Шайырбек Маматокторов, журналист: Алайдагы кыргыз-кытай газ түтүгү боюнча суу кечпеген жоромолдорго ишенбейли

Акыркы күндөрү коомчулукта Кыргызстан Кытай газ түтүгү Алай жерин экиге бөлүп, бир жагынан экинчи жагына өтө албай калабыз. Анын үстүнө, ошол түтүк жайгашкан жер Кытайга өтүп кетет жана ал жерде кытай аскерлери кайтарат” деп, негизсиз жоромолдорду айткан эле.

Ошондой адамдар, алгач 22 беренеден турган келишим менен таанышып койсо болмок экен. Ошол келишимдин 3, 5, 8, 10, 15, 18-жана маанилүү 19-беренелери менен тааныш эмес болгондуктан, минтип жалган маалыматты таратып олтурушат. Бул жерде, КРнын Өкмөтүнүн да маалымат таратуудагы чабалдыгын айтпай кетсек болбойт. Себеби, коомчулукка түшүндүрүү иштерин 2014-жылдан бери өткөрүшпөптүр. Андан бери канча убакыт өттү. Маалымат азыркы тапта бат эскирет. Анын үстүнө, жергиликтүү бийлик, жергиликтүү кеңештер, алардын депутаттары да өзгөргөн. Өлкө үчүн маанилүү долбоор башталаар кезде, оперативдүү ирээтте элге так жана айкын маалыматты таратып туруу Өкмөттүн милдети эле.

Келишимдин негизинде, ал жерлер 35 (эксплуатация мөөнөтү) жылга гана ижарага берилет. Куруу процессинде жумушчулардын көпчүлүк бөлүгү кыргызстандыктар болушу шарт. Газ түтүгүн кайтарган кызматкерлер да кыргыз жарандары гана болуш керек. Жалпысынан, 1 миң кишиге жакын жарандарыбыз жумуш менен камсыз болуп, мамлекет болсо жылына 70 миллиондон ашык АКШ долларын атайын салык катары алып турса анын эмнеси жаман? Курулушка керектүү нерселерди жана куруучу ишкана муктаж болгон товарларды, кызматтарды кыргызстандык компаниялардан, жергиликтүү калктан алынат деген шарттары турса, анда бул долбоордун кайсы жери бизге зыян? Бул же зыяндуу өндүрүш болбосо, же бир кен казуу иштери да эмес. Химиялык тазалоо, аффинаж же башка экологияга, адамдардын ден-соолугуна зыяндуу нерселер да аткарылбаса, анда эмнеге биз каршы болушубуз керек? Жогорку ылдамдыктагы оптоволокно интернет ал регионго дагы канча жылдан кийин келмек. Жолдор курулуп, инфраструктура өнүгөт. А эң маанилүүсү, жергиликтүү калкка тийешелүү компенсациялар эбак төлөнүп берилди. Аны айыл өкмөттөрдөн же жергиликтүү жашоочулардан деле тактасаңар болот. Түтүк өтө турган маршрутун жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана ошол аймактын жашоочулары менен талкуулагандан «кийнн 60 чакырымга өзгөрүп, компромистүү келишимге келишкен. Ал эми келечекте керектүү адистерди даярдоо максатында жергиликтүү бүтүрүүчүлөрдөн 30 баланы бекер окутуу үчүн тандоо да болуп өттү. Жалпысынан, бул ири долбоордон мамлекетибизге 2 млрд доллар накталай киреше түшө турган болсо, анда ал сумма биздин тышкы карыздын теңинен көбүрөөгү болуп калбайт беле? Карыздан кутулуу булагын издеп карайлап жаткан кезде, мындай кирешелүү долбоорго каршы чыккандарды такыр түшүнбөдүм. Жөн эле ооз көптүрүп, популисттик маанайдагы чакырыктарды таштоонун ордуна, реалдуу альтернатива сунушташса болмок. Кыргызстан карыз албай эле, болгону 215 чакырым болгон кууш тилке жерди ижарага пайдалуу шартта берип жатса, аны кантип колдобош керек?

Мындай транзиттик магистралдар бүт дүйнөдө өтө кирешелүү болуп эсептелет. Алыска барбаганда деле, Украина, Казакстан, Өзбекстан бул тармакта көптөгөн киреше таап келишет. Бир эле Казакстандан мындай түтүктөрдүн 3 бутагы өткөн. Ошол эле даяр инфраструктурасы бар жерге төртүнчү түтүктү деле курушса болмок да. Келишимдердин негизинде мына эми гана, Кыргызстан менен Тажикстан мындай ири долбоорго катыша башташты. Биздин өлкө аркылуу өткөн түтүктүн узундугу 215 чакырымды түзөт. Ал эми Тажикстандагы узундугу 400 чакырымды түзүп, өтө татаал рельеф аркылуу өтөт экен. . Бирок, бизге тийешелүү бөлүгү, чындыгында Алай өрөөнүнүн бир топ кенен жеринен өтүп, эч кандай үйлөрдүн, сарайлардын, мүрзөлөрдүн, тарыхый-маданий эстеликтердин ичинен кесип өтпөйт. Түтүк 1.5-2 метр тереңдикте жерге көмүлүп, айланасында эч кандай тосмо орнотулбайт. Жер кыртышын калыбына келтирүү (рекультивация) иштери аяктап, ал жерлер кайрадан эле иштетүүгө толук жарактуу болуп калат.

Мунун баары экономикалык тараптары. Ал эми бул долбоордун геосаясий маанисин эске алсак, анда Кыргызстан глобалдык масштабда, эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга аралашып, коңшу мамлекеттер менен тең ата сүйлөшө турган дагы бир рычагдын ээси болду десен жаңылышпайм.

Шаирбек Маматокторов

Булак: “Майдан”

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *