Алмазбек Атамбаев кандай президент болду?

Ноябрь айында “Ала-Арча” резиденциясында жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы болду. Кыргыз эли президенттик бийликтин тынчтык жолу менен өткөрүлүп беришине экинчи жолу күбө болушту. Бийлигин өткөргөн  А.Атамбаев кандай президент катары элдин эсинде калды?

Аясат тануучу Медет Түлегеновдун оюнда А.Атамбаев курч жана ачык сөздөрү менен элдин эсинде калды. Ал өзүнүн сөздөрүндө коомдук-экономикалык көйгөйлөргө эмес адеп-ахлак маселелерине  көбүрөөк басым жасады дейт “Азаттыкка” берген маегинде:

-Башка президеттерге салыштырмалуу сөздөрү курч жана өткүр болду. Экс-президент элдин астында сүйлөгөндө коомдук-экономикалык маселелерге караганда адеп-ахлакга көбүрөөк басым жасады. Мурастары жөнүндө айта турган болсок позитивдүү жагдайлар бар. Биз үй-бүлөлүк башкаруу туралуу көп сөз кылбай калдык. Көптөгөн Кыргызстандыктар экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүн таанышпайт. Бул дагы бир жетишкендик.

Тынч жол менен кетти

2016-жылдын декабырь айында Конституцияга өзгөртүүлөрду киргизүү брюнча  референдум өткөрүлдү. Добуш бергендердин көпчүлүгү “ооба” дешкен. Мурдагы президенттердин учурунда өткөн референдумдарга салыштырмалуу бул жолу президенттин ыйгарым укуктары  күчөтүлбөдү. Ошондой эле президент  6 жылда бир гана жолу шайлана ала турганы өзгөртүлбөдү. Аналитик Игорь Шестаков А.тамбаевди “ өзүнун мөөнөтүн бүтүрүп тынчтык жолу менен кеткен президент” катары эстеп каларын “Азаттыка” берген маегинде айткан:

Биз аны ыйгарым укуктарын өз эрки менен тапшырып кеткен президент катары эстеп калабыз. Бул бир гана Кыргыстанга эмес Борбордук Азия өлкөлөрү үчүн өрнөк боло алат.  Конституциялык мөөнөтүн аяктаганда, президенттиктен тынч жол менен кетти. Конституцияны өзгөртүп, мөөнөтүн узартып алган жок,-дейт Шестаков.

Элди малга теңеген

Дүйнөлүк экономика жана саясат институтунун адиси Жаксылык Сабитов tengrinews.kz сайтына берген мегинде А.Атамбаевдин президент болуп турган кезинде кетирген каталары жөнүндө айтып өткөн:

Кыргызстан үчүн 2016-2017-жылдар “саясий реакция” жылдары болду. 2016-жылы  31-августта, Кыргызстандын  көз карандысыздыгынын 25 жылдыгында убактылуу өкмөттү жана Роза Отунбаеваны катуу сындады. Бир аз убакыттан кийин элди “текенин” аркасында ээрчиген малга теңеди. “Текенин” негизинде Өмүрбек Текебаевдин образы колдонулду. Ошондой эле 2017-жылы Өмүрбек Текебаев паракорчулукка айыпталып камака алынды. Көпчүлүк адистер муну Атамбаев менен  Текебаевдин ортосундагы мамаиленин солгундашы менен байланыштырып келишет. Экономикалык жагдайларды карай турган болсок. 2012-2016- жылдагы жыйынтык боюнча Кыргызстандын экономикасынын өсүшүндө терс темп байкалат. Атамбаевдин Казакстанга карата терс пикирлери буга себеп болду деп ойлойм.      

Эл эмне дейт?

Жөнөкөй элдин пикирин билүү максатынды сурамжылоо жүргүздүк. Бишкектеги Жогорку окуу жайлардын биринде билим алган Жанара Кайыпбекова төмөндөгүдөй пикирин билдирди:

-Мен А.Атамбаев жакшы президент боло алды деп ойлобойм. Анткени ал президенттик постко келип жатып Кыргызстанды  Дүйнөдөгү 10 бай өлкөнүн катарына кошорун айткан. Global Finance тарабынан жарыяланган рейтинг боюнча Кыргызстан 42 орунда турат. Тышкы мамилелер боюнча туруктуу бир позициясы болгон жок. Бир туруп Россияга, бир туруп Туркияга , бир туруп Казакстанга кыйын болуп жатты.

Бишкектеги мектептердин биринде мугалим болуп эмгектенген Мээрим Бегимкулова А.Атамбаев өз милдеттерин так аткарган, улуттун кызыкчылыгын ойлогон президент катары эстеп каларын айткан:

-А.Атамбаев  улуттун кызыкчылыктарын биринчи орунга койгон президент болду. Мисалы, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштуруу менен Кыргзыстандын позитивдүү имиджин түзө алды. Менин оюмча бул эң маанилүү иштердин бири болду,-дейт Мээрим.

Кезектеги жараныбыз экс-президентти баатырдык наамга татыктуу эмес деп эсептейт. Раатбек Койчубаевдин( каалоосу боюнча аты өзгөртүлдү) айтымында А.Атамбаев оор учурда президенттикке келген жана улуттун баатыры атанууга мүмкүнчүлүгү бар болчу, бирок ал мүмкүнчүлүктү пайдалана алган жок:

-Алмазбек Атамбаев Президенттикке оор учурда жана үмүт жаралып турган учурда келген. Чоң реформаларды жүргүзүп Ататүрк, Линкольн сыяктуу эл баатыры, улут баатыры атанууга жакшы мүмкүнчүлүгү бар болчу. Бирок ал мүмкүнчүлүктөрүн пайдалана алган жок.  Сооронбай Жээнбеков биринчи указы менен “ Кыргыз эл баатыры” деп жарыялады. Эми ойлонуп көрсөк, анын жасагандары баатырдык беле? Менин оюмча ал баатыр эмес. Чоң тосколдуктарды жеңип элине бакубаттулук алып келген адамдарды баатыр деп билебиз. Бирок, А.Атамбаев кайсыл чоң тоскоолдукту жеңип элге бакубатуулук алып келе алды. Ал тескерисинче, революциядан кийин элде пайда болгон үмүттү өчүрдү. Ошондой эле ал саясий атандаштыкты жок кылды. Убагында өзү менен чогуу жолго чыккан саясатчыларды куугунтуктап, камап салды. Балким элдин эсинде Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурган президент катары калышы мумкүн. Бирок, баатыр деп атагыдай көзгө толумдуу бир иштерди жасап, Кыргызстанды укмуш гүлдөтүп,өнүктүрө алган жок.

Эсиңиздерге сала кетсек Алмазбек Атамбаев жалпы элдик добуш берүүнун натыйжасында 2011-жылдын 1-декабрында президенттик постко келип, 2017-жылдын 24-ноябрында ыйгарым укуктарын жаңы шайланган президент Сооронбай Жээнбековго өткөрүп берди.

Кылычбек кызы Ырысбү

Булак: Kyrgyztoday.kg

 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *