Адахан Мадумаров: «Мирзиёев бир жылда жасаган ишти Телибай тентектер 7 жылда жасай алышпады»

— Адахан Кимсанбаевич, жакында эле Москва шаарында Евразия экономикалык кызматташтык уюму уюштурган жыйынга барып катышып келиптирсиз. Жолугушуу кандай форматта өттү? Кайсыл тема негизги маселе катары каралды?

— Бизде Евразия экономикалык биримдик бар эмеспи. Биримдиктин Евразия экономикалык кызматташтык уюму, анын башкы катчысы Владимир Пискурев деген экен. Ошол уюмдун чакыруусу менен 22-ноябрда Москвада болуп, тегерек үстөлгө катыштык. Форматы боюнча ушул уюмга кирген өлкөлөрдүн эксперттери, саясатчылары чакырылыптыр. Негизинен кыргыз-казак бажы тармагындагы түзүлгөн кырдаалдын тегерегинде сөз козголду. Армения өкүлү тарабынан кызыктуу сунуштар болду. Казакстандан ар кандай жагдайларды изилдөө институту бар экен, мүмкүн стратегиялык изилдөө институттары болсо керек, ошонун жетекчилери жана бир топ эксперттер катышышты. Биздин кулагыбызга сиңип калган серепчилер эмес, адистер барышты. Талкуу ар тараптуу абдан кызуу болду. Бул талкуунун биринчи бөлүгү Алма-Ата шарында болгон экен. Мен Алма-Ата шаарына чакыруу алган эмесмин. Чакырууну Москва тарабынан алдым. Ар кандай мамлекеттен келген адистер өздөрүнүн пикирлерин айтышып, акырында башкы катчы Пискурев “Жакында эле Кыргызстанда болуп өткөн президенттик шайлоого катышкан, мамлекеттин мурунку парламент жетекчиси, Жамааттык Коопсуздук кызматында жакшы кызмат өтөгөн, мамлекеттик саясий ишмер катарында” деп мага сөз берди. Мен ал жерде сөз берилүүсүн күткөн жок элем. Сөз берилгенден кийин сөз башталса эле мамлекеттердин арасында банк курамы, акча каражаты, инвестиция кандай болуш керек деп, тилекке каршы элдер кандай болушу керек деген маселе унутта кетип баратат деп айттым. Себеби, ушул мамлекеттер эл бар үчүн мамлекет болуп атышат. Баарыңар бизнес тилине кирип алдыңар, кино, маданият, илим, билим берүү, сүрөт, бири-бири менен карым-катнаш тармагы унутта калды. Товар алмашуу мынча пайыз болду деп айтасыңар дагы, бир мамлекеттин маданий ишмерлери экинчи мамлекетке канча жолу гастролго барып келди, кайсыл мамлекеттин канча спектакли коюлду, канча бала бул мамлекеттен келип олимпиадага катышты, сүрөтчүлөрдүн көргөзмөсү, композиторлордун жыйыны болуп өттү деген такыр унутулду. Бул акчанын артынан кууп калгандын кесепети. Баарыңар киреше издеп басып жүрөсүңөр. Менин көз карашымда, биринчи орунда ушул мамлекеттердин ортосунда акылмандардын, интеллигенттердин уюму түзүлүшү керек. Россияда бүтүндөй дүйнө тааныган, акын-жазуучулар, киноактерлор, композитор, сүрөтчүлөр бар. Кыргызстан дагы ушулардан уучу куру эмес. Казакстанда дагы кыргыз өз каармандарындай сүйгөн азаматтары бар. Мына ошолор дайым карым-катнашта болуп турган болсо, бажы маселесине караганда алардын маселеси элге көбүрөөк түшүнүктүү, пайдалуу, жеткиликтүү болот деген сунушту айтсам, кош колдоп дуулдашып колдоп кетишти. Демилге чыгарган киши дайым жазаланат дегендей, мени уюштуруу тобунун теңтөрагасы кылып шайлашты. 22-декабрда Бишкек шаарында жыйын өтө турган болуп чечилди. Анын ортосунда форматтар талкууланып, сценарий түзүлүп, жумушчу топ иштеп жатат. Келечекте бул кандай уюм болушу керек деген маселе коюлууда. Парламенттердин ортосунда карым-катнаш боло турган парламенттик уюм болушу керек. Себеп, мыйзамдардын баарын бирдиктүү талапка алып келмейинче, ар бир мамлекеттин короосунда өзүнүн мыйзамдары иштемейинче, бул толук кандуу иштебейт. Бажы тармагында баардык мамлекеттерге талап бирдей коюлушу керек. Бири-биринен чоочуп, маалыматтардын чыгып жатканы ишенбөөчүлүк жаратып жаткандын кесепети ушул. Казак, кыргыз, армян, белорус, орус стандарттары саясаттан жогору турган маселе болушу керек. Мисалы, кыргыздын керемет алмаларын Намангандын алмасы деп айтышат. Ал Намангандын алмасы эмес, Аксынын, Ала-Буканын алмасы. Гректин жаңгагы дейт. Гректин жаңгагы эмес, ал кыргыздын, Арсланбаптын, Салам-Аликтин жаңгагы. Дүйнөдө бир да жерде Салам-Алик менен Арсланбаптай табигый жаңгак токойлору жок. Биз сабатсыздыгыбыздан грек жаңгагы, Намангандын алмасы деп калганбыз. Колубузда бар нерсени да бөтөн бирөөлөргө алдырабыз. Ушундай стандарттарды талкуулап, бир түшүнүккө алып келе турган уюм керек дегенди айттым, баары колдошту.

— Чакыруу мага келип калышы мүмкүн деп күттүңүз беле?

— Бул мага күтүүсүз болду.

— ЕАЭБге кирип жаткан кезде “Бул уюмга шашалыш кирип жатабыз” деген сөздөрдү айтпадыңыз беле. Кыргыз бийлигинин чечимин сындап келгенсиз. Сын айткан адамды андай жыйынга кантип чакырып калышты экен?

— Шашылыш менен кирип баратканыбыздын себебин көрсөтүшпөдүбү. Биринчи ал уюмга кириштин шарттарын билиш керек. Оюн башталганда шарт коёбуз го. Мисалы, бильярд ойносок деле сегиз шар же Москва пирамидасын же болбосо Невский ойнойбузду деп сүйлөшүп алабыз. Невский ойнойбуз деген болсок шарты белгилүү болуп, шар столдун эки бортуна тийиши милдеттүү болот. Оюндун шартын билбей туруп эле кирип алып, кийин биз билбептирбиз деген болбойт. Биздин пайдабыз менен зыяныбыз кайсыл деп таразага салышыбыз керек. Кыргыз экономикасы чабал экономика. Чындыгына келгенде Москвадагы “Ашан” деген 5 соода борборун камсыз кыла албаган айыл чарбабыз бар. Анан дүйнөнү дүңгүрөтүп көйгөй жаратабыз. Бизде көйгөй жаралбашы керек. Бул эки мамлекеттин ортосундагы келишимдердин, сүйлөшүүлөрдүн аркасында болууга тийиш. Өзбекстандын президенти Мирзиёев кызматка келгенине бир жыл болду. Бир жылдын ичинде өзбек президенти Мирзиёев 40 млрд доллардан ашык инвестицияны Өзбекстанга алып келип, кандай гана мамлекеттер менен революциялык тездик менен мамилелерди ордуна коюп койду. Мисалы, Түркия менен Өзбекстан таптакыр эки жакты карап турган мамлекет болчу. Бир жолку иш сапарынын натыйжасында аба каттамдарын ачты, түрктүн мыкты делген ишкерлери Өзбекстанга келип завод-фабрика курганга киришип жатат. Кытай менен кандай тездик менен иш-аракеттерди жасады. Россия менен Жамааттык коопсуздук кеңешине кирбеген, тышкы саясатты өз алдынча жүргүзүп жаткан Өзбекстан 16 млрд долларлык келишимдерге айыл чарба продукцияларын экспорттоого, самолёт курууга, заводдорду ачканга кол койду. Бул Мирзиёев ишке киришкенине 3 ай болгондогу иш, жарым жылга жетпей Кытай менен 21 млрд доллардан жогору болгон келишимдерге кол коюп келди. Иштейм деген киши иштейт экен го. 30 миллиондон ашык калкы бар мамлекетте бир жылга жетпеген мезгилде ушунчалык чоңөзгөрүүлөрдү жасап койду. Телибай тентектер 7 жылда жасай алышпады го.

“Буудай качан эгилет дегенди билбеген Телибай тентектердин айынан 680 млн сом кыргыз куржуну жабыр тартты”

— Атамбаев “Өлкөдө чоңөзгөрүү болду. Экономикабыздын өскөнүнө башкалардын ичи күйүп жатат” деген кыязда айтпадыбы?

— Бул жоопкерчиликсиз жаш баланын сөзү. Эмнеси өзгөрүп кетти?! Башкалар биздин эмнебизге суктанып жатат?!

— Президент айткандан кийин ишенип жатабыз да?

— Башкалар суктанып жаткан болсо, калкынын бештен бир бөлүгү бөтөн мамлекетте жалданып жүрбөйт эле да! Кайсыл мамлекеттин калкынын бештен бир бөлүгү башка мамлекеттерде жүрүп жатыптыр жумуш издеп?! Ошондуктан кандай деп башты айландырбасын, өзүбүздүн элдик сөз менен эле айтканда “Жыргаганыман жылкычы болуптурмунбу” дегендей, биздин жигит-кыздарыбыз жыргаганынан бөтөн мамлекеттерде тишинин кирин соруп, адамдык укугунан ажырап, ар кандай басмырлоолорго, кемсинтүүлөргө чыдап, туруштук берип, сыртта жүрүп жаткан жери жок. Биз Евразия экономикалык биримдикке сөзсүз киришибиз керек эле. Бизге ага альтернативдик башка жол жок. Бирок, шашпастан анализдеп кирүү зарыл болчу. Биз айыл чарба багытындагы мамлекетпиз. Силер кандай стандарт менен кабыл аласыңар? Алма, өрүк, сабиз, эт, сүт кандай стандартта болуусу керек? Ошол стандарттарга келгенге чейин биздин абалыбыз кандай болот? Стандартка келүүнүн эрежелери кандай болот? Алар үчүн адистерди ким окутуп берет? Астанага, Москвага же Минск шаарына жиберебизби? Мына ушундай маселелерди коюуга милдеттүү болчу. Бул биринчиси. Экинчиси, биздин каражатыбыз жок, лабораторияларды ким, кандай шартта куруп берет? Канча бажы өтмөктөрүндө канча мөөнөттө курулат? Ал курулгуча биздин продукцияларыбыз кандай болот? Ысык-Көлдүн өрүгү, Чүйдө бышкан сабиз-пияз, Ош, Жалал-Абадда бышкан мөмө жемиштин баарысы лаборатория курулуп бүткөнгө чейин күтүп турбайт. Бир дыйкандын күткөнү болгону 2 гана ай. 2 айдын ичинде калган 10 айлык оокатын өткөрө турган каражат табышы керек. Ошол 2 ай үчүн 10 ай жер тытат деген маселени койсо болот болчу. Түшүндүрүш керек эле. Сүйлөй турган сөз менен ынандыра турган бул-тил. Кыргызда “Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат” дейт. Ошол жетимиш өнөрдүн алды тил. Эки сөздүн башын бириктире албаса, кагазга жаза албаса, жалаң сабатсыздар топтолуп алса, Өкмөттүн ушунча министри олтурат “Айыл чарба адистигинен бирөө барбы?” десе, жок болуп чыкпадыбы. Калкыбыздын 65 пайызы айыл чарбасы менен жашайт. Айыл чарбасынан түшүнүгү болгон бир киши болбосо бул кандай Өкмөт? Канистр менен бензин саткандардын баары ошол жерге толуп албадыбы. Буудай качан эгилет дегенди билбеген Телибай тентектердин айынан 680 млн сом кыргыз куржуну жабыр тартты. Сырттан келген унга төлөмсүз уруксат алгандыгы үчүн. 6 млн сомду зыян тарттырып койдуң деп 6 жылга кесип атат, 680 млн сом зыян келтирген 3 киши демилгечи, үчөөсү тең белгилүү, эмне үчүн жоопко тартылбайт? Ушулардын айынан канча жерлер иштелбей кысыр калды. Кыргыз кастарлап келген канча үрөөн чарбалары жок болду. Муну менен биздин өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна сокку урулду. Бизди накта көз карандылыкка алып баратат. Кокус мамилебиз бузулуп кеткен болсо, бизди бир айдын ичинде чөгөлөтүп койсо болот деп 2–3 жыл мурун айткам. 1 млн 200 миң тонна бизге керек. Кыргыз кампасында ошончо буудай турса гана нан коопсуздугун камсыз кылдык деп айта алабыз. Азыр биз 600 миң тоннадан ашык буудай жыйнап жаткан жерибиз жок. Демек, бизди коңшулар чөгөлөтөм десе, 3 жуманын ичинде чөгөлөтүп койсо болот. Биздин сүттү сатып алып, аны кайнатып кутуга салып, 7 сомдон сатып алган сүтүңдү кайрадан кыргыз 40 сомго сатып алып жатпайсыңбы. Неге сен өзүңдүн сүтүңдүөзүң иштетип, кутуга салып 40 сомго сата албайсың? Акылың кемби? Колуң мунжубу? Таластын төөбурчагы түрк төөбурчагы деп дүйнөлүк бренд болуп жатат. Аларда дүйнөлүк стандарт бар. Ошол стандартка ылайык экологиялык таза продукция бизде өсүп, башка мамлекеттерге кетип баратат. Бизден барган төөбурчактар атактуу ресторандарга кирет. Ушуга көп акылдын кереги барбы?

(уландысы бар)

Булак: «Жаңы ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *