Жылына Кыргызстанда 22 миңден ашык аял аборт жасатат

Дүйнө жүзүндө бир жылда 56 миллион аял бойдон алдырат. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жарыялаган маалыматта аныкталды. Пайда болгон түйүлдүктөрдүн 25 пайызы абортко кабылууда. Аборт жасаткандардын жашы 15тен 44 жашка чейинки аялдар.
Өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө коопсуз бойдон алдыруулардын саны 22 миллионго чукул. Мындай кырдаалдан улам 7 миллион аял ден соолугунан жабыркап, ооруканага кайрылат. Аборттон кийинки өтүшүп кеткен оорулар дүйнө экономикасына 680 миллион доллар зыян алып келүүдө. Ал эми коопсуз аборт жасаткан аялдардын 13,2 пайызы өлүмгө дуушар болууда.

Биздин Кыргызстанда жыл сайын 22 миңден ашык аял бойдон алдырат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлаган.

Түйүлдүктөр кайда ташталат?

Ушундан улам дегеле аборт жасалган түйүлдүктөр жана бойдон түшкөн балдар кайда жиберилери боюнча суроо туулбай койбойт. Негизи медицинада 12 жумага чейинки түйүлдүк аборт жолу менен алынат. Бул мөөнөттөн чоңдору жасалма жол менен төрөтүлөт. Бишкек шаарындагы менчик клиникалардын биринде иштеген, аты-жөнүн атагысы келбеген медайым бойдон алынган түйүлдүктөрдүн 12 жумага чейинкилери канализацияга агызыларын айтты.

«Бойдон алдыруу учурунда түйүлдүк көп учурда былжыр канга айланып калат. Аларды кан калдыктары менен кошо унитазга төгүп жиберебиз» дейт. Медайым 5-6 жыл мурунку практикасында түйүлдүктөрдү башка медицина калдыктары (шприц, колдонулгандарылар) менен кошо таштандыга ыргытып жиберген учурлардын болгонун жашырбайт.

Ал эми аборт болгон балдар кайда кетээри тууралуу Чүй облустук төрөт үйүнүн акушери Бактыгүл Исмаилова ал ымыркайлардын дароо өлүкканага жиберилерин белгилейт. «Аборт жасалганы, бойдон түшкөнү жана ичтен чарчап калганы – баары тең тез жардамдын унаасы менен дароо моргго жөнөтүлөт. Ал жактан кандай жол менен кантип көмүлөрү бизге белгисиз» деди Бактыгүл айым.

Дарыгер айткандай, түйүлдүктөр ооруканалар тарабьшан Бишкек шаардык борбордук өлүкканасына тийиштүү республикалык паталого-анатомиялык бюросуна келип түшөт. Бойдон түшкөн, ичтен чарчаган балдарды ата-энелери көп учурда жерге жашыруу үчүн өздөрү алып кетет. Ал эми калгандары муздаткычта туруп, бир айдын ичинде көмүлөт экен.

Асел УСКУМБАЕВА, гинеколог: «Аборт эч качан ден соолукка пайда алып келбейт»

– Аборттон кийинки аялдардын ден соолугу тууралуу токтоло кетсеңиз?..

– Организминде гормоналдык бузулуу, жатындын миомасы, мастопатия дегендердин көбү аборттон чыгат. Мисалы, аялдын боюна бүткөндөн баштап, анын организминин гормондору төрөткө даярдана башташат. Эмчеги желиндеп, денеси да өзгөрүлөт. Ошол бала төрөөгө даярдана баштаган организмди дароо эле балта менен кескендей токтотуп салганда баланс бузулат. Аборттон кийин да организмди кайра мурдагыдай калыбына келтирүү үчүн жакшылап дарылануу керек. Негизи колдон келсе аялзаты бойдон алдырбай төрөгөнү жакшы, эгер балалуу болууну каалабаса, анда жакшылап сактануу оң. Аборт эч качан ден соолукка пайда алып келбейт. Аборт жасаткандан кийин аялдын организми кайра эле бойго бүтүрүүгө даяр болуп калат да, 2-3 жумадан кийин эле 50-70% аялдардын боюна бүтүп калуу коркунучу бар.

Булак: “Азия Ньюс””

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *