Жылдызкан Жолдошова, V – чакырылыштын депутаты: “Кечээ, 27-марттагы Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо “ыплас, базар” болуп өттү”

«Кечээ, 27-марттагы Ош шаардык кеңешиндеги шайлоо “ шайлоо эле эмес – ыплас, базар” болуп өттү. Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев, “акчасын алгыла, тамагын жегиле” – деп таштап кеткен урааны элге аябай жакшы сиңиптир. Ушул ураан, жаман илдет мамлекетти өлкөнү талкалайт», — деп билдирди бүгүн, 28-мартта Кyrgyztoday.kg маалымат агенттигине V – чакырылыштын депутаты, Жылдызкан Жолдошова.

«Кыргызстанда Аскар Акаевичден кийин үч президент алмашты. Ошол Акаевдин ураанын үч мамлекет башчы жокко чыгара албай, тескерисинче, жогорудагы ураандын ыплас саясатта орду күчөдү. Ал тургай айрым бир саясий партиялар ураанга чоң салым кошушту. Мындай кадам, ыплас көрүнүштөр, мамлекеттүүлүктү кыйратууга алып келет. Демек, акча менен карапайым калкты алдап, каалагандай калчаса боло береби? Элим, ойлон, ойгон добушуңду сатпа, эгер сен патриот болсоң. Элим сенен суранам бир гана мамлекеттүүлүк жөнүндө ойлон…”, —  деди V – чакырылыштын депутаты, “Аалам” саясий партиясынын теңтөрагасы Жылдызкан Жолдошова.

Гүлжан Шерипбаева, Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *