Жылдыз тургун кызы, фотомодель: «Мен мырзалардын кийген кийимине, тазалыгына, табитине көңүл бурам»

Кыргыз-казак жаштар арасында арбын күйөрмандары бар, ар кандай жарнама роликтерге байма-бай тартылып турган ажарлуу фотомодель кызыбыз Жылдыз Тургун кызы бүгүн биз менен ой бөлүштү.

-Жылдыз, алгач өзүң тууралуу кененирээк маалымат алсак?

-Мен өзүм Таластын кызы бо­лом. 1996-жылы жарык дүйнөгө келгем. 3-класска чейин Таластан билим алып, анан Бишкеке көчүп келгенбиз. Ошондон бери ата-энем менен борбор калаадабыз. Фотомодель болуп эмгектенип ар кандай жарнактарга, ролик­терге байма-бай тартылып турам. Өздөрү чакырып турушат. Тасмаларга, клиптерге да чакыруулар абдан көп. Бирок боюм кичине кичирээктигине байланыштуу подиумга чыкпайм.

Биздин рынокто фотомодель кыздар сен жогоруда айткандай жарнак, роликтерге тартылганда жакшы эле каражат төлөнөбү?

-Фотомоделдерге бизде көп де­ле акча төлөнбөйт. Көбүнчө эле алмашуу аркылуу иш жүргүзөбүз. 3-4 сүрөткө түшүп берсек, мисалы, алар бизге бир-эки кийим беришет. Азыр ошондой эле баага жарнамалар жүргүзүлөт. Балким акча берсе 1000,2000 сом төлөп беришет. Доллар менен жакшы төлөнгөн рекламаларды деле көрө элекмин.

«Ар бир экинчи кыз эле фотомо­дель болуп кетти» деп айрым кесиптеш кыздарым нааразы болуп калышат…

-Азыр инстаграмда жазылуучулары көп аккаунттарды сатып алышып, анан өздөрүн көргөзүүгө далалаттанып, ар күнү сүрөт жүктөгөн кы­здар көп. Бирок, чыныгы жылдыздуу, ажарлуу, сулуу кыздар дароо эле көзгө көрүнөт эмеспи. Инстаграмда менин

азыр экинчи профилимде 3-4 ай ичинде эле 68 миңден ашык жазылуучум бар. Биринчи профилимде 100 миңден ашык жазылуучу катталган.

Деги эле модель кыздар кандай

жигиттерге көз саласыңар?

-Сулуулар, модель кыздар айылдык жонокой жигиттерди карашпайт. Су­луу, колунда бар, капчыгы калың, жак­шы автоунаасы бар жигиттерге көз салышарын байкайм.

Жеке өзүңчү?

-«Беш кол тең эмес» дегендей, мен жогоруда баардык модель кыздарды айтканым жок. Бирок, ошондой кы­здар басымдуулук кылат. Мен өзүм балким мүнөзүнө көңүл бурам, таза­лыгына, кийген кийимине, табитине, сүйлөгөн сөзү орундуубу – ушул сапаттар кызыктырат.

Сулууларда да көралбастык, бут тосуулар курч экен…

-Бут тосуулар, көралбастык албетте көп кездешет. Мисалы, бир модель кызга реклама кылууга көбүрөөк сунуштар түшүп калса эле ал кызга бут тосуулар башталат. Ар кандай терс комментарийлер жазылып баштайт. Ичкүйдүлүк ачыкка чыга баштайт. Бизде кыска көйнөк кийсең, же ки­чине ачыгыраак кийинип сүрөт жүктөсөң болду, бузулган кыз катары кабыл алышат. Кыргыздарда ментали­тет ушундай.

Саясатка кызыгасыңбы, баалаган саясатчыларың кимдер?

-Мен өзүм саясатка деле кызыга бербейм. Бирок, саясатта жүргөн көп досторум, «карындашым» деп

сыйлаган байкелерим бар.

Качан турмуш курганы турасың?

-Азыр турмуш курууну деле ойлоно элекмин. Менин алдыга койгон жак­шы максаттарымдын бири – сулуулук салонун ачайын деп жатам. Азырынча жүрөгүмдү багындырган деле мырзам жок. Балким эки-үч жылдан соң тур­муш курууну ойлонуп калаттырмын. Баарын келечек көрсөтөт го…

Малика Асылбекова

Булак: Азия Ньюс

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *