Кыргызстанда жылына жашы жете элек 1400 кыз кош бойлуу болуп калып катталат

Кыргызстанда жыл сайын 13 жаштан 17 жашка чейинки курактагы 1400гө жакын кыздар кош бойлуулукка катталат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирүү таратты. Бул көрсөткүч эң аз дегенде миңди түзөт. Боюна бүткөн кыздардын 85%ы төрөйт, калган 15%ы боюнан алдырат. Статистикалык маалыматтар Саламаттык сактоо министрлиги менен БУУнун калкты жайгаштыруу фондунун үй-бүлөнү пландоого арналган иликтөөсүндө аныкталган.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *