Айгүл Асанбаева, абактагы Садыр Жапаровдун жубайы: «Атамбаев Садырдын атасына топурак салууга уруксаат бербей коюу менен пастыгын, карөзгөйлүгүн, майдачылын дагы бир жолу көрсөттү»

Түрмө, түрмө тозоктун филиалы,
Тагдыр эмес, толтурган бийлик аны…”
(Белгисиз акындан)

— Айгүл айым, Садыр Нургожоевичтин камалганына 2 жыл болуп баратат. “Декабристтин” аялы болуу оңой бекен?

— Туура, камалганына 2 жыл болуп баратат. Ана чыгат, мына чыгат деп: чоң үмүт, ишеним менен күтүп келебиз. Садырдын иши ак жана мекенине болгон эмгеги зор экендигин коомчулук билет. “Декабристтин” аялы болуу азаптуу да, ошол эле учурда
сыймыктуу да нерсе экен. Ага карабастан, жолдошуңдун кылган ак эмгегине ишенсең, эл туура түшүнүп жана колдоо көрсөтүп турса, тарткан санааң жеңилдей түшөт экен.

— Акыркы 2 жылдагы куугунтук жагдайы жолдошуңуздун психикасына таасир этти деп ойлойсузбу?

— Жо-ок. Андай деп эч ойлобойм. Себеби, Садырдын мүнөзү, бизге болгон мамилеси, балдарына берген мээрими абдан жакшы. Айланасындагыларга дайыма позитив тартуулайт. Көп окуйт, көп жазат. Биз анын чарчадым, кыйналдым деген сөзүн
уккан эмеспиз. Жабыркаган адам такыр башкача болот да.

— Элде Садыр Жапаровду бошотот деп, президенттен үмүт пайда болду эле. Акыркы айларда анын адвокаттары көп аракеттерди жасашты. Эмне себептен натыйжа чыккан жок деп ойлойсуз?

— Туура. Президенттен үмүтүбүз ото чоң эле. Себеби, президент өзү элде чоң үмүт жандандырып, сот системасын оңдойм, адилеттүүлүктү камсыз кылам деп, сөз берген жери бар. Ошондон улам элде «ии мына эми туура, ыймандуу президент келди»
деп, иш жүзүндө калыстык күтүп отурбайбы. Эгерде бизде Кыргызстанда мыйзам иштесе, элдин үмүтү, биздин адвокаттардын иши эчак үзүрүн бермек. Демек, адвокаттар кандай гана аракет кылышпасын, бийликтин ниет-максаты баарына белгилүү болуп калбадыбы. Иштин жыйынтыгын бир эле адам чечээрин эл түшүнүп калды: Президенттин мен сот ишине кирише албайм деп айткан сөзү, бул азыр бошото албайм дегендик деп түшүндүк.

— Садыр Нургожоевичтин атасы өткөндө Атамбаев ага топурак салууга уруксат берген жок. Абакта жаткан Нариманга атасы өлгөндө АША ага уруксат берди…

— Кайнатамды жерге берип жатканда көп адамдар катуу капаланышып, ушу сөздү айтышты Кызыл кыргын болуп жатканда деле, сөөктү жерге берүү үчүн согушту токтотуп турат экен, өлгөн адамга акыркы жолу сый көрсөтүүгө. Атамбаев уруксат бербей коюу менен пастыгын, карөзгөйлүгүн, майдачылын дагы бир жолу көрсөтүп алды. Атасынын жаназасына уруксат бербей коюп өч алдым дегени жаңылыштык. Атабызды тууган-урук, достор, миң чакырым алыскы Лейлек, Баткенден, Чаткалдан аксакалдар, жаштар болуп, айтор, жумурай-журттан көп эл келип, өзгөчө урмат-сый менен узаттык. Акылы кыска Атамбаевди болсо, өзү айткандай, Кудайга койдук…

— 25-мартта Садыр Нургожоевич келбей койсо болбойт беле?

— Мындай пикирди айткандар абдан көп болду. Мен да ушул маселени көп жолу ойлондум. Садыр күнөөлүү болуп туруп, башкаларга окшоп, келбей койсо бир жөн. Бул жерде бир акылмандын сөзү эсиме келет. Атадан 3 бала төрөлөт дейт: биринчиси — ​жанын баккан; экинчиси — ​малын баккан; үчүнчүсү — ​элин баккан. Биринчи уул сары чырмоок сыяктуу өз жанын багыш үчүн башкаларды муунтуп, бирөөнүн ырыскысын өзү гана жеп, башкаларды эмне болсо болсун, мен жакшы болоюн дейт. Мал баккан уул терек сыяктуу. Байлыгына чиренип, тегерегине көлөкөсүн түшүрөт. Ал эми эл баккан уул мөмөлүү дарак сыяктуу. Мөмөлүү даракка ар дайым таш ыргытылып, ар кандай сөздөр айтылат. Бирок, ошондо да таарынып калбай, кийинки жылы да көп мөмө берет. Канчалык мөмөлөгөн сайын шагы ийилип, бүт адамдарга пайдасын тийгизет. Садырды эл баккан уул деп билем. Эли үчүн кызмат кылууга сөзсүз келиш керек болчу да…

— Садыр кызматта, бийликте турганда достору, ал-акыбал сураган санаалаштары көп болгондугу талашсыз. Соңку жылдарда достору канча пайызга азайды же көбөйдү деп ойлойсуз?

— Бийликке жаман көрүнүп, кызматынан, байлыгынан ажырап калбайын дегендер да болду. Ага карабастан, мекенчил, чындык үчүн жанын бергенге даяр болгон тарапташтарыбыз, тескерисинче, болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Азайса да, чыныгы достору дайыма кабар алып турушат.

— Канча уул-кызыңар бар? Алардын жашы канчада? Садырдын камалышы аларга канчалык таасир этти?

— Садыр экөобүздүн 4 уул, 1 кызыбыз бар. Улуусу 26га чыгат. Буюрса, быйыл атасы бошонуп келсе үйлөнөт — ​баарыңыздарды тойго чакырабыз. Экинчиси 22 жашка толду. Студент. Атасын тосуп чыгам деп, ур-токмокко алынып, камалып, 6 ай СИЗОдо жатты. Азыр акталып, окуусун улантууда. Иштеп да жүрөт. Үчүнчүсү Ринат 21 жашта. Студент. Ал да катуу ур-токмокко алынган. Төртүнчүсү Нурдөөлөт 14 жашта. Кызыбыз Жанайым 13 жашта. Атасына өзгөчө жакын. Алгач балдарыбызга өтө оор болду. Бара-
бара түшүнүп, сыймыктана башташты. Атабыз камалгандан бери балдарыбыздын көп эсе чыйралгандыктарын байкадым.

— Соңку 2 жыл ичиндеги Жапаровдун сот процесстеринде 10–12ге чейин адвокаттар катышканын байкадык. Алардын эмгек акыларын кайдан таап берип келдиңер?

— Учурдан пайдаланып, адвокаттарыбызга терең ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Садырдын элге кылган эмгегин баалап, Шарабидин Токтосунов жетектеген адвокаттар тобу бекер иштеп беришти, азыр да акы албай иштеп жатышат. Мыйзам иштесе, эл үмүтү акталып, адвокаттардын эмгектеринин акыбети эчак эле кайтмак.

— Эркектин башына мүшкүл түшсө, азабын аялы тартат эмеспи. Жубайыңызга саясаттан кайт деп айткыңыз келген учурлар болдубу?

— Мен азапты Алланын сыноосу катары кабыл алдым. Жараткан сыноону көтөрө алышыңча берет дейт. Ооба, кайт деп айткым келген учурлар болгон. Себеби, саясатта көп жылдар жүрүп, элди тоноп, төңкөрүш жасап же Кыргызстанды өнүктүрбөй, тескерисинче карызга батырып, коомчулукту ирээнжитип, кайра-кайра саясатка келген жек көрүндүлөрдөн болбосо экен деп ойлойм. Ал эми Садырдын эмгегин карапайым эл баалап, билип тургандан кийин кайт деп айта албайм.

— Жакын арада Садырдын бошотулушу мүмкүн деп ойлойсузбу?

— Ооба, өтө чоң ишеним менен, үмүт менен күтүп атабыз.

— Президент Жээнбеков менен Садыр Нургожоевичтин эскиден мамилелери жакшы эле го. Сиздин оюуңузча эмне үчүн Президент катары баарын көрүп-билип туруп, сот жана тергөө органдарына калыс карагыла дебейт?

— Ооба, мамилелери абдан жакшы болчу. Үй-бүлө менен катышып, чай ичишип эле жүрчүбүз. Маселенин бул жагы мен үчүн да таң калыштуу. Менимче, президент Атамбаевдин таасиринен биротоло кутула албаган сыяктуу…

— Садырдын бошотулушунун жолу калдыбы? Аны эмнеден көрөсүз?

— Мен юрист болбосом да, баарын түшүнүп эле турам. Жолдору абдан эле көп экен. Себеби, эң негизгиси, Садырдын ишинде кылмыш жок да. Бирок, коррупция бийлеген коомдо соттордун баары эле жогору жакты карай беришет тура.

— Айгүл айым, сиз кайда иштейсиз? Кесибиңиз эмне? Кантип жан багуудасыз?

— Мен көп балалуу аял катары балдарымды тарбиялап, үй-жайга баш-көз болуп, үйдүн кожойкесимин. Өзүм эки дипломдун ээсимин: медайым жана химбиологмун. Балдарым иштейт. Ошолор киреше таап келип, багып жатышат.

— Садыр Нургожоевичтин түрмөдөгү шартка — ​өз жагдайына наалыган учурлары болдубу?

— Садыр өз табияты жана тарбиясы боюнча наалый турган адамдардан эмес. Кайын атам уул-кыздарынын баарын шүгүр деп жашоого үйрөткөн. Бирок, ал да бүтүндөй прогрессивдүү кыргыз коомчулугу сыяктуу эле өзүнүн 11 жыл 6 ай мөөнөткө адилетсиз
соттолгонуна принципиалдуу түрдө макул эмес.

— Сөзүбүздүн аягында кошумча эмнелерди айта аласыз?

— Айтаарым: эне катары Кыргызстаныбыздын эртеңи — ​балдарыбыздын келечеги ойлондурбай койбойт. Өзүм саясатчы болбосом да, элибиз белчесинен баткан сырткы карызды ойлойм. Тоолорубузду каздырып, сууларыбызды булгатып байлыгыбызды талатып-тонотуп, эл менен бийликтин экиге бөлүнүп калгандыгы катуу
тынчсыздандырат. Бул абдан коркунучтуу нерсе. Ошол үчүн коомубузда ынтымак, биримдик — ​тынчтык болсо экен деп тилейм.

— Чыныгы мекенчилдик жакшынакай тилектериңиз үчүн рахмат, Айгүл айым!

Маектешкендер: Муса Момуналиев ,Номанжан Аркабаев.

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *