – деди Жылдыз Мусабекова.
Булак: turmush.kg

3 comments

  • даанышман says:

    азыр чабандар менен саанчылар айрым депутаттарга караганда маданияттуу жана сабаттуу, ошондой эле саясатты. экономиканы жакшы тушунушот.

  • Абдыкерим says:

    Мугалимдерге форма тиктирип, акысыз камсыздай алсан суйло, болбосо, Мискенбайуптун эжеси, аран тирилик кылып жаткан интеллигенциянын кыжырына тийбе. Жаман чапанын кийип барып сабак отууго мажбур алар. Мугалим жаны чыккан презервативдерден же Атамбаевдин алжып суйлогонунон кабары жок болсо болгондур, анын планшети деле жоктур, колу деле бош эместир, депутаттар сыяктуу башы ооруган куну жумушка барбаса барбай кое албастыр, служебный машинеси, шоопуру, окуучуларга шылдын болтурбай “подсказка” кылып турчу жардамчылары деле жоктур, бирок окуучу шылдындаганды коюп артын катуу кысып ошол агай эжейинен тригонометрияны, механиканы, углеводороддорду уйронсун. Предметти жок дегенде эн начар билген мугалимче билип алсын, кор болбойт, сабатсыздык каптаган заманда тескерисинче акылы менен айырмаланып чыгат. Мугалимдер олко таз кейпин кийсе да кулатпай кармап турган бир туркугу, билим беруунун базалык болугу, алардын да чыдамынын чеги бар. Жаман мугалимдерди чанып жакшысын кайдан табасын, ошол жаманы да жетишпей жатса. Депутаттар алган айлыкты, привилегияларын жон эле кой, мугалимдерге деле толосон алар деле кийингенди билсе керек, саанчыдай болбой. Окуучуларга кошулуп мугалимдерди шылдындоо оюнду жыйнаштырып, акыл дегенден ныпым болсо, окуучулар кысып окуй турган тузумдорду сунушта.

  • Урматтуу эл ишенген депутат ойноп суйлосонуз да ойлоп суйлонуз, кайран сизди окуткан мугалимдер,сиз ушул созунуздон кийин озунуз окуп таалим алган мектебинизге кантип бараар экенсиз.Мугалимдердин бир айда тапкан эмгек акысы сиз франциядан алдырган бир тамчы атырыныз болуп жатса анан кантип сиздикине окшош сом эмес доллор менен бааланган чет мамлекеттин кийимдерин кийип мектебине бара албайт.Кеп кийимде эмес окуучуларга жашоого туура багыт билим беруудо.Кооз кийинип кооз суйлогондон мурда сиз мугалимдерди сыноону коюп алардын эмгек акысын жоорулатууну ойлосонуз боло.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *