Жыргалбек Турдукожоев, журналист: «Өлкөбүздөгү туруктуулукту Атамбаев эмес, эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды»

— Экс-президенттин 31-марттагы маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүнө кандай баа бересиз?

— Ал маалымат жыйынында мага Атамбаев бийликтен кеткен көп саясатчынын бирине айлана баштагандай сезилди. Кезегинде А. Акаев, К. Бакиев, а түгүл, Атамбаев президент болуп турганда көп саясатчылар аларды “айлана-чөйрөсүндөгү адамдар бузуп жатышат” деп айтышканы баарыбыздын эсибизде. Бул жолу Атамбаев дагы кээ бир иштер үчүн жаңы президенттин “айлана-чөйрөсүндөгү адамдарга” асылды. Бул — ​мен байкаган биринчи факт. Экинчи учур — ​бул Атамбаев келечектеги чоң саясатта өзүнө, айланасындагыларга анча ишенич артпай жаткандай туюлду. Анын сөзүндө мурдагыдай оптимизм даана байкалган жок.

Президенттин “айлана-чөйрөсүндөгү адамдар” жөнүндө сөз болгондуктан, мен буларды айткым келет. Президенттин жанындагы адам жубайы болобу, уул-кызы болобу, ага-иниси болобу же шопуру болобу, айтор, ким болсо да мамлекет башчысы өз башы менен иштеп, чечим кабыл алыш керек. Себеби ар бир иш-аракети үчүн башка адамдар эмес, өзү керт башы менен жооп берет. Биз көп сындаган А. Акаев айланасына өлкө үчүн ак иштеген күчтүү саясатчылардын плеядасын топтогон. Мисалы, Насирдин Исанов, Жумабек Ибраимов, Ишенбай Абдуразаков, Роза Отунбаева, Салижан Жигитов, Медет Садыркулов, Амангелди Муралиев, Анарбек Бакаев, Муратбек Иманалиев, Жусупбек жана Сооронбай Жээнбековдор, Накен Касиев, Бегиш Ааматов ж. б. жүздөгөн адамдар. К. Бакиев деле ондогон таланттуу жетекчилерди чоң кызматтарга көтөргөн: Медет Садыркулов, Сооронбай Жээнбеков, Бусурманкул Табалдиев ж. б. Мамлекетибизди аз убакыт жетектесе дагы Р. Отунбаева татыктуу адамдарды кызматка көтөрүү жагынан үлгү болорлук кадр саясатын жүргүздү. А. Атамбаев болгону Сооронбай Жээнбеков, Бейшенбай Жунусов, Темир Жумакадыров ж. б. беш-алты күчтүү инсанды саясий аренага чыгарды. Бирок Роза Исаковна “Жаңы Ордого” берген интервьюсунда айткандай “… эң оор кырдаалдарда алдыңкы сапта жүргөн революционерлерге жумуш бербей, кетээринде иштегендердин баарын ала кетем деп, жалаң Максимдин кол балдарын отургузуп кеткенин баарыбыз көрдүк”. Элдик революцияда зор эмгек сиңирген инсандардан, менимче, акыркылардан болуп Элмира Ибраимова Эсептөө палатасынын башчылык кызматынан бошотулду, учурда Иса Өмүркулов жалгыз мамлекеттик чоң кызматты ээлеп турат. Калгандары А. Атамбаевдин тушунда же ээлеген кызматтарынан бошотулду же Ө. Текебаевге окшоп, мыйзамсыз түрмөгө отургузулду. Алардын ордуна “Максимдин кол балдарынан” башка кимдер келди? А. Атамбаевдин “айлана-чөйрөсүндөгү адамдардын” алдыңкы катарында Икрамжан Илмиянов менен Фарид Ниязов турганы эч кимге жашыруун эмес. Алар элдик революцияга кандай салым кошконун, балким, Атамбаев жакшы билээр. Анын “айлана-чөйрөсүндөгү адамдар” кандайдыр-бир эмгектери, ишмердиги менен айырмаланбаган адамдар. Алар үчүн бийлик айрым спортчулар колдонгон допинг сыяктуу фактор деп айтар элем. Аларга бийлик (допинг) берилсе, аша чапканга, башкаларды нокаут кылганга чейин барышат, бийликтен кол жуушса, 1-раундда эле өздөрү нокаут кетишет же он метрге да чуркай албай, чарчап, кулап түшүшөт…

Мен Атамбаевдин өз шопурун залкар инсан, СССР мезгилиндеги кыргыздын өкмөт башчысы менен салыштырганына айран-таң калдым. Мен андай салыштырууну кыргыз элине зор эмгек сиңирген улуу инсан Султан Ибраимовду Атамбаевге гана кызмат өтөгөн катардагы адамга салыштыруу деп эсептейм. Бул — ​барып турган адилетсиздик, тарыхты бурмалоо жана улуу инсандын кадыр-баркына шек келтиргендик деп ойлойм. Атамбаев президент болуп шайланган алгачкы күндөрдө эле өз айланасына татыксыз адамдарды чогулта баштаган. Ал тигил же бул адамды жооптуу кызматтарга коёрдо негизги критерий катары компетенциялуулук, иш билгичтик жана адеп-ыймандык жагынан тазалык сыяктуу сапаттарды эмес, жеке өзүнө берилгендик принцибин жетекчиликке алган. Ошол айланасындагы адамдарды көкөлөтүп, чоң саясий кызматтарга эле дайындабастан, мамлекеттик жогорку сыйлыктарды дагы ыйгарды. Мезгилинде дүйнөдөгү эң улуу держава — ​СССРдин эл аралык уюмдарында өкүл болуп, абдан жооптуу кызматтарда иштеген, эң оор кырдаалда өлкөбүздү жетектеген Р. Отунбаевага бербеген жогорку даражадагы мамлекеттик сыйлыкты элге, өлкөгө эмгеги сиңбеген Илмиянов менен Ниязовго берди. Мына, Атамбаевдин “калыстыгы”. Анын президенттик мандатка ээ болгонунун 100 күнүнө карата мен “Жалгыздыктын 100 күнү” деген макаламды басма сөзгө жарыялаганым окурмандардын эсиндедир. Тилекке каршы, Атамбаев алгачкы 100 күндө эле эмес, алты жыл ичинде татыктуу жана күчтүү команда түзө албай, жалгыз болду. Ошого карабай жаңы президентке кеңеш берем дегенине таңгалам.

— А. Атамбаев өз сөзүндө “Сот реформасын Атамбаев ишке ашырган жок деген сөздөргө таң калам”, деп айтты. Атамбаевдин тушунда сот реформасы кандай деңгээлге жетти деп ойлойсуз?

— Акыркы алты жылда Кыргызстандын айрым соттору сот адилетсиздигинин классикалык үлгүлөрүн “жаратышты” деп айтар элем. Буга аргумент — ​“мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин чуулгандуу бошотулушу, “Белизгейт” боюнча Ө. Текебаев баш болгон саясатчыларга жалаа жабылышы, экс-юстиция министри А. Салянованын мыйзамдуу аракети үчүн мыйзамсыз соттолушу, Ө. Текебаевдин “Мегаком” боюнча ак жеринен соттолушу, мамлекет башчысынын ар-намысын коргогон Башкы прокуратуранын доосу боюнча соттун “Азаттык” радиосу менен Zanoza.kg сайтынын журналисттеринен жана “Адилет” укук клиникасынын жетекчисинен А. Атамбаевдин пайдасына миллиондогон суммадагы сом төлөө тууралуу негизсиз чечимдери, миллиондогон сом акча каражатын ыйгарып алган деп шектелген экс-депутат М. Мискенбаевге кылмыш иши козголбой же аягына чыгарылбай жатышы ж. б. ондогон мисалдарды келтирсе болот. Ушундан улам мындай соттордун барынан жогу жакшы деген ойго келесиң.

— Атамбаев минтип айтты: “Сооронбай Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле мен ага “Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек” деп айткам. Мен Асылбек Шариповичти сыйлайм, партияга жакшы иштеп берди. Президенттин бир тууганынын депутат болгону эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет”. Бул пикирге карата оюңуз кандай?

— Атамбаев, менимче, президенттин бир тууганынын депутаттык мандаты “эртеби-кечпи президенттин аброюна терс таасирин тийгизет” деп корккон жок, кийинки шайлоодо Асилбек Жээнбеков президент болуп калат деп чочулап жатат. А. Жээнбеков — ​өз көз карашы, позициясы бар күчтүү инсан. Мен буга Бакиевдин доорундагы парламентте КСДП фракциясында аны менен чогуу иштеп жүргөндө терең ынангам. Ал эми А. Атамбаев өзүнүн бекем позициясы бар күчтүү инсандарды эмнегедир анча жактыра бербейт. Буга анын А. Жээнбековго эле эмес, Р. Отунбаевага, Ө. Текебаевге, И. Исаковго, Ж. Акаевге, Э. Байсаловго ж. б. белгилүү ишмерлерге жасаган мамилеси ачык далил. А. Атамбаевдин логикасы боюнча кийинки мамлекет башчысы дагы ага берилген өз адамы болуш керек. Тарыхтын, коомдун өнүгүшүнүн өз логикасы, мыйзамдары бар. Ал Атамбаевдин же башка бирөөнүн логикасына баш ийбейт.

Ушуга байланыштуу 1991-жылы А. Акаев жалпы элдик шайлоонун негизинде президент болуп шайлангандан кийин академик, белгилүү жазуучу Түгөлбай Сыдыкбековдун жаңы ажого берген ак батасы эсиме түшөт. Ал минтип бата берген эле:

“Кеменгер ажого өз да тууган, жат да тууган — ​деген. Кара кылды как жарган калыс болгун бардык иште, өз да, жат да туугандашсын. Кеменгердин курбусу көп, теңи жок, ачуусу бар, кеги жок — ​деген. Ал — ​карыга, жашка бирдей курбалдаш”. Кандай улуу сөз, чоң насаат! Бул НАСААТ СӨЗ А. Акаевге дагы, К. Бакиевге дагы, А. Атамбаевге дагы сабак болгон жок.

— Атамбаев улуттук лидер катары кыргыз тарыхында калат деп ойлойсузбу?

— Эгемен мамлекетибиздин 4-президенти катары тарыхта калат. Бирок ал Кыргызстандын масштабында Ататүрк же Дэн Сяопин сыяктуу улуттук лидер боло албады. Качкын президенттер А. Акаев менен К. Бакиевден кийин анын андай атак алышы үчүн тарыхый шарттар бар эле, бирок А. Атамбаев андай мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок. Кыргыз элинин, анын мекенчил уул-кыздарынын элдик революциядагы салымдарына калыс баа бербестен, “эки революцияны тең мен жасаганмын!” деп жарыялаганы анын аброюн өтө төмөн деңгээлге түшүрдү. Акыл-эстүү адам тигил же бул ишти “мен жасаганмын” деп көкүрөк каккандан качыш керек, себеби кимдин эмне жасаганын жана кандай жасаганын эл таразалайт. А. Атамбаевдин президенттик мезгилине байланыштуу кээ бир серепчилер “Атамбаев стабилдүүлүктү камсыз кылды” деп калышат. Бул дагы, менимче, натуура пикир. Себеби коомубуздагы, өлкөбүздөгү туруктуулукту эки революция аркылуу кыргыз эли камсыз кылды. Эки революциядан кийин Атамбаев эмес, башка бирөө президент болсо деле бизде ушундай туруктуулук болмок. Туруктуулукту шарттаган субъективдүү факторлорго кайрылсак, анда Атамбаевге караганда аз убакыт болсо дагы өлкөбүз үчүн өтө оор мезгилде жана кырдаалда мамлекетти жетектеген Роза Отунбаеванын ролу зор деп эсептейм.

Маектешкен  Нурсултан Шайдинов

Булак: “Жаңы Ордо”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *