Автоунааны айдап качкан жаран кармалды

Милицияга Бишкек шаарынын жашоочусу кайрылып, арызында 25-август күнү “Тайота Королла” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз жарандар жат түрдө ээлеп алганын билдирип, аларга карата чара көрүп берүүлөрүн суранган. Бул туурасында Бишкек ШИИББнин Басма сөз кызматы билдирет.

Биринчи май РИИБнин кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары уюштурулуп, натыйжасында жогорудагы кылмыш ишине тиешеси бар 35 жаштагы С.Ю. жана 23 жаштагы Т.Ю. аттуу жарандар кармалган.

Аталган факты боюнча Биринчи май РИИБнин тергөө бөлүмү Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин (Автоунааны же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) негизинде кылмыш ишин козгогон. Кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери уланууда.

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *