Видео — Бегалы Наргозуев: Мамлекеттик резиденцияны пенсионер киши пайдаланганга акысы жок

«Экс-перезидент Алмаз Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында КСДПнын партиялык иш чарасын өткөргөнү мыйзамсыз. КР Президентинин Иш башкармалыгы мыйзамды одоно бузуп жатат.  Иш башкармалык мамлекеттик резиденцияны бир партиянын энчисине айландырбаш керек болчу. Партиялык иш чаралар ошол партиянын штаб-квартирасында өтүш керек же фракцияын жыйындар залына Атамбаев өзү келиш керек эле», — деп  билдирди экс-депутат Бегалы Наргозуев «Жалбырак ТВ» каналына.

«Мамлекеттик резиденцияда партиялык эмес, мамлекеттик деңгээлдеги гана иш чаралар өткөрүлүш керек. Эгер мыйзам менен калыс иштеген Иш башкармалыгы болгондо бүгүн “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында КСДПнын иш чарасына келгендерди резиденцияга киргизбей жана жыйындар залын бербей коймок. Ар бир кеткен экс-президент эле өз партиясына лидер болуп шайланып алып, мамлекеттик резиденцияны өз партиясынын менчигиндей пайдаланган прецедент түзүлбөш керек болучу жана мындан ары буга жол бербеш керек. Эгер андай болсо эмнеге экс-президент Роза Отунбаева мамлекеттик резиденцияда Роза Отунбаеванын демилгелери фондунун иш чараларын өткөрбөйт? Андан башка да КР президентинин Иш башкармалыгы экс-президент Алмаз Атамбаевге “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясынын ичинен атайын кабылдама жасап бергени белгилүү. Анда эмне үчүн КР Президентинин Иш башкармалыгы экс-президент Роза Отунбаевага мамлекеттик резиденциянын ичинен кабылдама жасап бербейт? Буга чейин “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында жашаган республиканын экс-жетекчилери Турдакун Усубалиев, Абсамат Масалиев, Роза Отунбаевалар мыйзам боюнча дачаларды гана алышкан, бирок, иш бөлмө, кабылдама же штаб талап кылышкан эмес. Атамбаевге да дача гана берилиш керек. Эгер партиясын 2020-жылдагы парламенттик шайлоого даярдагысы келсе КСДПнын штаб-квартирасына келип даярдасын. Кыргызстанда көп партиялуу система, бардык партиялар бирдей укукка жана шарттарга ээ болушу зарыл. КСДПны КПССке айлантпагыла», — деди Бегалы Наргозуев.

Булак: Жалбырак ТВ

 

1 комментарий

Добавить комментарий

Ваш e-mail не будет опубликован. Обязательные поля помечены *