Алмаз Атамбаевди мамлекеттик резиденциядан чыгып кетүүгө кантип мажбур кылышты?

Сапар Исаков, Абдил Сегизбаев, Индира Жолдубаева, Кубанычбек Кулматов сыяктуу жан-жөкөрлөрү кызматтан алынгандан кийин «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында 1 млн еврого салдырган хан сарайында жашап жаткан Алмаз Атамбаев ал жерди реваншисттердин штабына айлантып жиберет. Фарид Ниязов, Алмаз Үсөнов жана жогоруда аталган экстер эски шефине байма-бай каттап, «Барбаросс планын» иштеп чыгыша баштайт. Бирок президенттин иш башкармалыгы мыйзамга такап, экстерди резиденцияга киргизбей жүдөтөт. Ошондо Атамбаевдин ачуусу келип, резиденциядагы үйүн убактылуу жаап салып, Кой-Таштагы жаңы салынган хан сарайына көчүп кетет. Эми Атамбаев күн сайын Кой-Таштан түптүз Бишкектин Алматы көчөсүндөгү өзүнүн жеке менчик «Форум» ишканасына түшүп келип, жан-жөкөрлөрү менен кайрадан «Барбаросс пландарын» иштеп чыга башташыптыр. Президент болуп турган 6 жылда резиденциядан Акүйгө түшүп келип иштегенден эринген Атамбаев резиденцияга кабинет жасатып алып, ага жолуга турган кишилерди ошол жерден кабыл алып калган. Азыр болсо жерге түшүп, Кой-Таштан «Форумга» эринбей эле каттап жатыптыр.

Булак: Кyrgyztoday.кg

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *