Бакыт Асанов, тамада: “Эл изденүүнү ар дайым талап кылат”

— Тамадалык өнөрбү же кесиппи?

— Тамада деген сөз азыркы учурда эл оозунда абдан кеңири жайылган мезгил. Мисалы тойдун шааниси тамадага көз каранды. Тамада кандай болсо той ошондой болот. “Тамадага ичим чыкпай калды”, “тамада жаштык кылып койду”, “мыкты тамада экен”, “куудул тамада экен” деген жана башка ушул сыяктуу сөздөр абдан арбын кездешет. Негизи тамадалык илгерки жарчылык менен тамырлаш деп ойлойм. Ал эми биз мугалимдикти, дарыгерликти жана башка илимий тармакта иштеген кесипкөй адамдарды кесиптин ардактуу атуулу деп билебиз. Бирок замандын талабына ылайык, тамадалыкты атайы кесип катары алып кетүү мезгилине бара жатат окшойбуз. Кыргызда жакшы кеп бар «Өнөрүң болсо өргө чап» же «жигитке жетимиш өнөр аздык кылат», «Мугалим – мөмөлүү дарак» деген. Демек, элибиз ар убакта өнөр, кесип ээлерин талантына, деңгээлине жараша барктап-баалап алышкан. Айтсак, Тоголок Молдо атабыздын айтып, жазган элдик оозеки чыгармачылыктагы үлгүлөрү азыркы учурда таалим тарбия берүү багытында көөнөргүс мурас болсо, айтылуу Жеңижок атабыз той мааракелерге келип түшкөндө атайы ак өргөө көтөрүп тосуп алышчу дешет. Демек, булар өңдөнгөн залкар инсандарыбыздын бири кесипкөй инсан болуп элдик педагогика менен адеп-ахлакка үндөсө, бири ушул эле багыттагы терме-санат ырларын элдин жүрөгүнө жеткирген ак таңдай төкмө акындар болушкан. Айтайын дегеним, ар бири өнөрүн өркүндөтүп, кесип ээлери жараткан берген талантына жараша адистигин ардактап, өнөрүн өстүрө билсе деп ойлойм.

— Тамада болуу үчүн кызыл тил эле жетиштүүбү же билим алуу да зарылбы?

— «Бир пайыз талант, токсон тогуз пайыз эмгек» дегендей, билим алуу абдан зарыл. Азыркы учурда бул тармакты өнүктүрүү максатында атайы курстар ачылып, окуп жаткандары бизди сүйүндүрөт. Бирок бардыгы тең улуттун уңгусун, чечендик өнөрдүн, кыргыз фольклорунун негизинде окутуп жатат дегенден алысмын. Негизи тамадалыкты аркалап жүргөн адамдар сөзсүз түрдө өз билимине абдан маани бериш керек. Кандай тармак болбосун маалыматтуу болууга тийиш. Себеби көпчүлүк менен жүргөн учурда ар кандай сынга кабылышың толук мүмкүн.

 — Тойдун көркү – тамадабы?

— Ар бир тамада кыргыз улутунун жүзү болуш керек. Тилин, тарыхын, каада-салт, үрп-адатын боюна сиңирген, ар кандай ырым-жырымдарды жакшы билген эрке бала болууга тийиш. Себеби ар бир той бабаларыбыздан мурас болуп келе жаткан салт-санаа, нарк-насил менен коштолот. Ошондуктан бул көрүнүштөрдү көңүл сыртына калтырууга болбойт. Эгер ушундай кырдаалдарда тамада “камырдан кыл суургандай” ар бир тойдун маанисин-шаанисин ачып, той ээсинин алдыга койгон максатына жеткирип, көңүл борборунда болуп берсе, албетте, тойдун ажары ачылбай койбойт.

— Тамадалар той алып баруу менен тажрыйба топтойбу же изденүү кризисине туш болобу?

— Ар бир тармак изденүүнү талап кылат. Канчалык көп той алып барсаң, ошончо тапталасың. Кээ бир учурда бир эле тамада бир үй-бүлөнүн көп тоюн алып барышы мүмкүн. Мындай учурда бир той экинчи тойго окшош болбош керек. Сүйлөгөн сөзүң, кийген кийимиң, кылган оюн-зоокторуң. Мурунку сөздү кийинки жерде кайталоо элди тажатууга алып келет. Анткени эл сенден изденүүнү ар дайым талап кылат.

— Той алып барып жатканда сөз таппай, ой чачырап, сүрдөгөн учурлар болобу?

— Болот. «Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт». Бирок тамада болгондон кийин мындай нерсеге жол бербешиң керек. Кандай болгон учурда да кырдаалдан чыгып, чукугандай сөз таап элдин көңүлүн көтөрүп, маанайды жакшы нукка буруу абзел.

— Элдин сүрү күч дешет. Элдин алдындагы сүрдөө сезимин кантип жеңдиң эле?

— Сүрдөө сезими албетте болот. Болбой койбойт. Бирок бул сүрдөө сезимин жеңүүдө бизди окуткан ага-эжелерибиздин сабагы, теле-радио, театрларга чейин алып барып сабак өткөндөрү чоң сабак болду. Студент кезден бери ар кандай кечелерде, талкууларда, студенттик тегерек үстөлдөрдө ар кандай темадагы ой-пикирлерди ортого салып жүргөнүбүз абдан чоң жардам берди. Мен ар бир тойду алып барууга камданып жатканда толкундоо дайыма болуп турат. Ар бир той мен үчүн чоң сыноо. Чоң сабак. Өзүнчө чыгармачылык. Акындар ыр жазып, ошол ыр элдин жүрөгүнөн түнөк тапканча канчалык тынчсызданса, мен дагы той бүткөнчө ошончолук ойлоном. Ар бир той мен үчүн чоң жоопкерчилик. Кайдигер карасаң ишиң оңунан чыкпай калат. Чакан тойбу, 300-400 кишилик тойбу, сөзсүз түрдө элдин сүрү болот. Элдин сүрү мени дайыма чыйралтып турат. Эгерде өзүңө ишеним көрсөтө албасаң, сүр өз өкүмүн кылбай койбойт.

— Азыр сөздү баалаган, сөз уккан, сөз баккан адамдар жокко эсе деген сөздөр көп айтылып жатат. Тойдо сөзгө көңүл буруу кандай болуп жатат?

— Азыр сөздү баалаган адам калбай калды дегенге кошулбайм. Себебикыргыз эли сөз баккан,сөз баалаган эл. Тойдун жүрүшү да жалаң сөз менен коштолот. Таамай таасирдүү сөзгө эч ким маани бербей койбойт. Берет. Эки ооз сөз менен көп ойду камтыган учурда так жана оюн жеткиликтүү айтканда элдер муюп эле угуп беришет. Кээ бир учурда ой учугу жок, темадан алыстап кеткен учурда укпай коюшкан учурлар кездешет. Мындай учурда тамада ал сөздү бөлүп, эл алдындагы оюн жыйынтыктап айтуусун өтүнүп, болбосо убакытка жараша кадыр-баркын көтөрүп, беделине сөз тийгизбей кырдаалдан чыгып кетиш керек. Негизи кандай той болбосун «бата менен эл көгөрөт» дегендей ар бир сөздүн күчү, касиети бар. Уйкаштык кубалап, жамактап ырга салып кеткендерди мыкты деп, кара сөз, жорго сөзгө келгенде сөзгө чабал экенсиң деген туура эмес. Жүрөктөн чыккан сөз дайыма жүрөккө жетет. Азыркы учурда тилге абдан чоң маани берилип жатат. Анткени жаш муундун тили аргындашып бара жатканын көргөн орто жана улуу муунбу жагынан сабак болуу иретинде атайын изденүү менен келип, тойдо таасирдүү сөздөрдү айткандарына күбө болуп келебиз.

— Тойлордун ашыкча ысырапкорчулук менен өтүп жаткандарын сындап келишет.Тойсуз жашасак байып кетебиз дегенге кошуласыңбы?

— Коомчулукта тойлордун көп болушу элдин капчыгын кагып жатат деген сын-пикирлер айтылып келе жатканы чын.  Албетте, ашыкча ысырапкорчулукту кылган учурлар кездешет. Андыктан айтылган сындын дагы жүйөлүү жактары бар. Ошентсе да кыргызда «оболу элде болсун, элде болсо анан бизде болот» деген кеп бар. Кыргыз эли дайыма кубанычты көбөйтүп, кайгыны көтөрүп келет. Жакшылыгы болсо терисине батпай,  колунда барын элге берип ак бата сурайт. Элибиз алкышын айтып, чын дилинен батасын берет. Биздин өзгөчөлүгүбүз ушунда. Бирок кур намыска алдырып, насыяга акча алып той берүү  туура эмес көрүнүш. Тойсуз жашасак байып кетебиз дегенге кошулбайм. Чакан той жана чоң той, үй той анан ресторандагы той деп бөлүп алганыбыз да туура эмес. Ар бир үй ээси кандай жерде кандай той берсе ал той деп эсептелет. Азыркы заманда баары акчага келип такалат. Ошондуктан ушундай суроо чыгып жатат. Албетте, бери карап күлүп, ары карап ыйлап той берген учурда капчыгың кагылышы мүмкүн. Ошондуктан ар убакта «мурунга карап бышкырып, жылкыңа карап ышкырып» жашаш керек го деп ойлойм.

 Сага кандай той алып барган жагат. Улуттук салттарды кармаганбы же заманбаппы?

— Мага бардык тойду алып барган жагат. Той ээлери тарабынан кээде талаптар коюлат. Бардыгын ыгына жараша алып барууга тырышам. Учурда тойлорубуздун көбү улуттук көөнө баалуулуктарыбызды сактап ар кандай ыры-жырымдарды жасап, «Манас»эпосунан үзүндү айтып, баланы бешикке салып, Умай эненин тилеги аласталып, Бакай атанын батасы, тал чыбыктай ийилген кыргыз бийчилердин коштоосу менен башталып же ачылып, орто жагы замандын талабына жараша ыкка салынып, соңунда кайра аксакалдарыбыздын батасы менен жыйынтыкталып келет.

— Кеп казынаңды кантип байытасың?

— Кесибим филолог. Кыргыз тили жана адабиятынан сабак берем. Биздин кеп казынабызга КУУнун кыргыз филология факультетинин агай-эжелери чоң таасир берген. Албетте, «Манас» эпосунан, элдик оозеки чыгармачылыгыбыздан азыктанып турабыз. Ар бир тамада кыргыз фольклорунан сабак алып турса ашыкча болбойт. Тубаса тапандык, төкмөчүлүгү, жамакчылыгы болсо сөз жок деңизчи, бирок элибиздин муундан-муунга өтүп келе жаткан көркөм чыгармачылыгы сөзсүз түрдө кеп казынаңа жакшы таасирин берет. Жан дүйнөңдү байытат.

Булак: Фабула 

 

Нет комментариев

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *