Дүйшонбек Зилалиев камакка алынуусу мүмкүн

Мурдагы вице-премьер министр Дүйшөнбек Зилалиевдин президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы күнү жолдогу курсант Өмүракуновага кайрылып: «Азыр бомба жарылат» – деп айтканы боюнча күнөөсү далилденгенин башкы прокурордун өкүлү Биринчи май райондук сотунда билдирди. Ал: “Айыпталуучунун күнөөсү аныкталды. Зилалиевди 2 жылга эркинен ажыратуу үчүн сот залынан алып кетүү керек”, – деген жүйөсүн келтирди. Ошентип «ойлонбой сүйлөгөн онтобогон ооруга чалдыгат» демекчи, Зилалиев ээн ооздугунун азабын тартып абактан орун алганы турат. Эми абактан да ар кайсыны айта коём деп шору катпаса болду… Тилин тыя алаар бекен?..

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *