Зомбулукка шектелген канчанчы молдоке кармалды?..

Чүй облусунун Аламүдүн районунда 8 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган молдо кармалды.

Маалыматка караганда, 2017-жылдын 9-сентябрында болжол менен саат 17:30дар чамасында Кайырма айылында 1951-жылы туулган Б.К. аттуу молдо жолдон өтүп бара жаткан 8 жаштагы кызды токтоткон.

Кыздын апасынын айтымында, «менин эки балам, кызым үйдүн жанындагы дүкөнгө чыгат. Жолдон баратса, бул чал отуруптур.

Анан балдарым улуу киши менен «салам алейкум» деп учурашат. Кызым дагы колун сунса, «кел, өбөйүн» дептир. Кызым чоң ата катары учурашып өбөйүн десе, «жок, мен сенин эриниңден өбөйүн» дептир. Анан тилин оозуна салып, колдорун ич кийимине салганда балдарым ыйлап баштаптыр.

Балдарыма «акырынгыла, карабагыла, силер азырынча кичинекейсиңер» дептир. Анан балам «жардамга!» деп кыйкырганда бир кыз чалдын колунан жулуп кетиптир.

Чуй облустук ички иштер башкармалыгынын маалыматында окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин 130-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракет) негизинде кылмыш иши козголуп, шектүү катары Аламүдүн районунун 66 жаштагы тургуну камакка алынды.

Демейде молдокелер ыйман, тозоктогу сурак, куран аяттары тууралуу жүрөктүн үшүн алган сөздөрдү айтышат. «Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба» дегендей, төбө чачты тик тургузган мындай иштерге барып отурушат. Зомбулукка барган молдолордун канчанчысы катталды? Эмне үчүн муфтият, ыйман үйрөткөн дин кызматкерлери бул тууралуу ооз ачышпайт?

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *