Зулпукаар Сапанов, журналист: “Кыдыр санжырасы Оң, Сол, Ичкилик ажырымын талкалайт”

 

Зулпукаар мырза, кыргыз журтуна чоң жаңылыкты жаратып, Кыдыр атабыз менен Умай энебиздин санжырасын тизип чыгыпсыз, мунун биз үчүн кандай пайдасы бар?

— Албетте, муну терең түшүнүү үчүн китептин өзүн окуп чыгыш керек, кыскартып айтыш өтө эле кыйын, бирок ошондой болсо да азыраак маалымат бере кетейин. Маселен, “Кыргыз санжырасын” карай турган болсок, жалпы элибизди Долон аттуу кишиден таратып, дароо эле “Оң, Сол, Ичкилик” кылып үчкө бөлөт да, “Тигиниси кыргыз, мунусу кыргыз эмес” деп жиктейт. Сөзүбүз куру болбошу үчүн атактуу үч санжырачыдан факты келтирели.

1“Изилденгендердин арасында демейде оң же сол канатка таандык кылынып жүргөн уруулар абсолюттуу түрдө басымдуулук кылат. Калган уруулар же шарттуу түрдө гана “ичкилик” деп аталгандарга таандык кылына тургандар же түпкү теги кыргыз эмес деп эсептелген топтор катары каралат”. [1. 637.]

2“Дегинкиси ичкиликтер бул байыркы кыргыз урууларынын насилдеринин тегерегине топтолгон, түрктөшкөн чыгыш ирандыктардын жыйындысы”. [2. 31.]

3“Санжыраны биринчиден мындай деп баштайынчы, ичкиликтер кыргыз менен карым-катнаш эл болуп калганына 1300-1500 жыл болуп калды… Бирок, байыркы алты миң жыл тереңдикти карасак, оң менен сол кандаш, ичкилик кандаш эмес”. [3. 2.]

Көзүбүзгө көрүнүп тургандай, Кыргыздын санжырасы “Чү” деген эле жерден былгып, тээ башында эле “Иттин өлүгү көмүлүп” калган. Анан бийликке жетүү үчүн камынган агаларыбыз менен эжелерибиз муну факты кылып, элдин ортосундагы ажырымды кеңейтип жатат. Мына ушул кейиштүү жагдайдын кемтигин толтуруу үчүн тарыхый фактылар менен такталып, илим аркылуу так аныкталган “Кыдыр санжырасын” тизип чыктым. Биз касиеттүү Кыдыр атабызга келгенде үзүлгөнүбүз уланып, чачылганыбыз жыйналат.

— Демек сизде жалпы кыргыз Кыдыр атадан тараганы боюнча далилиңиз бар?

— Ооба, бир эмес бир нече далилдер бар, бирок анын бардыгын чакан маекке батыра албайбыз.

— Ошондой болсо да бир чекесин козгоп койбойсузбу?

— Түшүнүктүү кылганга аракет кылып кыскартып айтсам, дүйнөнүн как чокусунда Памир деген жер бар, андан бүткүл кишизаты тараган. Мунун илимий фактысы бар.

1“…Памиръ именуютъ кровлей (макушкой) мiра, отъ персидскиго «бамъ-и-дунья», или, со словъ Генри Юля, общей колыбелью рода человѣческаго…”. [4. 2.]

2-“Отсюда совершенно логично допустить, что у древнихъ могло явиться предположенiе, что на Памирѣ зародилось Арiйское племя и уже съ него расходилось въ разныя стороны, преимущественно же на востокъ и западъ”. [5. 332.]

3Па-и-Мир, или Крыша Мира, – великая легендарная священная гора древних индусов, обитель Богов и традиционная колыбель арийской расы”. [6. 39, 40.]

4“Название Памир относят также к священной индийской горе Меру, в то время самой высочайшей вершине Азии и мира… По преданиям, эти места – прародина всего человечества”. [7. 20, 21.]

Так ушул Памирден дүйнө эли толкун иретинде биринин артынан экинчиси сүрүлүп түшүп, жер бетине жайгашты. Топон суудан кийин көч башында Шумерлер кеткенин Дилмун деген топоним тастыктап турат. Андан кийин Египет эли, Гректер, Арийлер, Сактар, Гунндар, Түрктөр, Моңголдор болуп уланып отуруп, эң акыркы иретте, т.а. XIV кылымдын этегинде Кыдыр атабыздын ысымын сактаган Миң, Жүз, Кырк деген Кыдыр-Шаалар чыккан. Алар Ферганага түшөрү менен Кокон хандыгын түптөп, үч улуттун түзүлүшүнө салымын кошту. Так белгилесек, Миңинен өзбектер, Жүзүнөн казактар, Кыркынан кыргыздар уюду. Маселен, Кыргыз деген этнонимдин пайда болушу Кырк Кыдырга барып байланат. Кырк+Кыдыр деген сөз Кырк+Кызыр болуп өзгөрүп, Кырк+кыз болуп кыскарган, аягында Кыргыз деген аталыш жаралды. Айтор, түпкү тамырында Кыдыр атабыздын ыйык ысымы жатат.

— Демек, Кыдыр-Шаалар келгенге чейин Фергана өрөөнүндө кыргыздар болгон эмес?

— Ооба. Муну тарыхый маалыматтар эң сонун тастыктап турат. Бирөөсүнө токтоло кетсек, бүткүл Орто Азияны Бабур деген хан башкарганы баарына маалым. Ал киши бийликтен куулган соң бир нече китеп жазган. Кызыгы, Бабур өзүнүн эмгектеринде  кыргыз деген эл жашарын белгилеген эмес. С.М.Абрамзон минтип жазган:

“Таң каларлык кокустуктан улам Кыргызстандын тарыхчылары Султан Бабурдун “Бабурнаама” деген аталыш менен белгилүү болгон мемуарына көңүл бурушкан эмес. Ырас анда кыргыздар жөнүндө эч нерсе жазылган эмес. Бирок Ферганадагы социалдык-экономикалык абалга байланыштуу болгон бир катар көрүнүштөргө токтолуп келип, ал Фергана менен Кашкардын аралыгында тоолордо көчүп-конуп жүргөн уруу жөнүндө жазат, мында бир нече жүз эмес, бир нече миң үй-бүлө жөнүндө сөз болот. Бабур көрсөткөн уруунун аты кээде “чакрак”, же “чогрек” деп ар түрдүү окулуп жүрөт. Мындай уруу азыр кыргыздардын курамында жок, бирок бул жагдай бизди ыңгайсыздандырбоого тийиш, анткени Бабур өзүнүн XVI кылымдын башы ченине таандык болгон мемуарында эскергенден кийин, мындай ири уруу орду түбү менен жок болуп кетиши мүмкүн эмес. Мында кеп, бул жерде биз кыргыздар менен гана байланыштырууга боло турган өтө маанилүү этникалык белгини көрүп тургандыгыбызда болуп жатат. Бабур бул тоолордо (муну ал жүрүүгө кыйын болгон тоолор катарында сүрөттөйт), көчмөндөр көптөгөн жылкылар менен койлорду багып өстүрүшөөрүн жана топоздордун өтө көптүгүн жазат. Орто Азияда кыргыздардан башка топоздорду багып өстүрүү негизги кесиби болгон башка бир да эл бизге белгисиз. Бул болсо бизге Бабур тарабынан аталган, Анжияндан түштүк тараптагы тоолордо жашаган ири уруу кыргыз элинин курамына кирген деп айтууга толук негиз боло алат”. [1. 628.]

Эске сала кетерим, Султан Бабур белгилеген урууну чогорок дегенге байлап жүрүшөт, бирок, турмуш чындыгында “чакрак” дегени Кыдыр-Шаадагы Ыңырчакка барат. Көрүнүп тургандай, Ыңырчак сөзүндө “Ы” тыбышынан кийин “Ң” тыбышы келет, муну айтуу бузулган тилдерде оор жана кыйын болгондуктан тегерек-четтегилер ынырак, онрак, чакрак, чокрек, огулчак, онурчак деп бурмалап айтышып, маалыматтарга жазышкан. Демек, кыргыздар Кырк Кыдырдан тараганы тарыхый факты десек болот.

— Ичкилик урууларынын тамыры терең, дегеним алар кайсы жерден кошулат?

— Ичкилик  эле эмес, Оң менен Солдун ичинде дагы тамыры тереңге кеткен уруулар көп, маселен, баргы, черик, моңолдор, мундуз, саяк, саруу ж.б. Булар Кыдыр атабызга Түрктөн, Гунндан, Сактан ж.б. кошулат, булардын тараган жери Памир, анын баарын “Кыдыр санжырасынан” окусаңыздар болот.

— Сиздин оюңузча, Кыргыздар Орто Азияда Долон бийден кийин жаралганбы?

— Долон бийди билбейм, бирок, Адигине менен Тагай кыргыз биримдигин түзгөн.

— Адигине менен Тагай Долон бийдин баласы да?

— Мен буга кошула албайм, себеби башка да фактылар бар. Маселен, Б.Солтоноев минтип жазган.

Адигине, Тагайдын атасы ким экени талаш. Бири Жанкороз, бири Үйрүмчү, бири Сары, бири Долон дейт. Көбүнчө, Агул, Долондун бирин айтат. Ормондун жоопнамасында Агул деген көбүнчө карыялардын сөзүндө дагы Агул, анын атасы Сатыке, Муратай, Телгозу, Эркалпак. 

…Кыскасы, Адигине, Тагайдан мурунку кыргыз тарыхын кыргыз карыялары анык биле албайт: Ата-бабаларын айтымыш болуп жана оң-солдон таратат. Көбү дээрлик ата-бабаларын илгери кийин кылып, алмаштырып айтат”. [8.]

Улуттук илимдер академиясынын кол жазма фондунда 1954-жылына чейин элден жыйналган экспедициялык материалдарда мындай факты бар.

Айтикеден алты уул туулат. Олордун эң улув баласы Адигине, Тагай, Муңгуш, Мундуз, Басыз, Кутчу дегендер болот”. [9.]

Памирден келген Кырк Кыдыр-Шаанын атасы Айтике, бир баласынан тараган эл азыр Сар-Колдо жашайт. Ал эми Адигине, Тагай баштаган Миң, Жүз, Кырк Кыдыр-Шаа Кара-Дарыяга келип отурукташкан, азыр да Миң түтүн Кыдыр-Шаа ошол жерде жашайт. Алар эмне үчүн Миңден ашпаганын китептен окуп алыңыздар. Ал эми Кара-Дарыянын так өзүнөн Адигине менен Тагай жер бөлгөнү тарыхта жазылган.

“Адигине менен Тагай, энчи бөлүү тоюн өткөрүп, кыргыздын салты боюнча малды, элди экиге бөлөт. Оштун Кара дарыясын чек кылып күн батыш жагын Адигине бий, күн чыгыш жагын Тагай бий алган… (Бала Айылчы., 11-б). Демек, бул маалыматтар кайсы бир деңгээлде оң канаттын ичиндеги өз ара бөлүнүү, болгондо да алардын саясий эки бутакка ажырашын чагылдырып жаткандыгын байкайбыз. Көрсөтүлгөн аймактар, өзгөчө Кара дарыянын алабы санжыранын башка варианттарында Адигине менен Тагайдын энчи бөлүшкөн жери катары айтылат (Солтоноев Б., 86-87-б.) Ал тургай Бернштам талдоого алган “Батыш аймактарынын географиялык жазылышы” (Си-юй-тучжи) аттуу 1782-жылга таандык Кытайдын даректүү тарыхында, батыш жана чыгыш кыргыздары жөнүндө маалыматтар келтирилип, – чеги катары Кара дарыя көрсөтүлгөн (Бернштам А. 127-б.)”.  [10. 565, 566]

Айтор, Адигине менен Тагай атабыз Кыргыз биримдигин түзүп, Кыдыр атадан тараган уруулардын башын кошуп, сактап калган. Албетте, гезиттин бети чектелүү болгондуктан фактыларды кыскарттык, толугун “Нуска” китеп дүкөнү менен Чүй проспектиндеги Борбордук почта түйүнүнүн ичиндеги китеп дүкөндө жана Ала-Тоо кинотеатрынын алдында сатылып жаткан “Кыдыр санжырасынан” окуңуздар. Эң аягында айтарым, биз Кыдырга келсек, Оң, Сол, Ичкилик ажырымын талкалап, элге биримдикти орнотобуз. Көзүңүздөргө ачык көрүнүп тургандай, “Кыдыр санжырасы” аксакалдардын ой жорумунан эмес, илим менен аныкталып жазылды. Кыскасы, биз эң башында турган атабызды таанып, түзөлөр кезге келдик.

Маектешкен Кундуз Исмаилова

Колдонулган адабияттар:

  1. С.М.Абрамзон, Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер, Б., 1999.
  2. С.Аттокуров, Кыргыз этнографиясы, Б., 1998.
  3. Дастан Сарыгулов, “Де-Факто” гезити, №10 (45), 26-февраль, 2008-жыл, 2-бет.
  4. В.Н.Зайцев, “Памирская страна центръ Туркестана”, г.Новый Маргеланъ. Типографiя Ферганского Областного Правленiя. 1903.
  5. И.В.Мушкетов “Памир и Алай”, Очерк из популярной книги “Живописная Россия”, т. 10. Издание Товарищества М.О.Вольф, Санкт-Петербург, М., 1885.
  6. А.В.Постников, Схватка на «Крыше Мира»; политики, разведчики и географы в борьбе за Памир в XIX веке, М., 2001.
  7. И.Горненский “Легенды Памира и Гиндикуша”, М., 2000.
  8. Белек Солтоноев, Кызыл кыргыз тарыхы, 1-том, 1993. http://bizdin.kg/
  9. Академиянын кол жазмалар фондусу. Инв. №1619. №2.
  10. “Кыргыздар”, 7-т., К.Жусупов, К.Иманалиев, Б., 2011.

Булак: Тил жана маданият гезити

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *