Казакстандагы Ratel.kz сайтынын журналисти Вадим Борейко басылма ишин токтотконун билдирди. Анын айтымында, сайттын Фейсбук социалдык түйүнүндөгү расмий баракчасы менен «Ratel.kz сайтынын достору» деп аталган тайпасы дагы иштебей калды.
Андан тышкары сайттын редактору Марат Асиповдун «атайылап жалган маалымат таратуу» ишиндеги макамы күбөдөн шектүүгө өзгөрүлдү. Сегиз сааттык сурактан чыккандан кийин редактор бул иште сайттын дагы бир кызматкери Сапа Мекебаев күбө катары өтүп жатканын, ал эми баяндамачысы Анна Калашникова 5-апрелде суракка барышы керектигин айтты.
Ratel.kz жана Forbes.kz сайттарынын редакциясындагы тинтүүдөн кийин кармалып, кийин кайра кое берилген Forbes.kz сайтынын журналисти Александр Воротиловдун макамы азырынча белгисиз бойдон калууда.
Казакстандагы бул сайттардын редакцияларында тинтүү иштери 2-апрелде, мурдагы каржы министри Зейнулла Какимжанов «атайылап жалган маалымат таратуу» боюнча арыз жазгандан кийин жүргүзүлгөн. Ал аталган сайттарга акыркы беш жыл ичинде чыккан өзү тууралуу макалалар «кара пиар» жана «жалган» экенин билдирүүдө.
Басылмалардын макалаларында Какимжановдун коррупциялык иштерге байланышы бар экендиги айтылган. Буга чейин жарандык соттор Какимжановдун дооматтары туура деген чечим чыгарып, сайттар моралдык чыгым төлөп, макалаларды өчүрүшү керектигин билдирген.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ