АТАЛЫК… же бүгүнкү күндө Мусулманкул аталык болгусу келген, мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин бейнесине сүртүмдөр

ХАН АТАСЫ-АТАМБАЕВБИ?

“Аталык” деген хан ордодогу эң улуу даража, хан жаш мезгилинде өлкө башчы, хан атасы дегендикти түшүндүрөт. Аталык деген сөз, өзгөчө Кокон хандыгы өзүнчө чоң мамлекет болуп турган карт тарыхыбыздагы көп ирет колдонулган термин болгон. Аталыктын даңкын алыска чыгарган Мусулманкул аталык, Алымкул аталык болгону тарых барактарынан белгилүү. Залкар жазуучубуз Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романындагы бир кандуу окуя эсиме келип кетти. Ордо кутумдарынын амалы менен такта отурган Шералы ханды Алымбек датка экөөнүн ортосуна от жагышып, касташууга алып барган деңгээлге жеткиришет. Шералы хан өзүнүн эң ишенген аскерлеринин кол башчысы болгон Мусулманкулду “Алымбек датканы өлтүрүп, башын кесип кел!” деп Ошко жөнөтөт. Мусулманкул менен Алымбек датка Оштун чет жакасындагы Мады кыштагында экөөнүн ортосунда согушка чыгышкан. Мына ушул учурда ордо кутумдары күчсүз калган Шералы хандын өзүн өлтүрүүгө үлгүрүшөт. Анын ордуна Мурад ханды такка отургузушат. Мурад хан болгону жети, сегиз күн гана такта отурат. Шералы хандын өлтүрүлгөнүн угуп Мусулманкул Ошту таштап, Коконго жетип келет. Шералы хандын ордуна эми эле такка отурганга үлгүргөн Мурад хандын башын алдыртып салат. Мурад ханды өлтүрүп, кыйла жеңилдей түшкөн Мусулманкул Шералы хандын жашы жетелек баласы Кудаяр ханды такка отургузуп, өзү жаш ханга, ал эрезеге жеткенче аталык, мындайча айтканда хан атасы болуп алат. Кудаяр хан чоңойгончо, Кокон мамлекетин башкаруу вазийпасы Мусулманкул аталык башкарып, анын колуна түшкөн. Окурмандарга ошол тарыхый окуяны бир эстетип коюуну туура көрдүм. Анткени мурдагы президентибиз Атамбаев бүгүнкү күндүн Мусулманкул аталыгы болгусу келип турганы жалпы элге билинип калды. “Сынган кылыч” (131–132-беттерде) тарыхый романында мындай саптар бар:

“Баары бир, дагы эле мансап талашуу басылбады…

Кийинки 1845-жылдын жазында Мусулманкул миңбашы ордодо жокто Исфара вилаетинин беги Сатыбалды деген ордону капыстан басып, Шералини өлтүртүп, те илгерки Алимкандын бир уулу Мурад бекти «кан» деп жарыялап жиберди. Бул окуяны уккан Мусулманкул шашылыш кайтып, биртке Исфаралыктарды Кокон дарбазанын түбүндө кыйратып таштап, дагы эч тоскоолсуз ордого кирди. «Балдары кайда болду экен?..» деген ой көңүлүн өйүдү.

Эки жагында дагы бөрүдөй жулунган кашкөй жигиттер, ал дагы эки этеги далбактап, аксап басып, кыжырдан дагы кабагы чүрүшүп, жулуна басып келди. Үңүлдөп ыйлап, жанында эки-үч катын, Жаркын айым ордонун коргонунун эшигинен тосуп чыкты.

— Балдар кайда?.. — ​деди Мусулманкул, жооп күтүп турбай, токтолбой ичкери карай жулуна басты. Эне байкуш уясына жылаан кирип бара жаткан боз чымчыктай жан дүйнөсү дилдиреп, ага этек улаш жөнөдү.

Мала, Сопу, Кудаяр үжүрөнү ичинен дембелеп отурушкан экен. Жаркын айым тула бою калтырап, үнү каргылданып:

— Бек… ырайым кылың, бек… –деп, каалганы тосту. — ​Буларга так-таажынын кереги жок, такка отуруп атасы не тапты, жандары калсын, бек… Кетебиз кайра Таласка…

Мелтейип тиктеп калды Мусулманкул:

— Ыя, «кетебиз» десеңиз эле кете бересизби, канике айым? «Кан» болгон каны менен жуунуп гана кутулат!

Жаркын айым:

— Каны менен жуунду го «кан» болгону?! А «кан» боло электеринде не күнөө?!

Мусулманкул:

— Бири эле кетсе, ал бирөөнүн колундагы оюнчугу болот, так талаштырып чыгат, акыры бир күнү! Так-таажы жаш балдарга кереги жок болсо болор, а өлкөбүзгө, журтубузга «эге», жок дегенде эле «огожо» абдан керек ко?!

Мусулманкул каалганы өзү тыкылдатты, кимдир бирөөлөр менен энесинин сүйлөшкөн үнүн уккан балдар эшикти ачышты. Мусулманкул босогону аттап кирип токтоп, тиги элтейип карап калган балдарды бир сыйра тиктеп, өзүнчө баш ийкеп турду да, бир убакта эрезеге жете элек куба жүлүн Кудаярдын ийнине колун койду, бирдеме айтмакчы болгондой.

— Бек… — ​деди Жаркын айым, — ​бул али көөдөк го, бек?!

Көңүл бурган жок Мусулманкул, ошол колунан жетелеген бойдон канзаада Кудаярды так турган диванканага алып кирди:

— Мына… –деди, төрдөгү такты Кудаярга көрсөтүп. — ​Сенин тагың… атаңдан калган тагың…

Кудаяр таң калып тиктеп, эки көзү алайып, мурдун тартынып койду.

Эртеси таңдан баштап кернай үнү баркылдады. Төөгө теңделген «кан дабыл», дабыпчы: «Кимдин, кимдин заманы — ​Кудаяркандын заманы!..» деп, деги эле өтө кубангандай кыйкырып, обдула өрөпкүгөнсүп, кош дабылды дүңгүрөтө сабап, көчөмө-көчө кыдырып, жар салды.

Жетилип, убагында Нүзүп аталыктан кыйла таалим көрүп калган Мала бек. Бирок, Мусулманкул андан кичүү Кудаяр бекти атайы тандады. Анткени, эрезеге жеткенин хан көтөргүдөй болсо, анда Мусулманкулга бийлик жарым-жартылай тийип, анын үстүнө дагы хан башка бирөөлөрдүн таасирине ыктап кетиш коркунучу дайым болуп калмакчы.

Хандын жаштыгы аталыктык гана эмес, бүткүл өлкөдө ишти да, сөздү да, жыра тарттырбай турган өкүмдарлык бийликти жалгыз өзүнө топтоого ага шарт да, укук да болду” деген саптарды ошол мезгилдин кандуу так талаш учурун окурман журтуна эстетип коюуну туура көрдүм. “Сынган кылыч” романындагы ошол кездеги Кокон мамлекетинин ата-мурасы болгон такка жаңыдан гана отурган жаш хан Кудаяр эрезеге жеткенче Мусулманкул аталык, ата ордуна, такты өзү башкарып келгени белгилүү. Атамбаевдин да бүгүнкү күндүн Мусулманкул аталыгы болгусу келгени, анын эки жүздүү, элдин тагдыры эмес, жеке өзүнүн жыргал жашоосу, элдин, өлкөнүн казынасын уурдаган “бөлтүрүктөрүнүн” керт башын гана ойлогон митайым саясаты даана көрүнүп турат. Атамбаев мөөнөтү аяктап бараткан кезде өзүнүн мураскору катары, Ак үйдөгү президенттик креслону кимге калтырып кетүү планы, анын башын бир топ эле оорутту. Ошол эле учурда, “кийиңки президент ким болот?” деген ой, Кыргызстандын элине да табышмактай туңгуюк нерсе болчу. Бир канча адамдардын аттары талапкер катары айтылып да кеткен. Алардын арасында ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков, УКМКнын төрагасы Абдил Сегизбаев, Өмүрбек Бабанов ж. б. да бар эле. Атамбаев, көпкө чейин Асилбек Жээнбековду президенттикке талапкер катары, бардык жагынан таразалап, изилдеп, сынап да көрдү. Атамбаев өз сөзүндө Бабановго да көзү түз экенин билгизген. Бирок, президент болгон күнү эле Бабанов куйругун карматпай кетээрин Атамбаев өз убагында түшүндү. Жаш болсо да саясаттын казанында кайнаган, ар кандай маселени чечүүдө өтө чечкиндүү, өз позициясына бекем, айтканын бербеген, эки ирет ЖКнын төрагасы болуп иштеген, оор салмактагы саясатчы болуп калган Асилбек Жээнбековду, Атамбаев эч качан мурдуна “чүлүк салып” жетелеп кете албасын түшүнгөн соң, анын талапкерлигинен жылуу, жумшак гана баш тартканы белгилүү. Асилбек Жээнбеков талапкерлердин тизмесинен көрүнбөй калды. Өзүнүн жакын тууганы, “кайниси” Абдил Сегизбаевди салмактап, таразага салып да көрдү. Түштүктүн эли, Бакиевди орус мамлекетинин колдоосу, кандуу төңкөрүш жолу менен кетирген Атамбаевдин кадры Сегизбаевди мураскору катары эч качан колдобойт да болчу. Сегизбаев ал үчүн утулуш гана болмок. Таразанын ташы түштүктөн чыга турган талапкерге ооп турганын, “аталык” өз учурунда баамдады. Бул ирет, президенттикке талапкер сөзсүз түштүктөн болушу керектигин Атамбаев түшүндү. Ал саясый фигура Сооронбай Жээнбеков деп өлкө башчысы, ага токтолду. Атамбаев айласы түгөнүп, “Айтканымдан чыкпайт, аны президент кылып коюп, өлкөнү өзүм каалагандай башкарам!” деп Сооронбай Жээнбековго токтолууга аргасыз болот. Президенттикке талапкер болчулардын арасынан башка татыктуусун Атамбаев таба албайт. Токтолгондо да арамдык менен ойлонгону эми ачыкка чыгып отурат. Атамбаев колдогону үчүн эле Сооронбай Жээнбеков президент болуп калган жок. Анда, эмне үчүн кыргыз эли Сооронбай Жээнбековго токтолду? Ушул жагынан саресеп салып көрөйлү. Сооронбай Жээнбеков колхоздун башкармалыгынан баштап, үч ирет Жогорку Кеңештин депутаты, парламенттин төрага орун басары, айыл-чарба министри, губернатор, кадр кызматынын төрагасы, өлкөбүздүн премьер-министрлигине чейинки кызматтардын бардык тепкичтерин басып өткөн, бүгүнкү күндүн өтө тажрыйбалуу жетекчиси. Андан да Оштогу кандуу окуяны токтотууда, кыргыз менен өзбек улутундагыларды жараштырууда, данакерлик кылууда губернатор Сооронбай Жээнбековдун эмгеги чоң эле. Табылды Акеров: “Мезгилинде Жээнбековдун колдоосу болбосо, Убактылуу Өкмөт кулап, Атамбаев жана башка революционерлердин баары камалып кетиши мүмкүн эле” деп айтканында чындык бар эле.

С. Жээнбековдун башкы олжосу, анын карапайым элге жакындыгы, ушул кезге чейин жетекчилик чоң кызматтарда жүрүп, бир дагы коррупциялык иштерге аралашпаганы, баскан-турганы башкаларга үлгү, колунун тазалыгы болду. Алмаз Шаршенович Сооронбай Жээнбековдун ошол сапатын да эске алган. Атамбаев ошончолук эле лидерлик касиети, кадырлуу адам, эл шайлаган президент болсо анда Чүй областынан Жээнбековго көп добуш алып берүү мүмкүнчүлүгү бар болчу. Президенттик кызматта туруп, бардык кызматтарда иштеген командасы туруп Атамбаев Чүйдө Бабановдон утулуп калды. Бир кезде Оштогу кандуу трагедиядан жапа тарткан Оштун элинин жараатын айыктырып коюп, губернаторлуктан ары пенсияга чыгып кетүү кыялында бар, президент болуу деген оюнда жок Сооронбай Жээнбековдун пешенесине Кыргыз Республикасынын президенти болуу вазийпасы жазылыптыр. Президент болуу бул Кудайдан, анан пешенесине жазылган экен. Көптөгөн талапкерлердин ичинен Журт атасы болуу Жээнбековго буйруду.

ХАН ДАГЫ АЙНЫДЫ

Хан туура эмес саясат жүргүзгөн кезде, салыктан башы көтөрүлбөгөн карапайым эл “хан дагы айныды” деп Коконду чабардын алдында ушул сөздү айтып, күргүштөнүп, тоодон түшкөн селдей каптап, ээнбаш өкүмдарды чаап, такка башка бирөөнү отургузуп коюп, кайра өз журтуна кайтып келишчү.

КСДПнын 17-курултайынан кийин гана Атамбаевдин, президент Сооронбай Жээнбековду башкарып, аталык болуп отура берем деген арамза, арам ою, башында эле болгон экенин бүгүн түшүнүп отурабыз. Атамбаев, “Сооронбай Жээнбеков жоош, мен аны каалагандай башкарам! Бул ирет да ажонун тагы меники!” деген арам ою ишке ашпай, чоң жаңылыштык кетирди. Сооронбай Жээнбеков көкүрөгү ток, элдин байлыгына, мамлекеттик казынага сук колун салбай турганын мурунку президент билбегени өкүнүчтүү. Бир тууган Жээнбековдор атасы Шарип акасакалдын “Ач болсоңор да тынч болгула!” деген сөзү менен чоңоюшкан.

Бул ирет Атамбаев да сөзүнөн айныды. Жакында эле СДПКнын 17-курултайы өтүп, анда Атамбаевдин сүйлөгөн сөзү ушул макаланы жазууга себепкер болду. Анткени, аталык боло албаган Атамбаев калпты айтып жатканын түшүндүм. Атамбаев туурасында көптөн бери жаза элек болчумун. Анын, мындайча себеби бар эле. Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп кызматка келгенде, “Бекен, президент Атамбаевди көп эле сындай бербечи. Мен сенден суранам, экөөбүздүн жакшы мамиледе экенибизди да президент билет…” деп айткандан кийин, мен ал туурасында макала жазганды токтотком.

Бир ирет Роза Отунбаева “Ай, Бекен, сен эмне муруңкудай ачуу чындыкты айтып, курч макалаларыңды жазбай калдың, Атамбаев мойнуңду бурап койгон жокпу?” деп генерал Исмаил Исаковдун көзүнчө тамашалап калды. Мен,“Роза эже, менин мойнум жоон. Бурап койгудай Атамбаевдин колунун каруусу жетпейт!” деп тамашалай жооп бердим. Кийин, ошол кездеги Жогорку Кеңештин төрагасы Асилбек Жээнбеков да мени өзүнүн иш кабинетине чакырып “Кечээ президент Алмаз Шаршенович менен жолуктум. Ал мага “Эмне үчүн Бекен Назаралиевди кызматка тартпай жатасыңар? Тарткыла!” деп айтты. Бүгүн, чакырган себебим, “Эркин Тоо” гезитине башкы редактор болуп барбайсызбы?” деп калды. Албетте, мендей оппозициялык маанайдагы журналистти кызматка чакыруунун өзү күтүүсүз болду. Бирок мен, Асилбек Жээнбековго, ”Эркин-Тоо” гезитинде да канча жылдап башкы редактор болом деп үмүт менен жүргөн журналисттер бар. Ошолорго эле буйрусун, мен өзүм башкы редакторлуктан тажаган адаммын… Өзүмдүн “Жаңы Ордо” гезитимде эле иштей берейин. Ырахмат!” деп кыска гана жооп кылдым. Ал эми, Атамбаевдин кандай максатта айтканын мен билбейм. Бул ирет, мени эч ким токтото да албайт. Өз билген чындыгымды жазайын деп чечтим. Менимче туура го.

Алмаз Атамбаев өз сөзүндө азыркы президент Сооронбай Жээнбеков менен жолукканын, “Акыркы жолукканда биз 4,5 сааттан ашык сүйлөштүк. Менин мүнөзүмдү билесиңер. Менин өмүрүмдөгү акыркы 15–20 жыл үй-бүлөлүк-кландык башкарууга каршы күрөш менен өттү. Өлкөдө чыныгы демократия орносун деп күрөштүм. Ошол эмгектерим эми текке кетпесин…” деп журналисттер менен ой бөлүшүп жатат.

Эми, Атамбаевдин 15–20 жыл кайсыл үй-бүлөлүк-кландык башкаруу менен күрөшкөнүн жакшы билбейт экенбиз. Аскар Акаев менен күрөштү эле деп жазсак, анда биз калпычы болуп калабыз. Акаев президент болуп турганда Чыңгыз Айтматовдун артынан ээрчип, “мен дагы кытай уурусунан болом!” деп залкар жазуучунун эшигин жыртып кирип жүрүп, Россиянын туңгуч президенти Борис Ельцинден Кыргызстан жазуучулар союзуна деп алып берген 50 млн рубль акчаны алууга үлгүрөт. Ошол кезде Чыңгыз Айтматовдун папкесин көтөрүп жүргөн Атамбаев ошол акчаны жеке кызыкчылыгына колдонуп жибергени маалым болуп, Айтматов президент Акаевге кайрылат. Ошол акчалардын кай жакка кеткенин далилдеп бергиле деп Акаев Башкы прокуратурага кайрылат. Жөнөкөй эле прокурор кызматчысы суракка чакырганда Атамбаев бийлик менен күрөшпөй эле Түркияга дыргаяктап качып кеткени бар. Бийлик менен күрөшкөнү ушулбу? Бакиевдин убагында аянтта турган оппозицияны сатып, “бийлик менен оппозицияга көпүрө болом” деп Бакиевдин бийлигине сатылып, Атамбаев премьер-министр болгон эле. Пайда көргөн сарттай болуп, бийлик менен күрөшкөнү ушулбу? Анан да уялбастан, “Өлкөдө чыныгы демократия орносун деп күрөштүм” деп айтып жатканына таң каласың. Бир жолу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун кызы “Ата-Мекен” партиясынан ЖКга депутат болгон Ширин Айтматова Атамбаевдин кабыл алуусунда болот. Атамбаевдин, “Сенин атаң Кыргызстанды эмес, өз кызыкчылыгын гана ойлогон адам болгон!” деген сөзүн угуп ыйлап өз баракчасына жазып чыккан эле. Атасынын өчүн кызынан алып жатат. Атамбаев табиятынан өтө кекчил, кежир адам.

А. Атамбаев табиятынан демократ эмес, президент болгондон бери Кыргыз мамлекетинин ичинде Кокон хандыгынын жаңы вариантын түзүп алган. Атамбаев анчалык эле демократ болсо, өзүнүн “жасоолдору аркылуу “Сентябрь” ТВсын, “Вечерный Бишкек” гезитин, “Заноза” сайтын, журналисттер А. Ким, Уран Ботобеков, Нарын Айып, экс-депутат Чолпон Жакупова ж. б. жалданма сотторунун жардамы менен миллиондогон акчаларды моюнга илүү менен басма сөз эркиндигин кысымга алып ооздуктоо менен биздин элибиздин бирден-бир баалуулугу болгон демократияны муунтуп келген адам катары тарыхта калат. Өзүн демократ кылып көрсөтпөй эле койсун.

АТАМБАЕВДИН КАЛПТАРЫ

Экс-президент Алмаз Атамбаев менен жаңы өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков экөө 4–5 сааттык жолугушуу учурунда, ортодо катуу сөздөр айтылганын өзү да айтып өттү. Бирок, кээ бир журналисттерден болгон чындыкты да угуп калдык. Ошол жолугушууда Атамбаев, “Соке досум, Райим “миллионду” камап бересиң!” деп өктөм сүйлөптүр. Ал эми Жээнбеков, “Камасам, шопур Икрамды кошо камайм!” дегенде Атамбаев чалкасынан кетет. Шопурга кылмыш ишин ачса, анда Атамбаевге кылмыш ишин ачуу деп айтууга болот. Бир кезде Атамбаевге шопур болуп, бүгүнкү күндө өзүнчө эле олигархка айланган Икрам Илмияновду камай турган болсо Алмаз Атамбаевдин былыктары, эл алдында чыныгы жүзү ачылат. Учурунда, болбогон айлык маянасын айдан-айга чейин эптеп жеткирип, Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде өлбөстүн күнүн көрүп, өз тиричилигин өткөрүп жүргөн Икрамжан бүгүн Кыргызстандагы өтө таасирлүү, бай адамга айланды. Ал кыска убакытта мынча байлыкты кайдан топтоду? Бул өзүнчө суроо. Ал эмне Чыңгыз хандын биздин жерге көмүп кеткен алтынын таап алды дейсиңерби? Албетте жок! Атамбаев уялбастан Илмияновду көрүнүктүү коомдук саясый ишмер Султан Ибраимовго теңегени элибиздин эсинде. Султан Ибраимов ким да, Икрамжан Илмиянов ким? Ачыгын айтканда, ал Султан агайдын заңына туура келбеген адам экени да белгилүү. Залкар режиссёр Болот Шамшиевдин юбилейине карата «Манас» орденин берип койсо болот эле. Беришпеди. Бирок, Атамбаев шопуру Икрамжанга «Манас» орденин берди. Бүгүнкү күндө дүйнөгө атагы кеткен Болот Шамшиевге караганда Атамбаевдин “казына башчысы” жогору турат.

Атамбаев андан ары өз сөзүндө, “Бажыдан 10 миллиард акча желгендиги боюнча схеманы таптык. Өткөн жылы мен Сапар Исаковдон “Райым миллионду” аталган тармактан бошотууну сурангам. Ал эми 23-ноябрда аны кызматтан бошотту. Мына жакында эле экс-президент Атамбаев сөз кылган, Кыргыз республикасынын Бажы кызматынын мурдагы төрага орун басары Райым Матраимов деле Алмаз Шаршеновичке чоочун адам эмес экенин билдик. Алмаз Атамбаев КСДПнын курултайынан кийин журналисттер менен жолукканда, Райым мырзаны жалпы кыргыз элинин алдында 10 миллиард каражатты жеп салган, коркунучтуу коррупционер катары көрсөтүп сүйлөдү. Андай коррупционерди президент болуп турганда Атамбаев эмне үчүн мыйзам алдында жоопко тарткан эмес деген суроо туулат. Экс -президенттин каралоосуна Райым Матраимов мындайча жооп берип жатып, “2015-жылы бажы кызматынын төрага орун басары болуп дайындалышыма Алмазбек Шаршенович менен Икрам досумдун салымы бар…” “Азия ньюс” гезити 5-апрель (2018-жыл. № –13 (249) Көрсө, убагында Алмаз Атамбаев менен Икрамжан Илмияновдор колдоп, бул кызматка койгону чындыкка чыгып отурат. Райым Матраимовдун Атамбаевге берген жообу,“Алмазбек Шаршенович, бир тараптуу маалыматка ишенип албай, өзүмдү чакырып сураса деле барып, болгон маалыматтарды ачыктамакмын,” деп агынан жарылып отурат. Экс-президент Атамбаев Райым Матраимовдон эмне мынчалык коркуп жатат? Балким, Матраимовдун да Алмаз Атамбаев туурасында билген нерселери көп болуп жүрбөсүн! Ал нерсе бир күнү чыркырап айтылар. Атамбаев менен КСДП партиясына бир тууган Искендер, Райым Матраимовдор бөтөн адамдар эмес экени белгилүү. Анткени, Жогорку Кеңешке, президенттик шайлоолордо КСДПнын талапкерлерине эң көп добуш алып берүү менен Матраимовдордун үй-бүлөсү тикеден туруп бергенин Атамбаев унутса да эл унута элек. Атамбаев журналисттер менен болгон жолугушуусундагы өз сөзүндө “Премьер-министр Сапар Исаков өз ишин аткарып жатат. Мен буга чейин унчукпай келгем. Сапарга да айткам “Сооронбай Жээнбеков сенден улуу адам катары сени бардык маселелер боюнча айыптай баштайт, сен унчукпай эле кой” деп.

Эми, бул жерде да Атамбаев жөн отурбай Сапар Исаков менен Сооронбай Жээнбеков экөөнү бири-бирине кагыштырып, ортосуна шына кагып “Жээнбековго баш ийбей, өз билгениңди кыл, кадр маселеси баары сенин колуңда деп ага жол көрсөтүп, ал эми президенттин укуктары Англия королевасыныкындай эле!” деп каңкуулап жаткандай көрүнөт. Алмаз Атамбаев, азыркы президент Сооронбай Жээнбеков ал ойлогондой жетелеме адам эмес экенин кеч болсо да эми түшүндү. Бул туурасында, Темир Сариев журналист Асланбек Сартбаевге берген маегинде,“Эми, Жээнбековго толук мүмкүнчүлүктү бериши шарт. Мен дайыма айтам, Жээнбеков бир партиянын президенти эмес. Мен сени шайлагам, мен сага жардам бергем деп ага эч ким доомат коё албайт. Ооба, убагында добушуңду бергендирсиң. Бул шайлоо процесси. Бирок, ант бергенден кийин ал президент! Менин досум эле, менин сөзүмөн чыкпаш керек дегенди унутуш керек. Биз укуктук мамлекетте жашап жатабыз. Президент болуп келгенден кийин ал партиянын да мүчөсү эмес, бир партиянын чечимдерин аткара албайт ал. Конституциянын астында ант берген, ошол антын аткарышы парз” деп абдан туура жооп берген.” (“Азия ньюс” гезити 5-апрель 2018-жыл № 13 (249) Темир Сариев өткөн президенттик шайлоодо Жээнбеков менен президенттикке талапкерлигин койгон адам болсо да, саясатчы катары калыстык сөзүн айтып, өз баасын бериптир. Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбековго жасаган мамилелерин угуп отуруп, анын азыр да тактан кете электей, аталыктай мамиле жасаганын элибиз деле байкап отурат. Атамбаевдин бул мамилеси боюнча көрүнүктүү саясий ишмер Феликс Кулов мындай деген: “Эң башкысы – Сооронбай Жээнбековду кемсинтип, анын макамын сыйлабагандык болуп калды. Жээнбековдун өз алдынча жеке пикирин жана позициясын карманып чечим кабыл алышы Алмазбек Шаршеновичтин күчтүү эмоцияга алдырышына түрткү болду” деп туура жазды.

Алмаз Атамбаев президенттик мөөнөтүн аткарып бүткөн соң, камалбай, баштагы ажолордой болуп өлкөдөн качпай, кызматтан тынч кетип жатканына топук кылып, сыйы менен кетиши керек эле.

АТАМБАЕВ ТЫНЧ ЖАТКАН АРСТАНДЫ ОЙГОТУП АЛДЫ

Сооронбай Шарипович менен Алмаз Шаршенович экөөнүн көп жылдардан бери досчулук мамилеси бар экенин элибиз жакшы билет. Сөз сынынан бузулбасын, Сооронбай Жээнбеков табиятынан жолдоштукка бекем, дос дегенди баарынан жогору койгон инсан. Ошон үчүн сөзүнө бекем туруп, жетинчи кабатка чыгып башына таажы кийип, эл берген ажонун ыйык тагына отуруп, президент болору менен Алмаз Атамбаевди “Кыргыз республикасынын баатыры” деп Указга кол коюп, мартабасын дагы бийик көтөрүп, өзүнүн досчулукка бекем экенин, ызаат-сый менен мамиле кыла турганын көрсөттү. Доско болгон сый, урмат ушунчалык болот.

Менин жеке пикирим боюнча, ачыгын айтсам, Алмаз Атамбаев бул мартабалуу баага татыктуу эмес! Анткени, өзү айткандай эки жолу мамлекеттик кандуу төңкөрүш жасаган адамга “Кыргыз республикасынын баатыры” деген эң жогорку наамды кантип беребиз? Көрсө, Алмаз Атамбаев башканы күткөн экен. Шайлоо алдында, азыркы президент Сооронбай Жээнбековду кыргыз элине “байдын кызындай” мактаган ушул Алмаз Шаршенович өзү эмес беле. Азыркы президент Сооронбай Жээнбековду Атамбаев алты жыл бою, мурдуна “чүлүк салган букадай” жетелеп, каалагандай башкарам деген кекселиги ишке ашпай калды. ММК кызматкерлеринин арасында ар кандай сөздөр айтылууда. Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт эмеспи. Чынында журналисттердин билбегени жок. Атамбаев сабырдуулук кыла албады. Резиденцияга “кызуу”, ”алагүү” абалында барган экс-президент Атамбаев, президент Сооронбай Жээнбековду теңине албай, “Мен болбосом президент болбойт элең! Ошон үчүн айткандарымды аткар! “Соке дос!” деп алжактап барып, ойду-тоону сүйлөй берет.

Мындай ормон опуза, кемсинтүүлөргө чыдабаган президент Сооронбай Жээнбеков “Сиз президент кезиңизде ылжып мас болуп, сөгүнгөн учуруңузда да президенттик статусуңузду сыйлап, “ Алмаз Шаршенович!” деп сый-урмат менен кайрылчубуз. Мен сизге Соке дос эмес, жалпы кыргыз эли шайлаган Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков экенимди унутпаңыз!” деген кыязда столду бир муштап, кесе сүйлөгөнү, эки достун кайым айтышкандары бизге да жетти. Атамбаев буга чейин, президент Сооронбай Жээнбековдон сөз менен тумшукка жейм деп ойлобосо керек. Алмаз Атамбаев президенттикке коюп, түштүккө бара албай элдин сүрүнөн коркуп жүргөн кезде Сооронбай, Асилбек Жээнбековдордун командасы Ош, Жалал-Абад, Баткенге чейин түштүктүн элин түрө кыдырышып, мурунку бийликтин адамдарынын каршы болгонуна, элдин сөккөн сөздөрүнө сабырдуулук кылып, ар кандай ыплас сөздөрдү угушуп талапкер Атамбаевге добуш алып берип президент кылганын унутуп калса эстетип коёлу. Жээнбековдордун бири да ал кылган жакшылыгын колко кылышып мактанышкан эмес. Канткен күндө да, эл кадырлаган Шарип аксакалдын тарбиясын алган балдары эмеспи.

Атамбаевдин кадыр-баркы болсо, президенттик шайлоодо Кыргызстандын башка региону эмес, Чүй областында жүрөк жылытар добуш алып бермек. Кыргыз эли өткөн президенттик шайлоодо Сооронбай Жээнбековдун жетекчилик кызматтардагы көп жылдык бай тажрыйбасын эске алып, иш билги жеке тазалыгы, чоң кызматтарда иштеп жүрүп бир дагы коррупциялык иштерге аралашпаганы үчүн карапайым эл чын жүрөгү менен өз добуштарын беришти. Добушту Атамбаев эмес, жөнөкөй эл Жээнбековго анын саясатта булганбаганы, таза экендиги үчүн зор ишеним менен шайлашты. Бул сөздү ачык эле айтып койгонго болот. Белгилүү коомдук саясый ишмер Темир Сариев, “Азия ньюс” гезитине берген маегинде “Атамбаев ачуу сөздөрдү айтып койду. Анын дагы эле президенттиктен кете электиги көрүнүп калды. Бүгүн Сооронбай Жээнбеков президент. Биз мамлекет башчысына сый-урмат менен мамиле кылышыбыз керек. Ага кемсинткендей, үйрөткөндөй мамиле кылыштын кереги жок. Оппозицияда жүргөн адам, жүргөн киши ошентип айтса, биз түшүнөт элек. Бирок, муруңку мамлекет башчынын айтканы опуза болуп калды. Атамбаев көп учурларда ашыкча сүйлөп алат.” деп абдан туура жооп кылган.

Президент Жээнбеков, Атамбаев ойлогондой жетелеме эмес экенин билгенден кийин, кечээ эле мактаган адамы бүгүн жаман болуп калдыбы? Сүйлөгөн сөзүн угуп отуруп “хан чындап айныган экен” деген ойдо калдым. Президент болгон адамдын айтаар сөзү ушулбу? Кантсе да президент болуп хандыктын даамын татып калган Алмаз Атамбаев отурган тактысын “досуна” бергиси келбей, “көшөгө” артында мамлекетибизди Кокон хандыгынын убагындагыдай, жаңы шайланган ханыбызга аталык болуп алып башкара берем деген таттуу кыялы ачыкка чыгып калды. Көрсө, Атамбаевдин “Саясаттан кеттим!” деген сөзүнө ишенип жүрсөк, анын котур ташы койнунда жүрүп, ич күптүүлүгү ичинде тура. Президент Сооронбай Жээнбековдон сөз уккан Атамбаев ар кандай калпты айтууга, актанууга далбастап, “Эми азыр чындыкты айтууга мезгил жетти. Бишкек шаарын күзгү-кышкы сезонго даярдоодогу кемчилдиктер жана ТЭЦтеги авария боюнча кыйкырышканда аларга айткан киши жок. Сапар Исаков премьер-министрдин кызматына 2017-жылдын 28-августунда гана олтурбадыбы. 2016–2017-жылдагы тендерлердин баарын Сооронбай Жээнбековдун өкмөтү өткөргөн. Эми болсо “уурусу күчтүү болсо ээси доого жыгылат” болуп жатышат. Бул элди алаксытыш үчүн жөн эле көтөрүлгөн ызы-чуу деп айтпадым беле. Анткени, ал жерден бир жаңжал чыгып кетсе аны мен тарапка буруп жиберишмек. Угуп койгула, мен баарына жооп берүүгө даярмын. Мен өз мекенимден эч жакка кетпейм.” деп айтты.

Осмонбек Артыкбаев, “2014-жылдан тарта долбоор башталды” деп өзү айтып жатпайбы. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2016-жылдын 13-апрелинде өкмөт башчысы болуп келген. Кыргыз республикасынын президенттигине талапкер катары катталып, кызматтан 2017-жылдын 21-августунда кеткен. Эми, Атамбаевдин “досун” каралап жатканына жол болсун. Бийлик деген бал челектеги асалдай таттуу нерсе болот. Тарыхтын түпкүрүнө көз жүгүртсөк, Кудаяр хан менен анын баласы Насирдин хан да так талашкан. Атасын орустарга сатып, өзү Кокон мамлекетинин ханы болуп, Кудаяр ханды Оренбургга сүргүнгө айдатып жибергени маалым. Атамбаев өзүнүн бийликке болгон ачкөздүгү менен буга чейин “досу” Жээнбеков менен болгон жакшы мамилесин бузуп алды. Ал тургай күчтүү, кубаттуу делген КСДП партиясынын арасына да жарака кетирип, элди экиге бөлүп жиберди. Атамбаевдин президент Жээнбековдун адресине айткан туура эмес сөзүнөн улам КСДПнын Ош, Жалал-Абад, Баткенден келген делегаттары курултай өткөн залдан чыгып кетишти. Ош областынан КСДПнын курултайына делегат болуп келген Кушбак Тезекбаев теледеги өз сөзүндө, “Ф. Ниязов менен А. Атамбаев партиянын сьездин С. Жээнбековго чабуул жасоо үчүн уюштурганы байкалды,” деп абдан туура айтты.

Алмаз Атамбаев байкабай, уктап жаткан арстанды ойготуп алгандай болду. Бул ирет, Сооронбай Шарипович бир адамдын көңүлүн, ага жагынуучулукту эмес, кыргыз элинин эртеңки күнүн, анын бакубат жашоосун, бийликтин элге кызмат кылуусун тандады. Мурдагы президентке Жээнбеков коррупция менен кандай күрөшүү керектигин көрсөтө баштады. Атамбаев болсо көбүнчө өз атаандаштарын камоо менен катуу күрөшкөн. Экөөнүн айырмасы ат менен төөдөй болуп жатат. Ушунча жыл чоң кызматтарда жүрүп, Жээнбеков байлык деп жутунбады. Андан үмүт эткен эл ошон үчүн анын артынан ээрчүүдө. Бул негизинен элдин келечек жашоосуна алган багыт, туура жол деп түшүнөм.

АСИЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВДОН КОРККОН АТАМБАЕВ

Атамбаевдин эч кимге баркы жок, Мискенбаевге күнү түшкөндөн кийин кадыры бүткөн экен деп калдым эле. Бишкекте ар кандай партиялардын нечендеген курултайлары өткөн. Аны чагылдыруу үчүн бизге окшогон журналисттерди чакырып турушат. Жабык эшик артында бир дагы партиянын курултайы өткөнүн көрбөптүрбүз. Алмаз Атамбаев “досун” ормон опуза кылам деп отуруп КСДП партиясынын белин сындырып алды. Эми бул партия оңой менен күчтүү-кубаттуу партия боло албайт. Курултайда оолугуп алган Атамбаев “Сооронбай Жээнбеков президенттикке көрсөтүлгөндө эле мен ага “Асылбек Шарипович мандатын өткөрүп бериши керек” деп айткам. Асилбек Шариповичти сыйлайм, партия үчүн бардык аракетин көрдү. Бирок партиянын үзүрүн ал да көрдү. Депутат, спикер болду. Мага ишенип койгула, Асилбек Шариповичтин парламентте отурушу Сооронбай Жээнбековго тескери гана таасирин тийгизет. Президенттин инисинин депутат болуп парламентте отурганы туура эмес. Ал Сооронбай Жээнбековду угабы билбейм. Жээнбековдун парламентте отурганы Сооронбай Шариповичке жакшы көрүнүп жаткандыр, бирок мунун аягы жакшылыкка алып барбайт.” деп айтты.

Бул жерде Атамбаев жүрөгүнүн түпкүрүндө катып жаткан чындыгын айткысы келбей жатат. Асилбек Жээнбеков бир тууган агасы Өкмөт башчысы болуп келгенде Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп берип, катардагы депутаттардын катарына барып отурганы эсибизде. Ал эми депутаттык мандатын агасы алып берген эмес, шайлоочулар чоң ишеним менен бергенин унутпасак.

Феликс Кулов Асилбек Жээнбековдун мандатын алуу боюнча да көптү көргөн саясатчы катары, “Ал эми тууганчылык маселесине жана бир тууганы Асилбектин депутаттык мандатына келсек, ал агасы Сооронбай Шарипович президент болгонго чейин эле депутат болуп шайланган. Демек туугандарын бийликке аралаштыра баштады деген туура эмес,” деп калыс пикирин айтыптыр.

Бул ирет Атамбаевдин парламентти таратам деген кыялы ишке ашпай калды. Ага депутаттардын арасында чоң кадыр-баркка ээ болгон Асилбек Жээнбеков тоскоол болуп калды деген сөздүн чындыгы бар го. Мисалы белгилүү саясатчы Равшан Жээнбеков, “Асылбек Жээнбековдун парламентте расмий эмес лидер болууга мүмкүнчүлүгү чоң. Ушул нерсе Атамбаевдин командасын коркутат…” “Жаңы Ордо” № 09 (582) 23-март, 2018-жыл.

АТАМБАЕВ АТА-БЕЙИТКЕ НЕГЕ КЕЛБЕДИ?

Ата-Бейит биз үчүн ыйык жер…

Ал жерде кыргыз мамлекетинин пайдубалын курабыз дешип, репрессия учурунда бейкүнөө атылып кеткен көрүнүктүү адамдардын, ошондой эле дүйнө элине таанымал залкар жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун сөөгү жаткан пантеон деп билебиз. Андан башка Атамбаевге окшогондорду ээрчип окко учкан кыргыздын жигиттери түбөлүккө уктап жатышат. Ал жердин ыйыктыгы ушунда. Башка адам Ата-Бейитке келбесе да мейли, бирок Атамбаев башы ооруп, басалбай калып, эптеп жөрмөлөп болсо да “Ата-Бейитке” келишке пенде катарында милдеттүү болчу. Ооруп калыптыр деп уктук. Эмнеден ооруп калганын айтышкан жок. Анысы деле калп экен. Чакырууну алып барган адамдан Атамбаев “Мен кимдин жанында турам?” деп сураптыр. Чакырууну алып барган адам “Протокол боюнча экс-президент Роза Отунбаевадан кийин катарга турасыз…” деп жооп кылат. Чынында кайсы бети менен Отунбаева экөө бир катарда турмак эле?! Алмаз Атамбаев, Роза Отунбаеваны “Өзүн өзү шайлаган президент!” деп Ала-Тоо аянтында жалпы кыргыз элинин, бардык мамлекеттердин элчилеринин алдында “боктоп” алып, эми кантип катарлаш турарын өзү да элестетип көрдү окшойт. Отунбаеванын атын угуп итатайы тутулуп кетери белгилүү да. Роза Отунбаеванын барарын угуп “Ата-Бейитке” баруудан баш тартканын уктук. Отунбаева бул жагынан эркектик кылды. Алмаз Атамбаев Ата-Бейитке Отунбаева же президент Жээнбековдун көңүлү үчүн барбай турганын түшүнбөдү. Ала-Тоо аянтындагы окко учкан балдардын каны менен Атамбаев бийликке келип, өлкө башчысы – президент болгон эле. Мына ошол октон, өлүмдөн коркпогон жигиттердин жаркын элестери үчүн барыш керек болчу. Бул жагынан орус президенти Путин Россиянын кай жеринде трагедия болсо ошол жерге заматта жетип барып, элинин кайгысын тең бөлүшүп келет. Президент деген мына ушундай болушу керек. Жакында эле көптөгөн адам өмүрүн кыйган Кемерового Путин учуп барды. Кырсык болгон Дача-СУга премьер-министр болуп турган Жээнбеков дароо жетип барган эле. Эмне үчүн президентибиз Атамбаев барбады? Ушул да президентпи, ушул да журт лидериби?! Атамбаев канкор деп айтып жүргөн Курманбек Бакиев да, 2008-жылы Нурадагы жер титирөөдө 75 адамдын өмүрү кыйылган жерге дароо жетип барганы элдин эсинде калды. Аман калгандарга тезинен ар-кандай жардамдарды беришип, үйлөрүн салдырып бергени эсибизде.

Ал эми 2016-жылы «Манас» аба майданына жакын Түркиялык учактын Дача-СУда кыйрашы 39 адамдын өмүрүн кыйган. Канчалаган адамдар жабыр тартышты. Ал эми биздин мурдагы президентибиз Атамбаев Бишкектен ат чакырым алыс эмес, «Манас» аба майданына жакын Дача-СУда кыйрап түшкөн «Боинг» учагы канчалаган өмүрдү кыйып кеткен жерге, президентибиз Атамбаев барган жок. Ошол жерде эң жакындарынан ажырап кайгыга тумчугуп, жүрөгү канап, кайгыга батып турган өз жарандарын, жетим калган балдарды бооруна кысып көңүл айтып коюуга жарабады. Кийин эсине келип, каза болгондордун жакындарын резиденцияга чакырып, ошол жерде куран окутумуш болду. “Менин үйүмө кел, куран окутуп коёюн” деген кыргыздын салтында жок нерсе. Ушундай, салт кыргыз элинде бар беле? Бул президент тарабынан өз элин тоготпогондук, кара мүртөздүк деп билем. Атамбаев кандан коркпогон адам, ошон үчүн 2008-жылы анын “Миң адам өлсө да бийликти алабыз” деп айтканын эстеп кеттим. Менин жеке оюмда, Атамбаевдин ичине кичинекей Чикатило кирип алган болсо керек деп ойлойм.

Менин айтар сөзүм калп болбошу үчүн Атамбаевдин дагы бир “досу” Жусупжан Жээнбековдун «Жаңы Ордо» гезитине берген маегинен үзүндү келтирип кеткенди туура көрдүм. Ж. Жээнбеков: “Атамбаев ошол жерде ичип отуруп “Мен керек болсо миңдеген адамды БШКга алып чыгып, кан төгүү болсо да добуштарды санатам,” деп айткан. Сен жарандык согуш чыгарайын деп атасыңбы?! Эмнени көздөп атасың?- десем, “Анча-мынча жертва болсо эч нерсе болбойт”- деп айткан сөзү бар. Аны Азимбек (Бекназаров) да уккан. Мындай сөздү Майлуу-Суу менен Чым-Коргондун жиндиканасында жаткан адам эле айтпаса, соо адам айта турган сөз бекен. “Анча-мынча жертва болсо эч нерсе болбойт” деп Атамбаевдин айткан сөзүн кара. Акылы жайында адам айта турган сөзбү, ушул сөз, Кыргыз республикасын алты жыл башкарган, президент Атамбаевдин айткан сөзү беле? Ушундай эле сөздөрдү айткан Б. Талгарбеков, Б. Асанов, К. Кадыров ж. б. мамлекетти күч менен басып алууга, төңкөрүшкө катышты деп Атамбаев каматып түрмөгө тыгып салды го. Алар деле Атамбаевдей сүйлөсө-сүйлөп койгондур. Андай сүйлөгөн сөздөрү боюнча Кыргызстандын жарымын камап салса болот. Бийликке каршы сүйлөгөндөр өтө көп болуп кетти. Атамбаев такка отуруш үчүн башка бирөөлөрдүн карачечекей балдары анын азгырыгына азгырылып окко учуп өлө берсин, президент болсом мамлекеттин эсебинен үй менен миллион сом берип койсок тынчып калат дегениби? Атамбаевдин тили менен айтканда анча-мынча “жертва” болуп, аягында кан менен бийликке келди. Ушинтип кан төгүү менен падыша болуп такка отурганың курусун! Ошол отурган тагың, жетим калган баланын “аталап” боздоп ыйлаган бир тамчы көз жашына татыбайт. Атамбаев президент болуш үчүн канча адамдардын өмүрүн кыйууга алып барды. Азыркы күндө Бакиевдин учурунда кымбаттады деген электр энергиясын кымбат баада Атамбаевдин балдары сатып отурушат. Ала-Тоо аянтында окко учкан балдардын арбагын сыйлап, элдин ишенимин актап, президент катары толук кандуу иштей алган жок. Алмаз Атамбаевдин анча-мынча жасаган иштерин айтпаганда, ал президенттик мөөнөтүн резиденцияда жатып өткөрүп жиберди. Мен башта да жазган элем, Атамбаевдин Ак үйдүн жетинчи кабатындагы иш бөлмөсүнүн жарыгы кээде гана күйчү. Бийликке алып келген балдардын арбактары үчүн Атамбаев керек болсо Ак үйдө жыйырма төрт саат жатып алып иштеши керек болчу. Көрсө ал, адамдардын өлүмүнөн коркпойт экен. Атамбаев миллиардер, анын шопуру Икрамжан миллионер болушсун деп кыргыздын баатыр жигиттери Ала-Тоо аянтында жаш өмүрүн окко кыйышканбы? Менимче жок…

Атамбаев Ала-Тоо аянтында жаштар окко учуп, канга чыланып жатканда үйүнө кетип калганы өкүнүчтүү. Бул окуя боюнча, Кыргыз республикасынын мурдагы президенти Роза Отунбаева ”Атамбаев “мен ”обезьянникте” отурдум, кийимдерим сасык жыттанып, өзүм да жийиркенип турам, үйгө барып жуунуп, анан кечирээк “форумда” жолугалы деп отурбай, кетип калды” деп маек берди. Ала-Тоо аянтында алар бийликке каршы үгүттөгөн жаштар окко учуп жатышса, Атамбаев эч нерсе болбогондой үйүнө барып жылуу сууга душка түшкөнүнө таң каласың. Ушундай оор учурда, жоопкерчиликтен качкан, адашкан ок тийип өлүп калам деп корккон адам, кантип Кыргыз республикасынын баатыры боло алат? Генерал Өмүрбек Суваналиев да ошол күнү анын үйүнө барса, Атамбаев ФСБнын адамдарына үйүн кайтартып коюп камырабай душка түшүп жатканын айтып берген эле. Жөндөн-жөн эле орустар Атамбаевдин үйүн кайтара бермек беле? Бул кандуу мамлекеттик төңкөрүштү Атамбаевдер Кремль менен чогуу жасашканы эл арасында каңкууланып, кээде айтылып калып жүрөт. Мезгили келет, ал дагы такталат, ачыкка чыгат болсо керек. Атамбаевде кайдыгерлик бар. Алмаз Атамбаевдин оң колу болуп жүргөн Бакыт Бешимов: “Бакиев бийлигин жөнөкөй эл жана Владимир Путин кулатты!” деп “Де-факто” гезитине маек берген. Бешимовдун айтканына караганда, анын бир билгени бар үчүн, бул маселени коркпой айтып жатат. Төңкөрүшкө катыштыгы жок болсо ФСБнын адамдары Атамбаевдин үйүн жөн жерден кайтармак беле. Мен ошол кездеги президент Роза Отунбаева менен маектешкенде бир ачуу чындыкты айтып берди,“Атамбаев 11-июнь күнү күндүзгү саат он бирлерде жумушка келиптир. Ким бар-ким жок, аны караган, сураган киши деле жок, Убактылуу Өкмөт — ​баарыбыз бир команда болуп ошол күндөрү тынымсыз, уктабай иштеп жүрдүк. Бир топ убакыт өткөндөн кийин, ошондо кайда элең, неге келген жоксуң башкалар менен деп сурадым. Атамбаев “мени кайтарган күзөтчүлөр телефондорду өчүрүп, мага эчтеке айтпай, эч кимди киргизбей коюшуптур, мен укпаптырмын, мен уктап калыптырмын” деген шылтоодон башка сөз тапкан жок. Убактылуу Өкмөттүн коопсуздук комиссиясынын башчысы катары бир да жолу Ош, Жалал-Абад областтарына эң оор күндөрү — ​кан төгүлүп, от күйүп жаткан кезде ​барып койгон жок. Деги эле июндун 15–16на чейин дымы чыккан жок. Ал күндөрү Атамбаевди он чакты кишиден турган бригада кайтарып жүрчү, апрелдин башынан эле Россиядан жалданганы анык — ​жалаң орус жигиттер, аскер формасы кара түстүү, мылтыктарын салаңдатып мойнуна асып, адамдарга такап, коркуткансып көтөрүп жүрүшкөн, бир сөз менен айтканда “наемники”  деп айтып берди эле. Роза Исаковнанын айткандары, ошол мезгилдин тарыхый чындыгы деп айтат элем.

Баса, Оштогу улут аралык жаңжал чыгып кеткенде Убактылуу Өкмөттүн бардык мүчөлөрү чогулганда, “дезертирлик” кылып келбей койгон. Ал эми ошол учурда Ош жалындап күйүп, улут аралык жаңжал апогейине жетип, мамлекеттин тагдыры кыл учунда калып, эл октун ачуу жытына уугуп, эртеңки күнү эмне болот деп коркуп турушканда, түнү менен иш бөлмөсүнөн чыкпай, ошол жерде жатып иштеген Сооронбай Жээнбеков болгон. Ошондо Атамбаев кайда эле? Ичип алып кайда уктап жатканы белгисиз болчу. Иттин өлүгү кайда сасып жатат…

КОЙ-ТАШТАГЫ АТАМБАЕВДИН “РЕЗИДЕНЦИЯСЫ”, ЖАНА ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИ КАЙТАРУУ МАСЕЛЕСИ

ММК каражаттарына чыккандай, азыркы күндө экс-президент Атамбаевди он бештей УКМКнын 9-Башкы башкармалыгынын кызматкерлери кайтарып жүрүшөт. Анда ушундай эле, экс-президент Роза Отунбаева болгону үч кайтаруучусу менен коркпой эл аралап жүрөт. Анда Атамбаев кайсы мыйзамдын негизинде өз өмүрүн мамлекеттин эсебинен кайтартып келгенине таң калабыз. Ошондой эле убагында Өмүрбек Текебаев Жогорку Кеңеште көтөрүп чыккан Атамбаевдин Кой-Таштагы менчик “резиденциясын” да УКМКнын 9-башкы башкармалыгынын 45тей кызматкерлери кайтарып жатканы таң калыштуу. Атамбаевдин Кой-Таштагы “Резинденциясындагы” видео көзөмөлдөөчү аппаратуралар да Башкы башкармалыктын эсебинен алынган деген сөздөр айтылып жүрөт. Журналисттер айтса, анда калп айтышпайт го. Атамбаев Кой-Таштагы үйүн кайтаргандарга айлык акы каражатын бизнесмен Атамбаев өзү төлөп жатабы же Кыргыз мамлекетинин эсебиненби? Бул да өзүнчө чоң суроо. Эгерде, мамлекеттин эсебинен, Атамбаевдин жеке менчиги болгон объектиси карапайым салык төлөөчүлөрдүн эсебинен төлөнүп, каржыланып жатса бул коррупциялык көрүнүш деп ачык айтууга болот. Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн кайтарган УКМКнын 9-Башкы башкармалыгынын 45 кызматкерине орточо айына 30 000 миң сом айлык төлөнсө (бир кызматкерге 30 000х12 = 360, 000 миң сом болот) Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн кайтаруу бир жылга 21, 600, 000 сом акча болот. Атамбаевдин бул үйүн кайтарууга кеткен акчанын эки, үч жылдыгына эле бир типовой жаңы мектеп курса болот дешет.

Президент С. Жээнбеков жакында эле өз сөзүндө:-”Мен президент болуп турганда эч качан үй-бүлөлүк же кландык башкаруу болбойт. Мен андайга жол бербейм”-деп айтты.

СОҢКУ СӨЗ ОРДУНА

Ушундай дал келеби…

Төлөгөн Касымбеков “Сынган кылыч” романында жазган ошол кездеги бийликтеги алешемдиктер, хан ордодогу кутумчулук, хандардын эки жүздүүлүгү, бүгүнкү күндүн Ак үйдөгү интригаларын жазгандай болуптур… Ошол кезде чапан кийген, бүгүнкү костюм кийген Алмаз Шаршеновичтин образын издеп таап аласың. Аталарыбыз айтып келгендей, “Аттан түшсө да үзөңгүдөн буту түшпөйт!” болуп Атамбаев кызматтан кетсе да бүгүн дагы кээ бир министрлерди резиденцияга чакыра калып, “арызыңды жаз!” деген сөздөрдү угуп калуудабыз. Атамбаев дагы деле бийликтин тизгинин жаңы президентке бергиси келбей, өлкөдө кош бийликти түзүүдө. Алмаз Атамбаев баштагы президенттердей өлкөдөн качып кетпегенине, камалып калбагына топук кылып, бийлигин “ишенимдүү досуна” тынч өткөрүп алганына Жаратканга миң мертебе деп, элге ыраазычылыгын айтып, гитарасын ойноп тынч жатып эс ала берсе болмок деп айткандар көп. Бийликтин кумары деген керек болсо бир тууганыңдан, шилекей алышкан кан досуңдан да балдай таттуу нерсе экенин, анын даамын Атамбаев эми сезди окшойт. Кызматтан кеткенине ишене албай отурган кези. Атамбаевдин дымагын карап отуруп, Алмаз Шаршенович дагы деле өзүн президент катары сезет окшойт деген ойго кетесиң. Ошол образдан дагы деле чыга албай жатканына күбө болуудабыз.

Т. Усубалиев менен А. Масалиевдер кызматтан кеткенде баштарын бийик көтөрүшүп, элге дароо эле аралашып кетишкенин элибиз дагы деле унута элек. Азыркы журт башкарган азаматтар муруңку муундагы биздин улуу инсандарыбыздан сабак алышса болмок экен.

“Сынган кылыч” романында мындай бир эпизод бар.

“Бир убакта биртке козголуп:

— Эми…”көмөктү” эмне кыласың, Мусулманкул?… — ​деп майышып сурап койду Алманбет. Мусулманкул атыла тиктеди:

— Ордону кайра албайбызбы, аке?

Алмамбет:

— Э-э, болору болуптур, эми тынч жүрө бер да, Мусулманкул. Эмне кыласың элди бөөдө дүрбөтүп?! Чачыңа ак кирди, ордоң оодарылып калсын, эмне кереги бар. Бийликтин эмне кереги бар сага?! Байлыктын эмне кереги бар сага?! Мусулманкул чарт жарылып:

— Ой аке-е! Ой, түркөйлүгүң ай!– деп, каткырып күлүп алды заар аралаш, — ​Киши кийикке гана кереги жок – ордо, бийлик, байлык. А жумуру башка абдан керек да, ку-уп керек да!

Абил:

— Бек ага, — ​деди акырын, — ​балээнин баары бийлик эки бөлүштү болуп турганында го – бириң “хан”, бириң “аталык”. Же кайран Нүзүп агабыз да, мына сиз да “хан” көтөргөн соң, эки тизгин бир чылбырын өзүнө берип коё албадыңар, же ыкыбал келип турганда “мына” деп шар кесип, өзүңөрдү “хан” деп салышка дем кайратыңар жетпеди” деп окуя андан ары улантылат.

Мына ушул жерлеринде, чыгарманын өзөгү, азыркы экс-ажо Атамбаевдин бийликке тойбой, алты жыл көз ачканча шуулдап өтүп кеткенине жан дүйнөсү өрттөнүп, жалындап күйүп, падышанын тагын досуна толук ыраа көрө албай жегени желим, ичкени ириң болуп, эски досунан алыстап, ичинен кан өтүп турган кези.

Акыры, бийликке, казынага тойбогон Мусулманкулдун көзү канга тойду. Азыркы тагдырына ыраазы болбогон, байлыкка тойбогон Атамбаевди да Мусулманкулдун тагдыры күтүп турбагай  эле. Андай болбой эле койсун дейсиң! Кечээ эле “Соке досум” деп шилекейин чачырата сүйлөп, бек кучактаган Атамбаев бүгүн жамандоого өттү. Ушундай да эки жүздүү саясатчы болобу? Жараткан Кудай Сооронбай Жээнбековго сабырдуулукту, чыдамкайлыкты берген экен, азырынча чыдап турат. Эмне болсо да итчилик менден кетпесин дегени го. Мезгилден озунбай күтүп туралычы…

Хан дагы айныды… шайтандын жолуна түштү.

Шайтандын тилине кирбе, таксыр! Шайтандын тили ширин, дили уу. О, таксыр…

Бекен Назаралиев

Булак: «Жаңы Ордо»

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *